Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

Өкмөт башчы “Бишкексветтин” жетекчисин тендер жана жүрүм-туруму үчүн сындады


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

Премьер-министр Улукбек Марипов калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго Бишкек мэриясына караштуу “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алымбек Абдылдаевге байланыштуу Интернетте тараган чуулгандуу видеолор боюнча териштирүүнү тапшырды. Марипов бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты.

“Медиа каражаттарында акыркы 10 күндүн ичинде эки жолу маалымат чыкты. Мен окудум, экинчисинин видеосун да көрдүм. Биринчиси- тендер маселеси. Өлкө жетекчилиги, өкмөт жетекчилиги, коомчулук тарабынан коррупциялык көрүнүштөр, айрыкча тендер боюнча натыйжалуу колдонуу боюнча тапшырма коюп жатсак, тескерисинче, башкача жумуштар болуп жатыптыр. Бул маселени тез арада чечиш керек”, - деди Марипов.

Марипов КТРКда Алымбек Абдылдаев жөнүндө видео көрсөтүлгөнүн белгилеп, анын жүрүм-турумун сынга алды. Өкмөт башчынын пикиринде мамлекеттик кызматкердин мындай чуулуу видеолордо аты аталганы жалпы бийлик өкүлдөрүнө көлөкө түшүрөт.

Буга чейин журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров “Бишкексвет” муниципалдык ишканасына байланыштуу тендерлерди Алымбек Абдылдаевдин туугандары жана жакындары утуп алганы айтылган иликтөөсүн жарыялашкан.

Ал эми КТРКнын “Теле күзөт” берүүсүндө Алымбек Абдылдаев менен милиция кызматкерлеринин чыры тартылган видео көрсөтүлгөн.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алымбек Абдылдаевдин өзүнөн пикирин алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Vesti.kg. сайтында Абдылдаев КТРКдагы видео жөнүндө комментарий берип, “мени кызматтан алуу үчүн атайын уюштурулган видео” деп билдирди. Абдылдаев жумуш учурунда спирт ичимдигин ичпегенин жана инспекторлордун үстүнөн прокуратурга арыз жазарын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG