Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаева испаниялык футбол клубунда ойнойт


Футболчу Айдана Оторбаева.
Футболчу Айдана Оторбаева.

Кыргызстандык 22 жаштагы футболчу Айдана Оторбаева Испаниянын "Madrid CFF" клубу менен келишим түзүп, кийинки сезондо дал ошол клубда ойнойт. Бул тууралуу футболчу өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Учурда Айдана Испаниянын борбору Мадридде жүргөнүн да айтты. Келишимге ылайык ал испан клубунда бир жыл бою ойнойт. Оторбаева өзү мындай жетишкендигин ийгилик катары мүнөздөйт.

- Сезон сентябрда башталат да бир жылга узарат. Андан соң аны узартуу же узартпоо тууралуу чечимди клубдун жетекчилиги кабыл алат. Албетте, алар менин да аракеттеримди байкап көрүп, ошонун негизинде чечим кабыл алышат. Алар мени турнирде ойногон учурумда байкап калып, турнирден кийин "бизде ойно" деп сунуш кылышкан. Албетте, азыр мен физикалык даярдык жактан командамдан бир аз арттамын. Ошондуктан мен атайын жеке машыгуу программасы менен августтан баштап машыга баштайм, - деди Айдана Оторбаева "Азаттыкка" берген маегинде.

XS
SM
MD
LG