Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:30

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбеков акын Жеңижоктун мурасын коомчулукка кайра ачууда Ч.Айтматовдун ролу чоң болгонун айтат. "Азаттыктын" ардагери Ырысбай Абдыраимов жолдогон блог.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Асанбай Жусупбеков быйыл декабрь айында 90 жылдыгы салтанаттуу белгилене турган доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен чыгармачылык жактан байланышта болду.

“Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок, Таластан чыккан Жеңижок, таймашарга теңи жок” деп айтылып калган Өтө Көкө уулунун чыгармаларын эл ичинен жыйнап, ага кырк төрт жылдык өмүрүн арнаган Асанбай акындын китебине Ч. Айтматов баш сөз жазып калтырган.

Кыргыз жазуучулары Кремлде. 1986-ж. Солдон оңго: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М.Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.
Кыргыз жазуучулары Кремлде. 1986-ж. Солдон оңго: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М.Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Асанбай Жусупбеков - филология илимдеринин да кандидаты. Аны жакындары, тааныш-билиштери Асаке, “Жеңижок” деп да аташат.

Асаке Токтогул баш болгон төкмө акындар чыгармачылыгына тан берген Жеңижоктун ырларын ал кыдырып чыккан Талас менен Кетмен-Төбөнүн, Чаткал менен Аксынын, Базар-Коргон менен Сузактын, Токтогулдун айыл-кыштактарын аралап жүрүп, эл оозунан жыйнап, өз күчү менен жарыкка чыгаруу максатын көздөйт.

Жеңижок (Өтө Көкө уулу; 1860-1918) - кыргыздын залкар төкмө акыны.
Жеңижок (Өтө Көкө уулу; 1860-1918) - кыргыздын залкар төкмө акыны.

Адегенде Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун) чыгармаларынын кол жазмасын эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековго алып барат. Бирок кол жазма “Сынган кылыч” менен “Келкел” романдарынын авторунун колунда беш жыл бою жатат.

Жеңижоктун чыгармаларынын багы байланып, каралбай жатканына ичи чыкпаган Асанбай Жусупбеков окутуучу болуп өзү иштеп аткан Жалал-Абаддагы А. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын эки мугалими менен Фрунзе шаарына, мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү республикалык институтка жиберилет. Ал Фрунзеде окууда жүргөн бош күндөрдүн биринде Чыңгыз Айтматовду издеп, Чыке төрага болуп иштеген Кыргыз ССРинин Кинематографисттер союзунун Логвиненко көчөсүндө жайгашкан имаратын табат.

Асанбай Жусупбеков
Асанбай Жусупбеков

- Чыңгыз Айтматов жумушка саат ондордо келчү экен, мен саат сегизге барып алыптырмын, - деп ал кезди эскерүүгө киришти Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, фольклорчу, акын Асанбай.

- Эшик алдында орус кемпир байпак токуу менен убара. Чыңгыздын ишке качан келерин сурасам, ал кемпир: ”Айтматов өзү билет. Жумушка качан келерин мага айтпайт”, деп орусчалап ороңдоп койду. Көп узабай киночулардын кеңсесинин жанына ак түстүү “Волга" "кыйк” этип келип токтоду. Унаадан Айтматов түштү да папкесин колтугуна кыса кармап, баш ийкеген бойдон токтобой, тепкич менен өйдөңкү кабатка жөнөдү. Кол жазмаларым салынган папкелерди көтөрүп, мен да артынан умтулдум. Чыңгыз экинчи кабатка көтөрүлө берип, артка кылчайды да:

- Сен кайда барасың?- деп менден сурады.

- Сизге, - деп жооп бердим.

- Менин колум бош эмес, кабыл ала албайм – деген бойдон ал ичкери кирип кетти.

Мен эки манжамды көрсөттүм да:

- Сизге айтаар эки эле ооз сөзүм бар, - деп артынан ээрчидим. Ал киши кирип кеткен кеңсенин каалгасын ачып, астанасын аттаганымда жыйырма чакты орундук коюлган бөлмөнүн эң төрүндө олтурган Чыңгыз Айтматовду көрдүм.

- Ассалому алейкум! – деп ага эки колумду узаттым. Жазуучу бир колу менен саламдашты да, анан:

- Кел, баатыр! – деп, орундукка кол жаңсады.

Мен Жеңижоктун эл оозунан топтолгон ырларынын кол жазмалары, ал чыгармалар тууралуу ой-пикирлер, республиканын Жазуучулар союзу менен Кыргызстандын Илимдер академиясынан жана СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен берилген сунуш каттар тиркелген папкелерди стол бетине койдум.

- Бул эмне? - деп сурады Ч. Айтматов.

- Бул – Жеңижок...

- Муну эмне кылыш керек?

- Муну китеп кылып чыгарыш керек.

Ч. Айтматов кол жазмаларды ачып, бүткүл ынтаасы менен окуп кирди.

- Жеңижокту “1860-жылы туулган” дептирсиң. Анын качан жарык дүйнөгө келген учурун кайдан алдың?

- Илимдер академиясынан, - деп жооп кайтардым мен.

Бирок Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында Жеңижоктун 500-600дөй эле сап ыры бар болчу. Аны да өзүм тапшыргам. Даркан таланттуулардын жарык дүйнөгө жаралган жылдарын кара – Жеңижок жүз жыл мурда төрөлсө, Чыңгыз Айтматов андан жүз жылдан кийин жаралып олтурат. Экөө тең кытай уруусунан. Экөө тең Таластын Сары-Көбөн деген жеринен болот, - деп айтты Асанбай Жусупбеков. (Ч. Айтматовдун өмүр баянында анын Киров районундагы Шекер айылында төрөлгөнү жазылат).

Асанбай акындын эскергени боюнча, Чыңгыз Айтматов өз орундугунда кол жазмаларды баш көтөрбөй окуп жатып, мындай суроо салды:

- Шаарда канча күн жүрөсүң?

- Үйгө кайтаарыма төрт күн калды, – деп жооп узаттым мен.

- Жыйнап-топтогон ырларың калың экен, муну төрт күндө окуп бүтө албайм.

Ал мени экинчи кабаттан түшө берген тепкичке дейре узатып келди да:

- Асанбай, эми кабарлашып тур! - деди.

1979-жылдын 7-февралы. СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына мурдагы Ноокен районунан Чыңгыз Айтматовдун талапкерлиги да коюлуп, ал шайлоочулары менен жолугушуп жүргөн кез. Жазуучу менен учурашуу Жалал-Абаддын шаардык тарых музейинде өтө турган болуп калды. Аны менен кездешмек болгон адамдын көптүгүн айт, тим эле бири-бирине шыкалып, жөөлөшүп, түртүшүп турат.

Чыке уулдары Санжар жана Аскар менен чогуу келди. Аларды Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун үчүнчү катчысы Барпы Рыспаев коштоп жүрөт. Келген меймандар шаан-шөкөт менен тосулуп алынгандан кийин алар музейдин астанасын атташты. Каалганын бир жагында Компартиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин биринчи катчысы Зуура Нурматова, экинчи тарабында экинчи катчы Рыжков дегени турат. Көрүүчүлөрдүн музейге кирүүгө, Чыкенин ар бир кебин угууга далалаттанганын айта көрбө. Ансыз да бөлмөлөрү кууш ажайыпкананын ичине адам деген батпай кетти. Кезек мага жеткенде ага арнап жазган ырымды заңкылдата көркөм окуп бердим:

Туулган жери –Таластан,

Түпкү атасы – Манастан!

Ойногон жери – Күркүрөө

Ордолуу элге жарашкан!

Кыргыздан көп эле чыкты жазуучу,

А бирок, алар...

Салпылдап учкан сагызган!..

Аныктап бааны бергенде

Чыңгыз – акылман, гений, даанышман!...

Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Ырымды уккан Чыңгыз Айтматов аша ыраазы болдубу, каракүл папах кийген башын асманга чалкалатып, “ха-ха-ха-лап” чын дилинен күлүп алды. Мен жарым тонна алтыным бардай, элдин, педагогикалык окуу жайдын мугалимдери менен студенттеринин, тааныш-тунуштарымдын алдында мардайып калдым. Анткени ага дейре “ Чыңгыз ким да, Асанбай ким?...Айтматов ушуну менен сүйлөшөт имиш...Карасаң ой, дымагын!..” деп, тилине алы жетпегендер шылдыңдап атышканын кулагым чалган эле. Музейде Чыке мени бооруна тарта колтуктап алды да:

- Жеңижокту окудум. Кудай кааласа, толук жарамдуу китеп болот. Ким Жеңижокко каршы чыкса, менин дарбазамды тээп, кирип келе бер! - дегенде Кыдыр атага учурагандай сезимде болуп, делебем укмуш козголуп, сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш тегеренди. Себеби, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин көптөгөн адабият изилдөөчүлөр Жеңижоктун чыгармачылыгын изилдеп, ыр-дастандарын топтоого жең түрүнгөн. Бирок, алардын колдорунан келбей калган. Анткени Жеңижокту көргөн аксакалдардын бирөөлөрү анын ырларын айтып берүүгө макулдук берсе, башкалары “ошо бай-манапчыл Жеңижокту айтам-жазам деп жүрүп, камалып өлөсүңөрбү! Арапча билими бар, динчил Өтөнүн ырлары азыркы доорго туура келбейт” деген керооздордун айынан, мисалы адабиятчы, акын-жазуучу Жаки Таштемировду Аксыга барган жеринен айнытышкан экен. Жеңижок менен Токтогул, Калык, Барпы акындар да айтышканы эсибизде. Чыке “Кыргызстан маданияты” жумалыгына мен тарабынан даярдалып, 1979-жылдын 25-февралында жарык көргөн элдик ырды окуган окшойт, ошону эстетип:

- “Ак жамалдын” ар бир сабы бирден алтынга барабар чыгарма турбайбы! Түштүктүн бул сүйүү ырлары – эмне деген керемет ырлар! Сен ушундай ырларды чалдардын көзү өтүп кете элегинде тез чогулт, мага алып кел! Баш сөзүн өзүм жазып, китеп кылып чыгартып берем. Жүрөктө жашаган ырлар – элге жетсин! Элдин руханий байлыгы болуп калсын! Ансыз да ыкшоолугубуздан элдик канча таланттардын ырларынан кол жууп, куржалак калдык. Бул деген чоң иш! – деп кошумчалап койду. Ошондо мен: “Чогултайын, киришем!” деп, убада бердим. Чыкенин даанышмандык менен берген бул баалуу сөзү 1994-жылы чыккан “Элдик казына” аттуу китебимден орун алды. Тарых ажайыпканасындагы жолугушууда жанымдагы кесиптешим Батырбек Арстанбеков капталыма бир түрттү да, минтип шыбырады:

- Эй, “үйүм жок” деп айт! Чыкенин шарапаты менен үйлүү болуп каласың! Анын бир ооз кеби го...

Чындыгында батирде жашап жүргөм. Бирок үй тууралуу ооз ачууну эп көрбөдүм. Кан Манастай Чыкени жалалабаддык калаа билермандарынан баш баанек суратууну өтө майда иш санадым да, үндөбөдүм. Алда-кайдан шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Муктар Исакулов пайда боло калды:

- Жусупбеков... үй алгансыз, ээ? – деп сурамыш болду. Куу кишинин көз карашында “ Чыкеге арызданып ийбесе..” деген чочуркоо. "Түштөн кийин соомаланбай эле коюңуз" дегенди туюндуруп:

- Сизге беш жолу кирип да, үй алган эмесмин. Эми анын кереги жок, - деп шар жооп бердим.

Чыңгыз Айтматов менен ошондо сүрөткө түшүүгө эч ыңгайы болбоду да: жанындагылар “муну көрүңүз, бул жакка жүрүңүз” дешип, аны ары тартат, бери тартат, ага арналып коюлган ыр-күү, концерттен баш адашат.

Чыке тарых музейин аралап, бир кезде бетине көк карточка коюлган үстөлдүн жанына токтоду. Бир азга үңүлө карап туруп, саамга ойлоно түштү (калыбы согуш күндөрүндөгү бала курагын эстеди өңдөнөт). Аркы кааналарда чоң энеси Нагима менен чоң атасы Төрөкулдун сүрөттөрүн, алардын урунган буюм-тайым, документтерин, экөөнө байланыштуу журнал-китеп, гезиттерди көзүнөн өткөрүп аткан уулдарын чакырды:

- Аскар, Санжар, бери келгиле!

Балдары маңдайына жакындаганда колуна кармаган көк карточканы көрсөтүп:

- Мына муну билесиңерби? - деп сурады.

Эки бала үн чыгарбаган соң:

- Бул көк карточка – согуш маалында киргизилген карточкалык системанын эн белгиси. Бул карточка – 200 грамм нан... Элди ачарчылыктан ушул көк карточка сактап калган. Көк карточкасы барларга гана нан берилчү, - деп бир аз үшкүрүнүп алды.

Ошондо “Гүлсарат” повесттер жыйнагына кол тамга жаздыртып алганга араң үлгүрдүм, автограф койдурчулар быкылдап турат. Чыке ал китептин биринчи бетине “Асанбай иниме!” деп кол койгон экен. Дагы бирдемелерди жазат беле, аны узатып жүргөн Барпы Рыспаев “Эй Чыңгыз! Бол, кеттик! Тиги Ноокенде да эл күтүп жатат!” деп шаштырып, оюн бузуп жибергендей өңдөндү.

“Кыргызстан маданияты” адабий-маданий жумалыгынын башкы редактору, жазуучу Касым Каимов ”Жеңижоктун өзүң жыйнаган ырларын алып кел” деп, Фрунзе шаарына чакырды. Борборго барып, ага жолукканымда Кыргыз ССР Жазуучулар союзунун экинчи катчысы да болуп турган Касым Каимов: “Чыңгыз менен сүйлөштүрүп коёюнбу?” деп айтып калды. Ошондо Чыкем көңүлүмдү Ала-Тоодой минтип көтөргөнү али эсимден чыга элек:

- Асанбай иним, Жеңижокко байланыштуу кандай жумуш болсо, тартынбай мага кел! Жеңижок үчүн төшүмдү тосуп берем. Менде эмне ишиң бар? – деп дагы сурады. Мен:

- Ишим жок, Чыке! Баары жетиштүү, - деп компоюп койдум. А киши мага алп Манастай болуп көрүндү.

Чыкем Жеңижоктун китебине баш сөз жазып койгон экен. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы Өтөнүн мен топтогон ыр-дастандарын китеп кылып чыгарууга зарыл иш-кагаздарын бүтүрүп, басмага сунуш кылды. СССР Жогорку Советинин Улуттар палатасына депутаттыкка шайланган Чыке менен кийин Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларынан келген калың элдин арасынан да учураштым.

Ошентип, китепке Көкө уулунун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу соңку сөздү Аман Токтогулов жазып, “Жеңижок” деген ат менен Өтөнүн мен топтогон ырлары “Кыргызстан” басмасынан он төрт миң нускада 1982-жылы жарыкка чыкты. Китептин башкы редактору Төлөгөн Касымбеков, түзүүчүсү мен болдум. Ал китеп кийин 2004-жылы “Ак таңдай акын мурасы” деген ат менен үчүнчү ирет басылып чыкты.

Асанбай акын аңгемесин андан ары улантты:

- Жеңижоктун чыгармаларын топтогону Таласка барган кезимде Нартай деген аксакалга учурашып калдым. Ал Киров районундагы колхоздун коюн бакчу. Анын короосундагы кой-эчки мойнуна жылаажын байлаган эчкини ээрчип, тоо бооруна чыгып кетет да, кайра артына кайтаарда эки жүз элүү кой аскадан учуп өлөт. Колхоздун башкармасы менен парторгу, кой-товар фермасынын башчысы короосуна барып, Нартайдын мойнуна ошо койлорду салат. Төлөм ордуна анын малын, үйүн алышат, бирок жетпейт. Ошондо айылдаштарынын бири Чыңгыз Айтматовдон жардам суроо тууралуу акыл салат. Нартай койчу айласыз Фрунзе шаарына жетип, жазуучунун үйүнө барат, анда Нагима эне тирүү кези. Жумуштан келген Чыңгыз саламдашып коюп, өз бөлмөсүнө кирип кетет да, жарым сааттан кийин чыгат. Нагима эне:

- Ыя Чыңгыз, бу Нартай менен жакшылап сүйлөшсөң боло! Бу киши сени көтөрүп, чоңойткондордон. Башына иш түшүп, сени арка-бел тутуп, атайын келиптир. Таластын райкомуна телефон чалып, муну карызынан кечтиртип, насыя доодон кутултуп кой, - дейт.

Чыңгыз кичи пейилдүүлүк менен:

- Жообун эрте менен берейин, апа! - дейт.

Нартай түнү менен уйкусу келбей, ойлонуп чыгат: “Бул эмнеси?.. Айтаар сөзүн маалкатпай азыр эле айта салбайбы, мени күттүрбөй?” деп. Эртең менен Чыңгыз өз бөлмөсүнөн чакан сумка көтөрүп чыгат да:

- Мында эки жүз элүү койдун баасына жетеер акча бар. Жамбулдун базарына барып, койлорду сатып алып, колхозго кайтарыңыз! А мен өзүм коммунист болсом... Райкомго “муну карызынан куткар” деп чала албайм да! – дейт.

Нартай сумканы ачып караса, анын ичи толо акча. Жазуучунун акылына көнүп, ал Жамбул шаарынын базарына барып, чоң-чоң ириктерди сатып алат. Аларды чарбага кайтаргандан тышкары да кыйла кой артып калат. Нартай ал жандыктарды багып семиртет да, Чыкенин элүү жылдыгы болордо Таластагы тойго тандалма элүү койду айдап барып:

- Мына бул койлор сенин юбилейиңе кошулган менден белек! – деп Чыкеге тапшырат, - деп аңгемесин бүтүрдү акын, фольклор изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбеков.

Ырысбай Абдраимов,

Журналист, Жалал-Абад шаары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG