Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

«Мезгилди жаадай ийген» Калчоро Көкүлов


Акын Калчоро Көкүлов.

Эгемендикке чейин кыргыз маданиятынын гүлдөгөн доору СССРдин өнүккөн убагына туш келди.

Кино, театр, опера жана балет пайда болуп, далай маданият ишмерлеринин жылдызы жанып, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон заманда салттуу музыканын алкагынан чыгып, жаңы аспаптар кошулуп, жаңы агымдар турмушка кирип жатты. Обондуу ырлар жаатында Жумамүдүн Шералиевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун, Асанкалый Керимбаевдин ж. б. ооматы жүрүп, зоболосу бийиктеп жүрүп отурду. Аларга текст жазган акындардын да бир тобунун таланты элге улам жаңы кырынан ачылып, айрымдарынын, мисалы Какен Алмазбековдун ырлары элдик болуп кетти. Ошолордун арасынан кыргыз жаштарынын сүймөнчүгүнө айланган, төрт кишинин башы бириксе эл обон созуп ырдаган ырлардын бири «Жыйырманчы жаз» эле.

Жүрөктөн кирип бойду алган бул ырдын обонун айтылуу композитор Түгөлбай Казаков жазса, тексти Калчоро Көкүловго таандык болчу. «Жыйырманчы жаздын» илеби дагы эле кимдин болбосун жүрөгүн жылытып келет. Ырас, андан бери доор алмашып, заман өзгөрдү.

*************************************************************

Шарт ушул - бири билбей, бири билип,

Шашылып бири чыкса, бири кирип.

Бул турмуш чамгарагын атып турду,

Бул дүйнө жүрүп турду чимирилип.

Бирибиз алыс кетип атагыбыз.

Бирибиз азга жетпей капалуубуз.

Ашууну болжоп атсак да бирибиз,

Агарды бирибиздин сакалыбыз.

Бирибиз арамдыкка жоро болуп,

Бирибиз арсар ишке жолободук.

Бул жашоо бир жаңырып, бир эскирди,

Бир ушул дүйнө турду тоголонуп.

Аргымак атты миндик азанатып,

Аш бердик, той чакырдык казан асып.

Бирибиз арыш керсек оомат тилеп,

Бирибиз аксап турдук жаза басып.

Бирибиз, жолдо калдык тебеленип,

Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.

Бир гана аалам турду ала салып,

Бир гана дүйнө турду тегеренип... (К. Көкүлов)

Акын Калчоро Көкүлов 1977-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келатат. Анын алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн. «Мезгил ыргактары», «Аптаптуу айыл», «Дүйнө күн » ыр жыйнактарынын автору. «Турмуш күүлөрү», «Эски там», «Байыш», «Чырбаш балбан», «Оомат» аттуу эссе, аңгемелери бар. Адабиятка опол тоодой салым кошсо да атак-даңкка жулунбаган, жөнөкөй, карапайым, токтоо мүнөзүнөн жазбаган акындын ырлары турмуш шары менен кошо окурмандардын жан дүйнөсүнө өчпөс из салып келет.

- Менин байкашымча сиз философиялык тереңдиктеги социалдык темаларга багытталган ырларды көбүрөөк жазасыз. «Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт» дегендей азыр заман оодарылганына жүрөгүңүз жарылып, ырларыңыз ошондон улам жаралып жатабы?

- Акын ой-кыялын терең чагылдыра билиши зарыл. Өлкөдө бир жан кейитерлик маселе болуп жатса адамзаттын баары кейийт. Учурда коом кризисте турат. Кыргыз коому терең кризиске батты. Кадрлар тарбияланбай калды. Элге башчы, чарбага башчы жок. Мен өлкөбүздүн абалын сыркоолоп турган адамга окшоштурам. Сыркоологон адам жанынан башка эч нерсени ойлобой калат. Ким эмне десе баарын жасай берет.

Кыргыз эле эмес, башка эл деле табиятынан акылман болот, сезет, аңдайт. Кичинекейинен ошол чөйрөдө өсөт. Бирок азыркы заман - илим-билим заманы. Адам эң негизгиси билимдүү болушу зарыл. Кайсы тармактагы адам болбосун билимдүү болушу керек. Билимдүү адам жасап жаткан ишин сапаттуу жасайт. Биздин билим берүү системабыз начар. Чоң мамлекеттер көп нерсени көтөрө берет. Бизге окшогон аз эл өлөрмандык, өжөрлүк менен билим алып, мамлекетти сакташыбыз зарыл. Мисалы, биздин убакта Айтматовду окубаган киши интеллигент эмес болчу. Анын чыгармаларында ыйман, ынсап жатат. Чыгармачылык тарабынан алганда деле абдан солгундап кеттик. Биз азыр акындар Жолон Мамытов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова, Сооронбай Жусуевдей боло албай жатабыз. Ал учурда ар кандай акындар кошулуп өздөрүн өстүрүп ак ыр жазып, чоң адабий процесс бар эле. Кадыркул Даутов сынчылык жактан сындын «могиканы» эле.

******************************************************

Оо көсөмдүк, сага чексиз ыракмат,

Сенден өткөн адемилик кайда бар.

Сен болбосоң көргөнүбүз көр болуп,

Көсөмсүнүп турмак экен майдалар.

Оо тереңдик, сага чексиз ыракмат,

Сага мүлдө аалам бүткөн карыздар.

Сен болбосоң деле эч кимди теңсинбей,

Тереңсинип турмак экен тайыздар.

Оо бийиктик, сага чексиз ыракмат,

Сен бар үчүн мамиле бар, катыш бар.

Сен болбосоң кадам сайын чалынып,

Бийиксинип турмак экен жапыстар.

Оо батылдык, сага чексиз ыракмат,

Сен бар үчүн үмүт, тилек, максат бар.

Сен болбосоң карайлатып бүт баарын,

Батылсынып турмак экен акмактар.

Оо кенендик, сага чексиз ыракмат,

Даба болгон бир өмүрдүн кушуна.

Жарыштырып жакшы менен жаманды,

Жараткандын калыстыгы ушу да.

Бирин эски, дагы бирин жаңы деп,

Бирде тынып, бирге кайра жан үрөп.

Өөдө-төмөн, өлдү-талды күн менен,

Өмүр өтүп атканына канимет... (К. Көкүлов)

- Улуттун тагдыры сиздин тынчыңызды алып жатабы? Негизи заман кайда бара жатат? Өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга көз карашыңыз кандай?

- Кризиске келип такалдык. «Коррупция» деген сөздүн мааниси латын тилинен которгондо «бузулуу» дегенди түшүндүрөт. Мисалы, эттин, тамак-аштын бузулуп кетиши. «Акча жеди, антти-минтти» дегени - жөн гана белгилери. Андан жаа боюу качуунун ордуна биз аны «коррупциялашкан өлкөбүз» деп өнөр кылып алдык. Жанагы президенттердин алмашуусу - ушунун баары коомдун оорусу. Түптөлгөн, тамырлашкан нерсебиз жок болуп жатат. Сүйлөсөк эле мактанып, ай-асманды айтабыз, ошол нерсе мага жакпайт. Бардык нерсе генетика боюнча кандан-канга өтө берет, улам жаңырып, жаңыланып турат. Адам баласынын табияты прогресске жакын, ал өнүгө берет. Азыр турмушубуз жакшы болгону менен колдонгон нерсебиздин баарын (электроника, телефон) Кытайдан алабыз, мажирөөлүк кылып жатабыз. Өзүбүздүн чарбабызды өзүбүз түздөй албай жатабыз, жолдорубузду сала албай жатабыз, ЖЭБдерибизди оңдой албай жатабыз. Көп жагынан аксап жатабыз. Кичинекей эл кичинекей эле ойлонот экен. Мисалы, «Малахов минтип койду, кечирим сурасын», «Саламат Садыкова нарындыктарды минтип айтты, кечирим сурасын», «итке калпак кийгизишти, кечирим сурасын» деп ыйлактай беребиз, чоң элдер мындай нерселерге көңүл да бурбайт. Мактанчаактыгыбыз бар, жаш бала мактанат го, ошол сыңарыбыз, кичинекей эл, кичинекей эле ойлонот турбайбызбы.

Адам коому дарак өскөндөй өсө берет. Биз ошол коомго ылайыктуу өз тамырыбыз, бере турган данегибиз болушу керек, ушул нерседен өксүп жатабыз. Калп сүйлөбөй, адал, ак жашап, ыймандуу болуп, башканы сыйлап, урматтасак, адептүү болсок, жасап жаткан ишиңди туура, так жасасаң - ошол гана адамды көтөрүп өстүрөт, адам аң-сезимдүү ойлонсо, билим алса мамлекетти өнүктүрөт.

*********************************************************

... Сүй деди тагдыр, сүйбөдүм,

Күй деди тагдыр, күйбөдүм.

Буладай сырын чубадым,

Булуттай көчкөн дүйнөнүн.

Кемели кетип толкуган,

Келечек күмөн, жол туман.

Кыйырын ченеп кылымдын,

Кыйсыпыр түшүп олтурам.

Мезгилиң турат чиренген,

Мээнетиң турат тирелген.

Ар-намыс менен айкөлдүк,

Алп Манас менен бир өлгөн.

Айдыңың калып гүл өнгөн,

Асманың калып түнөргөн.

Адилдик, актык, аруулук,

Айтматов өлгөн күнү өлгөн.

Мезгилди жаадай ийбедим,

Мээлеген тушка тийбедим.

Атаңдын көрү, замана,

Атаңдын көрү, дүйнө күн !!! (К. Көкүлов)

*********************************************************

- Мен билгенден түбөлүктүү темалар: өмүр, өлүм, сүйүү туралуу жазган ырларыңыз басымдуу. Деги эле ырды качан, кайсы убакта жазасыз?

- Ырлар деген кызыктай нерсе. Өзү келет, жолдо бара жатканда, автобуста кетип жатканда, ыр келгенде бир сап же бир сөз болуп келе берет. Ошону олтуруп кагазга түшүрөм, саптарын алмаштырам. Ыр даяр болгуча тынбай каласың, ошону эле ойлой бересиң, Мисалы, көчөдө бара жатканда жакшы таанышың алдыңан чыгып калса аны деле көрбөй каласың, сап кубалап, ой кубалап каласың. Мен ошондой болуп каламын. Көргөнүн эле шуулдатып жазып койгондор бар. Мисалы, Жедигер көргөнүн эле тизип жазып коёт, Шайлообек сүрөтчү, ырларын окусаң картина турат. Шабдан Сулаймановдун ырларын окуп алып, «ой, бул сүрөтчү экен» деп таң калсам, ал өзү да сүрөт тартат экен. Ырда адамдын табиятында эмне болсо ошол чыгат экен. Мен жаш кезде ырды бир олтуруп жазчумун, азыр оңдоймун.

- Сиз жазган сүйүү темасы мага түгөнбөс темадай сезилет. Акындар жаш кезинде сүйүп жалындап жазгандарын айтышат. Сиз сүйүү темасын кандай учурда жазасыз? Сүйүү ырларына болгон мамилеңиз жаш кезиңизден бери өзгөрдүбү?

- Лирикалык саптардан окуп берейин:

Жаз жөнүндө оңой бекен ыр жазыш,

Жан дегдетип жакшы жолдон жазгырып,

«Жаз жөнүндө ыр окуңуз, агай» дейт,

Бир сулуу кыз тулку бою жаз туруп.

Сага рахмат, чын дилимден, карындаш,

Ыр бар бекен көңүлүңдө калчу ушу?

Ушул көктөм - көкүрөктүн көксөөсү,

Ушул жамгыр - карегимдин тамчысы.

Милдетим бар жаз жөнүндө ыр жазыш,

Кезегинде мага чачкан чачыла.

Качандыр бир сулуу кыздар ыр уккан,

Каректери сеникиндей татына.

Милдетим бар жаз жөнүндө ыр окуш,

Антип мени айыптуудай тиктебе.

Бермет сымал ырымды уккан кыздардын,

Белдери да сеникиндей ичке эле.

Сага рахмат, чын дилимден, карындаш,

Ыр бар бекен көңүлүңдө калчу ушу?

Ушул көктөм - көкүрөктүн көксөөсү,

Ушул жамгыр - карегимдин тамчысы.

Мен азыр кээде сүйүү ырларын жазып, жарыялагандан тартынамын. Жашым да келип калды. Өзүм аксакал киши болсом...

- Учурда акындардын чыгармачылыгында тема, мазмун тарып кеткен жокпу? Поэзиянын масштабдуулугу, теманын көп түрдүүлүгү жашап жатабы? Деги эле жаштардын чыгармачылыгына деги эле бүгүнкү кыргыз поэзиясына байкоо салып жатасызбы?

- Адабиятта жаштардын чоң дүбүртү келе жатканын байкап жатамын. Поэзияга, турмушка ак көңүл, сезимтал мамиле кылган жаштар бар. Эми баарынын атын айтсам бирөө аталып, бирөө аталбай калат. Мисалы, раматылык Элмирбек Иманалиев чоң-чоң ойлорду айткан залкар болду. Ал эми Аалы Туткучевде сөздү кынаптаган, зергерлик сапат бар. Мен эми төкмөлүк өнөрдөгү акындар тууралуу өзүмдүн байкаганымды айтып жатамын.

Бизден кийинки келе жаткан жаштарда изденүү бар. Балким таасирленүү бар. Чечекейдей кылып ырларды жазып жатышат. Бир жолу ыраматылык Зайырбек жолугуп айтып жатпайбы.

«Агай, мен сизден интервью алайын дедим эле», - дейт. «Эмне деген интервью аласың?» - десем: «Жоголгон муун деген», - дейт. «Ал кандай жоголгон муун?» десем: «Мына, сиз, Айгүл Узаковалар «жоголгон муунга» киресиздер» дейт. «Макул» дедим. Ошол боюнча бир топ убакыттан соң дагы бир жолу жолугуп, ушул эле суроону берди, дагы «макул» дедим. Анан дагы бир жолу айтты. Анан мен: «Зайыр, бери келчи. Мына, «жоголгон муун» деген силер болосуңар, билим деген, интеллект дегенден эч нерсе жок» десем, ошондон кийин такыр келбей калды. Анан мен чалып: «Зайырбек, сени тамашалаганмын, кел, экөөбүз сүйлөшөлү», - деп, анан маектешкенбиз. Ал убакта «Фейсбукка» кирчү эмесмин да, ошондон улам ойлосо керек Зайыр, «жоголгон муун» деп...

*************************************************************

ЗАЙЫРГА

Бул дүйнөдө түгөйлүү бар, жалкы бар,

Бул өмүрдүн алды менен арты бар.

Өзөк өрттөп жүрүп турган жашоодо,

Өмүрдүн да, өлүмдүн да шарты бар.

Атаң көрү, пенде жолу жар, туман,

Кимдер келип, ким кетпеген калкынан?

Төрөлчүлөр менен бирге төрөлүп,

Өлгөндөрдүн өлө албайсың артынан.

Бермет, каухар, жакут кийген дүйнөнүн,

Бермет, жакут, каухарына күйбөйдүң.

Безеленип ырга салып калкым деп,

Бечаранын бечелдигин сүйлөдүң.

Жаным күйүп жанып турам сага мен,

Жарык күндүн шооласындай бала элең.

Жаткан жериң жайлуу болсун, кантейин,

Жанып-күйүп жазган ырың мага дем.

Бирин үзсө бириңерге жөлөнөөр,

Бир бутактын эгиздери элеңер.

Бир-бириңе киндиктештей туташып,

Бир чөктүбү сүзүп жүргөн кемеңер?

Бул жашоодо эски менен жаңы бар,

Бул жашоонун карасы бар, агы бар.

Жаратканым ыйманыңды кабылдап,

Жаннат нурдан жайын тапсын жаныңар.

Бир мезгилдин берендери болдуңар,

Бир бөксөрүп, кайра бирге толдуңар.

Атаганат, бул бейдабаа ааламда,

Ажалдын да, армандын да орду бар... (К. Көкүлов)

*****************************************************************

- Агай, кээ бир замандаштарыңыз сизди татаал адам катары айтышат. Ырларыңыз башка, өзүңүз башка адамсызбы?

- Менин кебетемди көрүп турбайсыңбы? Толук кишилер ачык, жайдары болот. Жанагы арык, тырчыйган кишилер ошондой татаал болот. Көп учурда мен жаштарга сын айтып жиберем. «Мындай бол, андай бол» деп. Кийинки муун жакшы болсо экен, түз жүрсө экен деп айтып жиберсем ошентип ойлоп калышат го...

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG