Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Мурдагы муфтий тилкат менен бошотулду


Максатбек ажы Токтомушев. Бишкек, 2018-жылдын жай айлары
Максатбек ажы Токтомушев. Бишкек, 2018-жылдын жай айлары

Муфтияттадагы финансылык мыйзам бузууларга шектүү катары кармалган мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын караган жараян 11-февралда түн ортосуна чейин уланды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратына диний ишмердин ондогон тарапкери чогулду. Алар Токтомушевди камактан бошотууну талап кылып жатышты.

Ишти караган судья түн оогондо Токтомушевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтыруу боюнча чечимди окуду.

Сот залынан бошотулган мурдагы муфтий журналисттерге көп деле комментарий берген жок.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген. Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин камап, бул мекемеде каржылык мыйзам бузуу болгонун билдирди.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын канааттандырган.

Президент: Ажылыктын акчасы шайлоодо колдонулган

Соңку эки күндөн бери коомдо талкууга түшкөн мурдагы муфтийдин айланасындагы жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаров да өз оюн билдирди. Мамлекет башчы айткандай, ал мусулмандар дин башкармалыгындагы акыркы ажырымды бир нече жолу жөнгө салууга аракет кылган. Чатактын учу муфтияттагы ажылык үчүн топтолгон каражатка барып такалган.

Садыр Жапаровдун айтымында, ажылыкка топтолгон каражаттын бир бөлүгү кемип калып, а түгүл былтыркы парламенттик шайлоого да жумшалганы ашкере болгон:

Cадыр Жапаров
Cадыр Жапаров

“16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса жарым жартылайы бериле элек экен”.

Жапаров бул иш мыйзам чегинде чечилиши керектигин, саясий бийликтин муфтийди кызматтан алууга эч кандай кызыкчылыгы жок экенин кошумчалады.

Бурхановдун аты эмнеге аталды?

Президент Жапаров ошондой эле бул иште аты аталып жаткан экс-депутат Арзыбек Бурхановдун ролу боюнча түшүндүрмө берди. Бурханов президенттин жардамчысы катары бир ирет муфтияттагы пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн барганын, бирок чечим кабыл алууга эч аралашпаганын билдирди.

Буга чейин Дин иштери боюнча комиссиясынын экс-башчысы Акин Токталиев муфтийди кызматтан алууга дал ушул Бурхановдун катышы бар экенин айтып чыккан эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 52 жаштагы Арзыбек Бурханов учурда кандай кызматты ээлегени белгисиз. Бирок соңку кезде анын аты дал ушул муфтийдин айланасындагы чырда утур-утур айтылып жатты.

Муфтийдин тарапташтары: Президентке жалган маалымат жеткен

Камактан бошонгон Токтомушев президенттин бул билдирүүсүнө жооп кайтарган жок. Ал эми анын тарапташтары муну «чагым» катары сыпатташууда.

Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов президентке туура эмес маалымат жеткенин айтып чыкты.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

Анын сөзүнө караганда, чогултулган 18 миллион доллардай акчанын 7,5 миллион доллары зыяратчыларга кайтарылып берилген, ал эми 10-11 миллион доллардай муфтияттын «РСК-Банктагы» эсебинде турат.

«155 миллион сом чыгарылып, алты айдан кийин кайра кирген. Ошол акча шайлоого жумшалган деп айтып жатпайбы, менин андан кабарым жок. Аны биз тактай албайбыз. Бир гана нерсе - акча былтыр август айында келишим менен чыкканын билебиз, бирок, декабрда кайра муфтияттын эсебине кайтарылган. Бул жөнүндө Аалымдар кеңешине да маалымат берилген. Президентте толук маалымат жок окшойт, аны териштирүү иштерин толук бүтө элекпиз».

Муфтият айланткан миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00

Президенттин жогорудагыдай маалыматы ажылыкка чогултулган каражаттын саясий өңүтүн ачкандай болду. Учурда муфтият ажылыктын акчасын кайсы партияга бериши мүмкүн деген суроо кызыды. Айрым серепчилер былтыркы парламенттик шайлоого катышкан бийликчил партиялардын бирине берилиши мүмкүн деген божомолдорду айтып чыкты.

Мындан улам бул маалымат кошумча иликтенип, анын чоо-жайы коомчулукка ачык болушу керек деген талаптар азыртадан эле айтыла баштады.

Былтыр октябрь айына чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Заирбек Эргешев бул каражаттын чоо-жайы боюнча учкай гана маалыматы бар экенин билдирди. Ал учурда муфтиятты коомдук уюм деп сыпаттап, аны "мамлекеттик органдардын текшерүүгө укугу жок" деген пикирге кошулбайт.

Заирбек Эргешов
Заирбек Эргешов

Муфтияттын уставында өлкөнүн бардык мыйзамдарына ылайык иштеши керек деп жазылып турат. Анын ичинде финансылык иштеринде да эреже бузуу болбошу керек. Ошондуктан, укук коргоо органдары мыйзамдарга ылайык, териштирип сот күнөөлүү, күнөөлүү эмес экени тууралуу чечим кабыл алышы керек.

Ал эми жарандык активист Эржан Кайыпов тескерисинче, атайын кызмат акыркы кырдаалда диний мекеменин ичине "ашыкча кийлигишти" деген ойдо. Муфтияттагы азыркы кырдаал өлкөдөгү туруктуулукка таасирин тийгизиши мүмкүн:

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

“Бул маселеге өтө этияттык менен мамиле кылыш керек эле. Жалпы эле коомдо ажырым көп. Ушул жагдай айрым бир радикалдуу топтор же башка күчтөргө Мусулмандар дин башкармалыгын сындоого, ишенбестикти арттырууга жана араздашууну күчөтүүгө негиз болуп калбаш үчүн абдан ойлонуп иш кылуу керек ”

Негизи эле акыркы чуу ажылык сапарды уюштурууга байланыштуу утур-утур кайталанган жаңжалдын уланышы болду. Буга чейин бир нече жолу иликтөөлөр жүрүп келген.

Бир кезде ажылык сапарды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурса, акыркы жылдары ал кызмат Муфтиятка берилген.

Максатбек ажы Токтомушев ким?

47 жаштагы Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын акыркы алты жылдан бери башкарып келген.

Оштун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн Токтомушев Агрардык университетти бүткөргөн. 1990-жылдардын аягында дин жолуна түшүп, Пакистанда билим алган. 2005-жылдары медреседе сабак берсе, 2010-жылы Бишкек шаарыны казысы болгон. Үч жылдан соң муфтийдин орун басары, 2014-жылы бул уюмду жетектеп калган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG