Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Дин: концепция - жаңы, көйгөй - эски


Курман Айт намазы учурунда тартылган сүрөт. Бишкек, 2019-жыл
Курман Айт намазы учурунда тартылган сүрөт. Бишкек, 2019-жыл

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы 6 жылга делип кабыл алынган.  Концепциянын негизги максат, милдети кандай болчу? Ал канчалык деңгээлде ишке ашты? Эми жаңы иштелип чыккан концепция эскисинен эмнеси менен айырмаланат?

“Биз жана дин” түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Гүлназ Исаеваны кепке тартты.

-Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү 2020–жылы аягына чыкты. Жалпысынан концепция өз алдына койгон максатына жеттиби? Алар кайсы максат, милдеттер эле?

-Концепциянын алдына үч негизги багыт коюлган. Алар - (1) мамлекет тарабынан дин уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу; (2) диний жана дин таануу боюнча билим берүү тармагын жакшыртуу жана (3) диний радикализмди, экстремизмди алдын алуу.

Концепция - жаңы, көйгөйлөр - эски
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:00 0:00

Алдыга коюлган көп максаттар ишке ашты. Өзгөчө үчүнчү багыт боюнча абдан көп түшүндүрүү иш-чаралары өттү. Жалпысынан радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча 37 миңге жакын иш-чара өткөрүлдү.

Концепция кабыл алынган жылдары диний экстремизм өтө кооптуу маселелердин бири эле. Бул мезгилде мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясатынын бирден бир максаты диний экстремизмдин таасирин азайтуу, анын алдын алуу болгон. Ошол убактагы күч органдары берген статистикага таянсак, Ирак менен Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн өлкө аймагынан көптөгөн жарандарыбыз чыгып кеткен. Алардын 23-25% аялдар түзгөндүктөн үчүнчү багытка басым жасалды.

Гүлназ Исаева менен Канатбек Мурзахалилов "Азаттык" радиосунун студиясында.
Гүлназ Исаева менен Канатбек Мурзахалилов "Азаттык" радиосунун студиясында.

-Концепциядагы дагы бир чон багыттардын бири диний чөйрөгө тиешелүү маселелерди камтыган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу болгон. Анын алкагында дин эркиндиги, диний билим берүү, диний радикализмди алдын алуу боюнча кандай документтер иштелип чыкты? Аларды кабыл алуу кандай тартипте жүргүзүлдү? Концепиянын алкагында жок дегенде бир документ кабыл алынып, иштеп жатабы?

-Дин чөйрөсүндөгү концепцияны ишке ашыруунун алкагында бир катар жоболордун, “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорлор иштелип чыкты. Бул жерде бир өзгөчөлүктү белгилеп кетсек болот. Аталган документтердин долбоорлорун иштеп чыккан жумушчу топтун курамына диний уюмдардын өкүлдөрү кирди. Бул менин оюмча, дин чөйрөсүндөгү чоң жаңылык болуп эсептелинет.

Анткени, мурда мындай жумушчу топ мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлүп келген. 2014-жылдан баштап кандай гана болбосун укуктук–ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топторго диний уюмдун өкүлдөрү, эксперттер, академиялык коомчулуктун өкүлдөрү кирген жаңы тажрыйба калыптанды.

Эми натыйжасына токтоло кетсек. Мыйзамдарды кабыл алуунун бир нече баскычтары бар. Алар коомдук талкууга коюлат, мамлекеттик органдар менен макулдашуу керек. Ушулардын баарынан өттү. Андан кийинки баскыч бул - документтин кабыл алынуусу же бекитилүүсү. Азырынча биз иштеп чыккан документтердин долбоорлорунун баары үчүнчү этапта турат. Эми жаңы диний концепцияга динге тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу эмес, аларды бекитүү жана кабыл алуу милдети коюлду.

- Демек, бүгүнкү күндө ошондой жол менен иштелип чыккан бир дагы документ кабыл алынып, жүзөгө ашкан жок экен да? Ушундай түшүнсө болобу?

- Жүзөгө ашкан жок деп айтсак бир аз туура эмес болуп калат. Эмне үчүн? Дин тутуу эркиндигине тиешелүү базалык мыйзамды алсак. Ал иштеп жатат. Диний уюмдардын эсептик каттоосун жеңилдетүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилди. 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда “диний уюмду эсептик каттоого алууда жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу керек” деген берене болгон. 2019-жылы мыйзамга өзгөртүү кирип, кабыл алынды. Бул биз үчүн чоң жетишкендик болуп саналат. Мыйзамдагы аталган берененин алынып салынгандыгы дин уюмдарынын ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган бир чоң өзгөрүү болду. Азыр диний уюмдарды эсептик каттоодон өткөрүүдө “жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу” деген жок.

Чокунуу жөрөлгөсү. Каракол шаары, 2018-жыл.
Чокунуу жөрөлгөсү. Каракол шаары, 2018-жыл.

-Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилген концепцияны жүзөгө ашыруунун иш планында 63 пункт көрсөтүлгөн. Алардын ар бири жыл сайын кызыкдар мамлекеттик органдар, диний жана коомдук уюмдар менен бирдикте ишке ашырылып келди. Бул жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 22 миллион сомдон ашуун акча каралды. Эми өлкөдөгү экономикалык абалды, пандемия шартын эске алуу менен бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары жөнүндө айтпай эле туралы. Бирок, жөн гана концепциянын иш планындагы пункттардын канчалык деңгээлде аткарылгандыгы жөнүндө айтып берсеңиз. Алардын эң орчундуулары кайсылар болду?

-Концепциянын негизги аткаруучусу Дин комиссиясы болду. Иш пландагы кырктан ашуун пунктту аткарууга Дин комиссиясы жооптуу болгон. Ал эми калгандарын Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги баштаган бир катар мамлекеттик органдар аткарышы керек эле. Концепциянынын иш–аракеттер планында көрсөтүлгөн жумуштарды аткарууда жарандык коом, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар көп жардам берди. Финансы министрлиги концепцияны жүзөгө ашыруу үчүн дин комиссиясына 22 миллион 400 миң сом бөлүп берген.

2015-жылдан бери биринчи жолу он мектепке, андан соң 2019–жылдан 56 мектепке пилоттук негизде «Дүйнөлүк диндердин маданияты» предмети окуу программасына киргизилди. Ага диний уюмдар, эксперттер тартылды. Билим берүү стандарттарын бүт камтыган, диний сабактар кошулган модель түзүлүп, анын негизинде “Теологиялык колледж” ачылды. Бул колледж И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында иштеп, өз бүтүрүүчүлөрүн да чыгарды. Бул дагы алдыңкы тажрыйба. Ушул тажрыйбаны, моделди медреселер кошумча диплом берүү үчүн колдонсо болот. Мисалы, 11 медресеге жарандык билим берүү пилоттук режимде киргизилди. Ал жакта билим алып жаткан балдар коомдук жашоодон артта калбай, мамлекеттин саясий системасы, мамлекеттин атрибутикалары, символдору жөнүндө, өзүнүн укуктары, милдеттери тууралуу кененирээк билип, медиа сабаттуулукту үйрөнүп жатышат.

Мен четин эле айтып жатам. Албетте, абдан көп иш-чаралар өткөзүлдү. Эгерде пайыздык система боюнча айтсак, 63 иш-чаранын 29у толук аткарылды. Отуздан ашуун пункту мөөнөтсүз. Аларды биздин функционалдуу милдеттерибиздин алкагында башка мамлекеттик органдар менен бирге ишке ашыруудабыз.

Курман Айт намазы учуру. Бишкек, 2015-жыл
Курман Айт намазы учуру. Бишкек, 2015-жыл

-2020–жылдын соңунда өлкө аймактарында дин концепциясынын жаңы редакциясы коомдук талкуулардан өттү. Бүгүнкү күндө бул документ толук иштелип бүттүбү?

-Жаңы концепциянын долбоору сиз айтмакчы коомдук талкуудан өттү. Ага укуктук жана укук коргоо экспертизасы жасалды. Эми президенттин жарлыгы менен бекитүүгө даярдалып жатат.

-Жаңы концепция эскисинен эмнеси менен айырмаланат? Эң приоритеттүү бир нече багытын санап бере аласызбы?

-2020-жылы аяктаган концепцияда медианын, башкача айтканда, мамлекет дин чөйрөсүндө кандай маалыматтык саясат жүргүзүүсү керек экендиги жок эле. Азыркы учурда медианын коомдогу таасири чоң, орду абдан маанилүү. Ошондуктан, жаңы концепциянын долбооруна медиа - чоң багыт болуп кирип жатат. Экинчиси - мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу көбүнчө социалдык иштердин алкагында жүргүзүлөт. Мамлекет, диний уюмдар дагы коомдо социалдык чөйрөгө багытталган көптөгөн иштерди аткарышат. Калктын аярлуу катмары менен иштешет. Мамлекет менен диний уюмдардын ортосунда байланышты ушул жакта көбүрөөк өркүндөтсөк деген максат болууда.

-Эми жаңы концепциянын жүзөгө ашуусу аркылуу мамлекет менен диндин ортосундагы моделди аныктап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен да?

-Ооба, жаңы концепциянын эң орчундуу багыты коомго мындан ары дагы демократиялык, социалдык, укуктук жана дүйнөбий принциптерди туура жана так жеткирүү.

-Учурда кыргыз коомунда “дүйнөбий” деген көз караш боюнча түрдүү талкуулар жүрүп жатат. Бул боюнча Дин комиссиясынын расмий көз карашы кандай?

-Жаңы Конституциянын редакциясы иштелип жатканда Дин комиссиясына караштуу Диндер аралык кеңешти чогултуп, маселени талкууга койдук. Анткени, бул түшүнүктүн бизге түздөн-түз таасири бар. Ал жерде диний уюмдардын өкүлдөрү дагы өз пикирлерин айтышты. Алар “биздин Баш мыйзамыбызда дүйнөбий принцип калыш керек. Мамлекет баарыбызга бейтарап мамиле кылуусу зарыл. Кыргызстанда жашаган ар бир адам дин тутууга жана эч бир динди тутпоо укугу жана эркиндиги калуусу шарт. Мамлекет диний уюмдардын ички ишмердүүлүгүнө кийлигишпеш керек” деген принциптерди айтышты.

Дин комиссиясы менен Диндер аралык кеңештин атынан Конституциялык кеңешмеге “дүйнөбийлик түшүнүгүн сактап калуу максатка ылайыктуу” деп, бардык себептерин көрсөтүү менен кайрылуу жасадык.

Эми бул маселе абдан көп талкуу жаратты. Баарбыз ага күбө болдук. Азыркы учурда талкуунун баарына чекитти президент Садыр Жапаров койду. Ал өзүнүн кайрылуусунда “дүйнөбий принцип Кыргызстанда калат” деп айтпадыбы.

Буддисттерге таандык эстелик. Кыргызстан.
Буддисттерге таандык эстелик. Кыргызстан.

-Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарды реформалоо жүрүп жатат. Ушул жараян борбордук орган катары саналган Дин комиссиясына тиешелүү болобу? Президентке баш ийген орган катары сакталып калабы же жоюлуп кетүүсү мүмкүнбү?

-Өкмөткө караштуу курамда жүргүзүлгөн кыскартууну көрүп жатабыз. Ал жерде Дин комиссиясы жок. Негизи Дин комиссиясы мамлекеттин идеологиялык багыттарын аныктаган органдардын бири. Жалпы эле глобалдык алкактагы, постсоветтик чөлкөмдөгү, Борбор Азия мамлекеттериндеги диний маселелердин актуалдуулугун, диний экстремизм, радикализм жана терроризм коркунучтарын эске алуу менен президентке тикелей баш ийген мекеме катары Дин комиссиясы калат го деген оюбуз бар. Башка мамлекеттик органдар менен биригеби? Башка бир мекемеге департамент болуп киреби? Андай түзүм боюнча менде азырынча кабар жок экен.

XS
SM
MD
LG