Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:40

Жоолуктан чыккан чыр кантип жөнгө салынат?


Кыргызстанда акыркы кездери мектепте жоолук салынуу маселесинде дагы талаш-тартыш жарала баштады. «Биз жана дин» түрмөгүнүн коногу Эржан Сулаймандын көз карашы.

Маселени жайгарууга Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да киришип, мектепте окуган кыздардын жоолукчан билим алуусуна конституциялык укуктар жол берерин билдиришти. Ага карабай коомчулукта диний ишенимден улам мектеп окуучуларынын жоолук салынышы талаш бойдон кала берүүдө. Маселе - өлкөдөгү айдыңдык (секулярдык) системанын талаптарынын билим берүү тармагында сакталышы менен да тыгыз байланыштуу экендигинде шек жок.

«Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен укук коргоочу Эржан Сулайман ушул теманы талкуулашты.

- Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жоолук маселеси акыркы күндөрү көп талкууланып жаткан маселелердин катарына кирди. Анын себептерине токтоло кетсеңиз.

Эржан Сулайман
Эржан Сулайман

- Акыркы мезгилде, өзгөчө социалдык түйүндөрдө мектеп окуучуларынын жоолук маселеси кызуу талкууга алынып, түрдүү карама-каршы пикирлер айтылып, дискуссия күчөп жатат. Анын себеби аймактардагы мектептерде жоолукка байланышкан чыр-чатактардын фактылары уламдан-улам чыгып турганында. Дагы деле айрым мектептердин жетекчилери, мугалимдер тарабынан жоолукчан кыздарга басмырлоо, мажбурлоо көрүнүштөрү орун алууда.

Жоолуктан чыккан чыр кантип жөнгө салынат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:57 0:00
Түз линк

Акыркы учурда Чүй облусунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ушундай фактылар орун алды. Буга социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары түрдүү пикирлерди, көп нааразычылыктарды айтышты. Бул маселе боюнча мен дагы 30-декабрь күнү Билим берүү жана илим министрлигине өз кайрылуумду калтырганмын. Чүй облусундагы бир мектепте ушундай көрүнүш боюнча мугалим сөгүш алган. Ал жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бир жума мурда министрдин өзү менен дагы бул маселени талкууладык.

- 26-январда Билим берүү жана илим министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия "жоолук оронууга уруксат берилет" деп билдирбедиби. Кыргызстандын Конституциясы диний атрибутикага, анын ичинде жоолук салынуу маселесине да кепилдик берип турат. Эмнеге уламдан-улам мектептеги жоолук маселеси коомчулукта көтөрүлө берет?

- Туура, Конституцияда белгиленгенине, мыйзамдарда көрсөтүлгөнүнө, эл аралык милдеттенмелерде бар болгондугуна карабастан, улам-улам бул маселе көтөрүлүп, министрликтин деңгээлине жетүүдө. Жер-жерлердеги мектеп администрациясы, борбордук мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен жоолукка байланышкан көйгөйдү талкуулаганда мен бир нерсени байкадым. Ага чечим кабыл алуучу кызмат адамдарында Конституцияда кепилденген жана белгиленген адам укуктары менен эркиндиктери жөнүндө маалыматтын жоктугу себеп болууда.

Тилекке каршы, мамлекеттик кызматкерлер, мектеп жетекчилери өздөрүнүн жеке «жагат же жакпайт» деген мамилеси менен стандарттарын ишмердүүлүгүнө, кесиптик ишине байланышкан чечимдерге аралаштырып салгандыгында.

- Анда жоолук салынууга байланышкан маселе мектептеги мугалимдердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн компетентсиздигинен улам көтөрүлүп жатат деп айтсак болобу?

- Бул алардын адам укуктарын билбеген сабатсыздыгынан улам келип чыгып жатат. Биз алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, кээде ошол эле мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер «биз дүйнөбий (айдыңдык) өлкөдө жашайбыз. Дин мамлекеттен ажыратылган» деп айтып жатышат. Анан аларга «мамлекеттин дүйнөбий болгондугу, диндин мамлекеттен ажыратылгандыгы дин эркиндигин жокко чыгарылганын билдирбейт» деп кайра түшүндүрүүгө аргасыз болуп жатабыз. Так ушул дүйнөбий (айдыңдык) мамлекет деп бекитилген Конституциянын 16-, 20-, 32-беренелеринде дин эркиндигинин кепилдиги көрсөтүлүп, эч нерсе кошуп же кемитилбей кеңири түрдө бекитилген.

Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы эле адам укугу менен эркиндиктери боюнча дискриминацияны тыюу, алдын алуу ченемдерин билбегендиги, кээде аны үйрөнүүнү каалабагандыктары сезилүүдө. Азыр биздин коомдо көп түрдүүлүк кеңейип бара жатат. Бирок, «адамдардын бул түрүн жактырбаймын. Ушул социалдык топ жакпайт. Бул топтун сырткы атрибуттарын жактырбаймын» деген жеке мамилеси алардын кесиптик чечимдерди кабыл алуусуна таасир берип, кедергисин тийгизип жаткандыгы терс көрүнүш.

Кесиптик чечимдерди кызмат адамдары мыйзамга ылайыктап гана кабыл алуусу керек. Бир адам башка адамга жакпашы мүмкүн. Жумушка келгенде, өзгөчө мамлекеттик түзүмдөрдө, билим берүү мекемелеринде чечимдер мыйзамдын негизинде кабыл алынуусу шарт.

- Ошол эле социалдык желелерде мектепте жоолук оронууну жектеп, министрдин сөзүнөн кийин аны сындагандар болуп жатат. Алардын көбү интеллигенттүү эле кишилер. Демек, алар кыргызстандыктардын конституциялык укуктарын билбейт деп мүнөздөлөбү?

- Бул абдан эле терс көрүнүш болуп жатат. Министрдин сөзүн сындагандар билимдүү, белгилүү инсандар болгону өтө капалантат. Себеби, аларда «адам укуктарын кайсы бир социалдык топтор үчүн тааныйбыз, кабыл алабыз. Башка социалдык топтор адам укуктарына ээ эмес» деген кош стандартуу мамиле болуп жатат. Бул көрүнүш алардын мыйзамда адам укуктары кандай кепилденгени боюнча билимсиздигинен кабар берет.

- Бирок мектеп окуучулары өзү чечим ала турган куракта эмес. Ата-энелердин, туугандардын каалоосу менен хижаб кийгендер да бар. Мындай жагдайда укуктун чеги кандай аныкталат?

- Социалдык желелерде «окуучулар чечимди өздөрү кабыл ала албайт» дегендей пикирлер айтылып жатат. Мен буга кошула албаймын. Себеби, бул көйгөйлөр көбүн эсе ортоңку же жогорку класстарда окуган окуучулар менен болгон окуялар. Азыркы жаштар көп нерсени түшүнөт. «Алар түшүнбөйт. Аларга жоолукту таңуулап салган» деген сөздөр биздин жаштар, окуучулар тууралуу пикирибиздин начар экендигинен кабар берет. Бирок, мажбурлаган учурлар дагы болушу мүмкүн.

Ата-энелер балдарын диний ынамдарга гана эмес, башка багыттар боюнча дагы мажбурлаганы баарыбызга айкын. Эгер окуучу кыз өзү даттанбаса, билдирбесе, сабагын окуп, жоолугун салып мектепке келип жатса, анда мектептеги социалдык педагогдор сүйлөшсүн. Кыздар менен таанышсын. Билбей туруп «буларды жоолук салганга мажбурлаган» деген чечимди чыгарып, жоолугун чечтирүүгө аракеттенгенибиз булардын укугун одоно бузуу.

- Сиз жоолукчан кыздардын укугун коргоп келе жатасыз. Бул алардын жеке өзүнүн каалоосубу же ата-энелеринин мажбурлоосубу? Бул маселени изилдеп көрдүңүзбү?

- Бул маселеде «ак же кара» деп так айтуу мүмкүн эмес. Ар бир окуя, ар бир окуучу боюнча абал ар кандай. Кээ бирлери «99% бардыгын мажбурлап жатат» деп айтып жатышат. Айрымдары болсо «эч ким мажбурлабайт» дейт. Эки жооп тең туура эмес. «Ата-эне мажбурлап жоолук салдырат» деген маселеге токтолгондо, биз кайра эле мыйзамдарга кайрылышыбыз керек. Мен жеке мамилемди, укук коргоочулук ишимди мыйзамдардын ченемдерине гана негиздеймин. Адамдын укугун коргогондо биз мыйзамдуулукту коргойбуз.

Бул боюнча мыйзамдык ченемдерди айта кетсем. «Адамдын саясий жана жарандык укуктары жөнүндө» эл аралык пактынын 18-беренесинин 8-пунктунда «ар бир мамлекет ата-энелердин өз ынанымдарына ылайык балдарына диний жана адеп-ахлактык тарбия берет» деп жазылып турат. Демек, ар бир мамлекет балага тарбия берүү мамилесин урматташ керек. Балдар жөнүндө эл аралык конвенциянын 14-беренесинде «ар бир мамлекет баланын диний эркиндигин урматташ керек» деп жазылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде «адам туткан дини же башка ынанымдары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес» деп айтылган. Ал эми 20-беренеде «диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес» деп жазылган. Мыйзамдарга ылайык «диний ынанымдан баш тарт» дегенге эч ким бара албайт.

Конституциянын 32-беренесинде дагы «ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет жана эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес» деп жазылып турат. Ал эми жоолук менен хижаб диний ынанымдын ажырагыс бир бөлүгү жана атрибуту болуп эсептелет.

- Учурда өзгөртүлүп жазылып жаткан Конституциянын долбооруна сиз санаган адам укуктар жана дин эркиндиктери боюнча беренелер кирдиби же алар көңүлдүн сыртында калдыбы?

- Талкууга өткөн жылдын ноябрь айында чыгарылган Конституциянын добоорунда дин эркиндиги жаатында эмес, башка адам укуктары боюнча өтө терс өзгөртүүлөр киргизилген. Айрым ченемдер алынып салынган. Адам укуктары эң жогорку баалуулук экендигине шек келтирилген. Адам укугу эмес, адеп-ахлак баалуулуктары деген түшүнүк Конституциянын преамбуласына киргизилген.

«Адам укуктары» бөлүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр «адам укуктарынын Кыргызстандагы стандарттарына доо кетирет» деген билдирүүлөрдү учурунда биз жасаганбыз. Азыр иштелип чыккан Конституциянын акыркы вариантында адам укуктары жаатында кандай өзгөртүүлөр болгонун карап чыгыш керек.

Чындыгында бул чоң кооптонууну жаратат. Жоолук көйгөйүнө байланыштуу жакшы, оң көрүнүш пайда болду. Эми, бул чырдан улам жоолук салынган кыздардын укугун колдогон жарандар дагы Конституцияда белгиленген адам укуктары боюнча ченемдер өтө маанилүү экендигин билишти. Адам укуктары кемибей, тескерисинче кеңейтилүүсү керек экендигин көрүштү.

Адам укугун коргоодо мыйзамдуу инструменттердин, укук талаасынын алкагында - Конституцияда, кодекстерде, мыйзамдарда, эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн ченемдер менен коргонуу керек экендигин түшүнүштү.

– Маегиңиз үчүн алкыш!

Ред.: Баарлашууда айтылган көз караштарды "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албооңуздарды өтүнөбүз. Коомубузда жоолук же хижаб кийбей койгондорду жектеген учурлар да орун алгандыгы өкүнүчтүү. Бул талаш-тартыштуу тема боюнча талкуу жана ар кыл көз караштар камтылган серептерди жарыялоо болочокто да улантылат.

Пикирлерди көрүңүз (39)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG