Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Каландаров: Кыргыз коомуна бейтарап муфтий керек


Теолог Улукбек Каландаров Кыргызстанда муфтийдин орду саясий кызыкчылыктардын чордонуна айланганын белгилейт.

Кызматын тапшырып кетип жаткан муфтий Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды.

Ал финансылык кылмышка катышы бар деп шек саналууда. Андан мурун муфтияттын башкы эсепчиси колго түшкөн.

Теолог Улукбек Каландаровду Дин башкармалыгынын айланасындагы жагдайга байланыштуу кыскача кепке тарттык.

- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы улам чырдын чордонуна айланып калышы - түздөн түз муфтийден көз каранды деп эсептей турган болсок, анда мусулман коомчулугу кандай сапаттагы муфтийге муктаж?

- Бейтарап муфтий керек! Эч бир диний уюмга мүчө болбогон, объективдүү көз карашты карманган, мамлекеттин дин саясатын туура жүргүзө алган адис келиши шарт. Азыркы чуулгандуу окуяларды эске ала турган болсок, дал ушундай каталарды кайталабаган инсан керек болуп турат.

- Муфтияттын тарыхында чуулгандуу иштердин шарында кызматтан кеткен жетекчилер мурда да болгон эмеспи...

- Албетте. Чынын айтканда, Кыргызстанда муфтият гана эмес, бардык эле кызматтык орундарда ушундай көрүнүш болуп жатат. Муфтийдин да алардын катарына кирип калганы өтө өкүнүчтүү. Менин оюмча, бара-бара оңолот, башкалар сабак алышат.

- Жазында мусулмандардын курултайы болуп, муфтийликке шайлоо пландалган эмес беле. Эгер муфтияттын тегерегиндеги буга чейинки интригаларды эсепке ала турган болсок, муфтий тандоодо кызыкчылыктар роль ойноп кетиши мүмкүнбү?

- Негизи бизде дайыма диний сектор электорат катары колдонулуп келет. Шайлоолорго катышууга, жогорку кызмат орундарына кимдир бирөөнү дайындоодо диний коомчулукту колдонушат.

Ошондуктан, чыныгы татыктуу адам муфтийликке келет, адилеттүү чечим кабыл алынат деп толук айта албасак да ошого жакыныраак болот. Анткени, баары бир жогору жактагылардын кызыкчылыгы бар. Тааныш-билиш же алдыдагы саясий жараяндарда аны колдогон, электорат болуп бере ала турган адам тандалат.

- Демек, саясий кызыкчылыктар бар...

- Албетте, ошондой болуп жатат. Тилекке каршы, буга чейин да болуп келген. Азыркы окуялардын баары ошол тааныш-билишчиликтин жыйынтыгы.

XS
SM
MD
LG