Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

"Аалам рухтун пайгамбары болсун" деп...


Калчоро Көкүлов.
Калчоро Көкүлов.

Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элиндеги орду жана вазийпасы тууралуу белгилүү акын Калчоро Көкүловдун ыр түрүндөгү ой толгоосу.

Алаарынан берери көп кыргызга,

Акылынан “өнөрү” көп кыргызга.

Адыраңдап эч нерсени аңдабай,

Али дагы көрөрү көп кыргызга,

Дооларынан карызы көп кыргызга,

Доллар алса пайызы көп кыргызга.

Темтелеңдеп басар жолдон адашкан,

Тереңинен тайызы көп кыргызга,

Жегенинен кусканы көп кыргызга,

Жек-жаатынан душманы көп кыргызга,

Жарык күндө жатып-туруп ныксырап,

Жасагандан бузганы көп кыргызга,

Күлүгүнөн чобуру көп кыргызга,

Күзүрүнөн момуну көп кыргызга,

Күпүлдөгөн уулу чыгып эл жегич,

Күйө турган жоругу көп кыргызга,

Жарыгынан иңири көп кыргызга,

Жарагандан чириги көп кыргызга,

Жакшылары жарталаңдап жан кечти,

Жасагандан бүлүгү көп кыргызга,

Кылганынан былыгы көп кыргызга,

Кырманынан чыгымы көп кыргызга,

Бүкүлүдөн бүлүнгөнү анча арбын,

Бүтүнүнөн сыныгы көп кыргызга,

"Жалгыз туруп жасаганы миңге тең,

Жалгыз туруп жарык чачкан күнгө тең.

Уулу болуп улут атын таанытчу,

Ушул элге керек го", деп "бир көсөм",

"Анда-мында кайрат кылып жүрсүн" деп,

"Аалам-айга айбат кылып жүрсүн" деп.

"Көңүлүнө тумар кылып жүрсүн" деп,

"Көтөргөнгө байрак кылып жүрсүн" деп,

"Аз эл экен, араң чыккан санактан,

Аз эл экен, араң кетип бараткан.

Аалам рухтун пайгамбары болсун" деп,

Айтматовду бериптир да, Жараткан...

Калчоро Көкүлов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG