Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Президент пандемия маалында иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугат


Сооронбай Жээнбеков түнкү стационарда.
Сооронбай Жээнбеков түнкү стационарда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-июлда коронавирус илдети менен күрөшүүдө элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугат. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы менен жолугуу үчүн 15ке жакын ыктыярчынын тизмеси түзүлдү. Бирок алар кимдер экени азырынча айтыла элек. Жолугушуу журналисттердин катышуусуз өтөт.

Ыктыярчы болуп жүргөн журналист Тынчтык Алтымышов президент менен жолугушууга чакырылганын билдирди. Ал Жээнбековго саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдү жана сунуштардын айтууга даярданып жатат.

“Мага аппараттан чалышты. 5 мүнөттөн сөз берилет экен. 3 мүнөт сын, 2 мүнөт сунуш айтам”, - деди ал.

Дагы бир ыктыярчылар тобунун өкүлү Айдана Оторбаева президент менен жолугушууга чакырылганын, бирок барбай турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Оторбаева ал жолугушууну “эч пайдасыз иш” деп баалады.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери ондогон демилгелүү топтор коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошуп жатышат. Алар ооруканаларда орун калбай калганда күндүзгү стационарларды уюштуруп, дарыгерлерди медициналык жабдык, дары-дармек менен камсыз кылууга жардам берип, айрымдары 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптарды үйүн кыдырып жүрүшөт. Ондогон ыктыярчылар кайрымдуулукка каражат чогултуп, турмушу начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG