Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:28

Айтматовду түшүмдө көрдүм


Чыңгыз Айтматов.

Өзүм кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болгондуктанбы же бала кезден Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына сугарылып чоңойгондуктанбы, айтор Айтматов - мен үчүн бүтпөс бир ДҮЙНӨ.

Мектепте иштегениме жыйырма жылга чукул болду. Азыркы талапка жараша коомчулукта өтө керек болуп жаткан мамлекеттик тил боюнча адис болуп, кош кызматта да иштейм. Далай жолу ушул кызмат боюнча башка жактарга да жумушка чакырышты, бирок мени “Айтматов кетирген жок”.

Дегеним, ар бир жолу маяналуу жумушка чакырышканда өзүмө-өзүм кобурайм: "Айтматовду кимге айтып берем? Айтматовду мен балдарга айтпасам ким айтат? Балдардын жүрөгүнө “Айтматов” деген ДҮЙНӨНҮ ачып беришим керек!" дейм да, мектептен кете албайм.

Айтматовдун бир да чыгармасын калтырбай окуп, андагы каармандарды балдарга жеткире тааныштыруу - мен үчүн рахат, ар дайым Айтматовдун китептерин тез-тез окуп, дем-күч алып тургансыйм. Ушинтип жүрүп жүрөгүмө бир укмуш “Айтматов” деген дүйнөнү сиңирип алган экем. Дайыма жолугууну, бир көрүүнү эңсесем да мүмкүнчүлүк болбоду.

Ошондой күндөрдүн биринде Айтматовдун “Жамийласы” боюнча ачык сабак өтүп, аябай эргүү алдым, ошол күнү Айтматовду түшүмдө көрдүм...

Мектепке шашып чуркап кирип келсем, кесиптештерим:

- Каякта жүрөсүң, Айтматов келип, жолугушуу болду, сен эмне кечиктиң? - дешти.

- Эмне үчүн эртерээк айтылган жок, мен кезигишим керек эле! - деп оң жагымды карасам жылмайып, колуна китеп көтөрүп, күмүш аралаган чачын артка сылап, саргыч түстөгү костюм кийген Айтматов атам мени карай келе жатат десеңиз!

(Ушул түшүмдөгү элесин, кийимин өмүр боюн унутпай калдым).

Энтеңдеп жетип барып учурашып, жолугушууга катыша албай калганымды өкүнүү менен айтып үлгүрдүм. Айтматов болсо мени жылмайып карап: “Баары жакшы болот” деди да, колундагы китебин мага сунду...

Ойгонуп кетсем жүрөгүм дүкүлдөп, энтеңдеп калган экенмин.

Мен үчүн төлгө болдубу же дал келүүбү, ошондон кийин ишимде мыкты жетишкендиктер болду. Мактангандай болбоюн, санап берүүнүн кажети жок го...

Ошол түшүмдөн кийин өзүнө чындап жолуккансып, ого бетер түрүнүп иштеп, эргүү алдым.

2008-жылы Айтматов атабыз каза болгондо: “Бул киши бүтүндөй бир жаралчу тарых, коштошпой коюуга акыбыз да жок”, - деп бир топ кесиптештер болуп тажиясына бардык. Табытта жаткан жеринен көрүп, ичимден:

”Кыргыз элинин уучу куру калбаса экен, аттиң ай, СИЗДЕЙ уул канча жылда бир төрөлөөр экен" деп "уктап жаткан” Айтматов менен сүйлөштүм...

Айтматов атабыз менен сүйлөшкүм келип калган учурда анын китептерин барактап, ар бир окуган сайын мурдагыдан да терең баа берип окуп келем. Анткени улам жашың жогорулаган сайын көз карашың өзгөрүп, ар бир сөзүнө бөтөнчө маани берип, окуучуларга айтууга ашыгат экенсиң...

Мен тааныган Айтматовду келечек муундарга тааныштыруу менин милдетимдей туюлат, анын каармандары да, өзү да менин жүрөгүмдө ТИРҮҮ!

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын №2 мектеп-лицейинин мугалими Макешова Жыпаркүл Асангелдиевна

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG