Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:09

Эсен болуп, эстей жүр!


Чыңгыз Айтматов.

Жалалабаддык орус тил мугалими Эсен Рыскуловдун Айтматов тууралуу эскерген маеги.

Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумунун орус тили жана орус адабияты боюнча окутуучусу, жетимиш жаштагы Эсен Рыскулов кезегинде Чыңгыз Айтматовдун Фрунзе шаарында өткөрүлгөн элүү жылдык мааракесине катышкан.

Ал азыр улуу жазуучу менен өзү Компартиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин партиялык кабинетинин башчысы болуп иштеп жүрүп, 1979-жылдын февраль айында Жалал-Абаддын тарых музейинде учурашканын эскерди.

- Күндөрдүн биринде телефон чалган партиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин үчүнчү катчысы Абдыкасы Исаковдон Чыңгыз Төрөкулович балдары менен Жалал-Абад курортуна түнөгөнүн уктум, - деп кеп кезегин баштады Эсен агай окуу жайынын бир бөлмөсүндө өз эскерүүсүн. - Исаков мага жазуучу менен жолугушуу уюштурууну табыштады. Тарых музейине шаардагы А. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын студенттери менен турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү комбинаттын кыз-келиндерин чакырттык. Эртең мененки саат тогуздарда меймандар курорт жактан эки жеңил автомашина менен түшүп келишти. Алдыда жүргөн “Волга” автоунаасында Чыңгыз Айтматов менен Ош обкомунун катчысы Барпы Рыспаев олтуруптур. Арткы “Волгадан” Чыкенин эки уулу – Аскар жана Санжар түштү. Меймандарды чогулган кыз-келиндер, студенттер кызыл-тазыл гүл, жагымдуу музыка, өзгөчө шаан-шөкөт жана дүркүрөгөн кол чабуулар менен кызуу тосуп алды. Эстен чыкпас бул салтанатта Жалал-Абадда “Жеңижок” атка конгон акын Асанбай Жусупбеков да жүрөт. Асакең Чыкеге арнаган өз ырын көркөм окуп, көңүлдү көтөрдү. Муруту жарандык согуштун баатыры Чапаевдикине окшош Асанбай, Чыке менен чыгармачылыгы камыр-жумур болгон, жакшы тааныш тура! “Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок” дегендей, ал Жеңижок аттуу Өтө Көкө уулунун ырларын ийнедейинен өйдө топтоп, Фрунзе шаарынан өзүнчө китеп кылып чыгарууда залкар жазуучу менен далай кеңешип, китепке баш сөз да жаздыртып алган.

Чынгыз Төрөкуловичтин эки уулу менен тарых музейине токтогондугунун өзүнчө себеби бар болуп чыкты. Анысы кездешүү учурунда билинди. Анткени, Эл жазуучусунун атасы Төрөкул Айтматов Москвадагы “кызыл профессура” институтунда билим алууга аттанганга чейин партиянын Жалал-Абад кантонунда экинчи катчынын кызматын өтөгөн. Демек, Төрөкул аялы Нагима Айтматова, тун уулу Чыңгыз жана калган балдары менен аз убакыт болсо да, Жалал-Абад шаарында жашаган болуш керек. Бул калаанын мэриясынан башталган борбордук бир көчөсүнө Н. Айтматованын ысымы коюлган.

Тарых музейинде Чыкенин ата-энесинин өмүр баяны менен ишмердүүлүгүнө арналган атайын бурч уюштурулуптур. Ага алардын колдонгон буюм-тайымдары да коюлган. Чыңгыз Төрөкулович зор ынтаасы менен ал бурч-музейди кыдырып чыкты. Өз ата-энесине багышталган бурчту көрүп жатып, стол бетинде турган көк карточканы алды да, музейдин башка кааналарын кыдырып жүргөн уулдарын чакырды. Калганын Асанбай акындан уксаңыз керек... Ошол көк карточканы Чыкени узатып чыккандан кийин мен да кармалап көрдүм.

Эсен Рыскуловдун жеке архивинен алынган сүрөт.
Эсен Рыскуловдун жеке архивинен алынган сүрөт.

Тарых музейинде Чыкенин катышуусунда жолугушуу өттү. Педагогикалык окуу жайдын студент кыздары жазуучудан кол тамга алганы анын ар кайсы жылдары жарык көргөн жыйырмадай китебин көтөрүп келип калышты. Адам көп. Чыңгыз Төрөкулович окурмандарга автограф берип, өз китептерине кол тамгасын коюп жатканда тоскоолдук жаралбашы үчүн шааркомдун үчүнчү катчысы Абдыкасы Исакович: “Сен каалганын жанынан жылба. Чыке менен саламдашууну, сүйлөшүүнү, сүрөткө түшүүнү каалаган инсан сан миң. Убакыт чектелүү. Алардын баары кире берсе, бөлмө топурап, чакчелекей түшөт. Чыңгыз Төрөкуловичке да уят болобуз”, - деп акыл үйрөттү.

Залкар жазуучуну айланчыктап жүргөн журналисттер, телеканалдар менен радиолордун, гезит-журналдардын кабарчылары көпөлөктөй чарк айланып жүрүшөт. Ал жерде мага эшик ага кызматында болууга келди. Студент кыздар жазуучунун кол тамгасын алып, сүйүнүчтөрү чексиз. Чыңгыз Айтматов орундукта отуруп алдына үйүлгөн өзүнүн китептерине кол тамга коюп жаткан мына бул сүрөттө сол жактан жылаңбаш, биринчи тике турган мен, эшикти калкаладым. Ортодо тумакчан - Барпы Рыспаев, анын жанында Чыкенин кайсы уулу экенин азыр ажырата албай атам, же Аскар, же Санжар...болуш керек.

Бул сүрөттүн тарых-таржымалы мына ушундай".

Жарым кылымдык мааракеде

Чыңгыз Төрөкулович Жалал-Абаддагы курортко кийин Ноокен, Базар-Коргон райондоруна бөлүнүп кеткен эски Ленин районундагы шайлоочулары менен жолугушууга бараткан кезинде конгон экен. Анда ал пахтанын мекени болгон ошол чоң райондон СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Кийин да ал жерден СССРдин Улуттар Советине депутат болгон. Ал жылдары партиянын Жалал-Абад шаардык комитетинде да бирден-экиден гана өтө билимдүү кыргыз жаштары иштээр эле, калган кызматтарга жалаң орус улутундагылар коюлчу.

- Кыргыздардан буга чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеген Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков – Жалал-Абад шаардык комитетинде партиялык-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жана шаар парткомунун бюро мүчөсү, үчүнчү катчы – Абдыкасы Исаков, анан мен... – дейт Эсен Рыскулов.

Анын Кыргыз Мамлекеттик СССРдин 50 жылдыгы атындагы университетте окуп жүргөндө да аталган жогорку окуу жайынын орус тили жана адабияты факультети уюштурган Ч. Айтматовдун бир нече жолугушууларына кыргыз, орус филология, чет тили факультеттеринин студенттери менен бирге катышып калган жайы бар. Жазуучу менен учурашууну ал кезде орус филфагында иштеген М. Рудов аттуу профессор-окутуучу КМУнун жыйындар залында уюштуруп, өткөрөөр эле. Мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы орус драма театрына Ч. Айтматовдун ысымы жөн жеринен берилбесе керек.

Давид Кугультиновдун арманы

Эсен Рыскулов 1978-жылдын декабрь айында Фрунзеге, партиялык иштер боюнча квалификацияны жогорулатуу курсуна барат. Ал жерде Чыңгыз Айтматовдун элүү жылдык мааракесине туш келет. 12-декабрда борборубуздагы Улуттук опера жана балет театрында белгиленген жазуучунун мааракесин Кыргызстан Компартиясынын экинчи катчысы Кеңеш Кулматов алып барган экен. Ардактуу президиумда үч адам – Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов жана Кеңеш Кулматов олтурган. Кулматов алгачкы сөздү мейман катары салтанатка ыраактан чакыртылган калмык акыны, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Давид Кугультиновго узатты. Ошондо ал, Эсен агайдын эскерүүсү боюнча, өтө толкундануу менен:

- Кичинекей, белгисиз, эч ким билбеген тоолор арасындагы республикадан дүйнөгө таанымал, чоң, таланттуу, бардыгы билген улуу жазуучу чыкты. Көрсө, таланттардын уюткусу кичинекей элде болот экен. Улуу урматтуу Чыңгыз, сага миң эсе таазим кылам!.. Сага ракмат! Сен кандай гана бактылуусуң!.. Сен кандай гана кадыр-барктуусуң!.. Сен бүткүл Советтер Союзуна, бүткүл дүйнөгө таанымалсың, белгилүү жазуучусуң!.. Сенин өлкөңдө баары бар: Улуттук илимдер академиясы, Улуттук филармония, Улуттук опера жана балет театры, өз эне тилиңерде илим-билим берген жогорку окуу жайларыңар, улуттук тилиңер, гезит-журнал, китебиңер,теле-радиоңор бар! А бизде.. Калмыкияда анын бири да жок.., - деп, Кыргызстан сыяктуу өзүнчө өлкө боло албай калганына, ата мекени Калмыкия Орусия Федерациясындагы автономдук республикалардын бири бойдон кала бергенине өкүнгөндөй сүйлөгөн.

Күттүргөн кол тамга

- Залкар жазуучунун Фрунзе шаарында салтанаттуу өткөн жарым кылымдык тоюнда сөз Германиядан келген окумуштууга, андан соң Орусиядан чакыртылган таанымал киноактер менен актрисага берилет. Алар да Чыкени эр ортону элүү жашы, мааракеси менен куттуктап, чыгармаларына зор баа беришип, каармандарына таңданышканын жашырышкан эмес.

Мен да ошол опера жана балет театрында орус тилинде жарык көргөн чыгармаларынын бир томдугуна Чыңгыз Төрөкуловичтин өз колу менен автограф жаздырып алдым, - деген улгайган окутуучу Эсен Рыскулов Чыңгыз Айтматовдун бүткүл чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде окуп чыккан. А түгүл Жалал-Абаддагы маданият техникумунун студенттерине да Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу жөнүндө, “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Жаныбарым, Гүлсары”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Мен Тянь-Шань” повесттери, “Бороондуу бекет”, “Кылымдан да узак созулган күн”, “Кыямат” өңдүү романдары менен “Ботогөз булак”, “Сыпайчы” аттуу аңгемелери боюнча сабактарды, атайын талкууларды, алейне жыйындарды өткөргөн. Булар не деген, өлбөс-өчпөс керемет чыгармалар. Окуган сайын кайра эле өзүнө сыйкырсыз тарта берген адабий мурастар....

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист, Жалал-Абад шаары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG