Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Бир кылым илгерки таблик жамааты жана азыркы кыргыз коому


“Таблиг-и жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан таркап бара жаткандар. 13.3.2020.

Азыркы кыргызстандык ханафий мусулмандар сөзсүз эле Пакистан менен Индияда жайгашкан таблигчилердин бир кылым мурдагы усулуна ылайык диний таалим алышы зарылбы? Илимпоз Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.


«Таблиг-и жамаат» уюмунун (мындан ары бул терминди кыргыз тилине ыңгайлуу «таблик жамааты» түрүндө беребиз) келип чыгышы тууралуу маалымат көпчүлүккө кызыктуу болуп жатса керек. Анткени, бир тараптан, жамааттын бир катар кемчиликтеринен улам ага карата катуу сынга алуулар болуп жатса, экинчи тараптан, анын сүттөн ак экенин айтып коргогондор да аз эмес болуп турган убак.

«Негизи, бул бизге керек беле, бул жамааттын чыныгы максаты кандай, кайсы жакка алып барышы мүмкүн, өзгөчө саясий жана идеологиялык тутуму кандай?» деген суроолорду камтыган бүдөмүк абал тынчсызданууга себеп болуп жаткандай.

Албетте, бир эки ооз кеп менен бул белгисиздикти чечмелеп, бардыгын так түшүнүктүү кыла салуу мүмкүн эместир. Ошентсе да, маселенин даана аңдалышы үчүн зор мааниге ээ болгон өңүткө – бул жамааттын келип чыгышынын тарыхый башатына кайрылуу орундуу болчудай.


Таблик жамааттын пайда болушу
Бул жамааттын алгачкы тобу 1920-жылы, түндүк Индиядагы Харьяна штатына караштуу Меват аймагында пайда болгон.

(Караңыз: Jan A. Ali, ‘Tablighi Jamaat: a Transnational Movement of Islamic Faith Regeneration’, European Journal of Economic and Political Studies (EJEPS), 3. Special Issue (SI) (2010), 103–31).

Анын пайда болушунун негизги себеби катары жергиликтүү мусулмандардын ошол кездеги оторчу күч – Улуу Британиянын бийлигине каршы чыгуу, эгемен халифаттыкты кайра жандандыруу сыяктуу бир нече мүдөөлөр айтылат.

1923-жылы 29-октябрда мурдагы Осмон султандыгынын (өзүн «халифат» санаган ири мусулман мамлекетинин) кулашы, Түркия Республикасынын түптөлүшү британдык отор жай болгон Индиядагы жамааттын калыптанышына таасирин тийгизгендиги да айтылат.

Албетте, бул – таблик жамаатынын саясий/идеологиялык максаты бар экендигин жактаган кишилерин ой-пикирлери. Бирок таблик жамаатынан түптөлүшүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир саясий/идеологиялык, радикалдуу максаттар болгондугун жактаган көз караштар негиздүү эмес.

Анын үстүнө бул жамааттын пайда болушун шарттаган коомдук кырдаал муну далилдеп турат. Айтылуу жылдары Меваттагы мусулман коомчулуктун абалы начарлап кеткен. Аты мусулман болгону менен дээрлик мусулманчылыктын бүт негиздери унутулуп, жок болуп кеткенге жүз тутуп калган.

Жамааттын негиздөөчүсү катары таанымал Мухаммет Иляс Кандехлеви бул абалды туура баамдап, алгач медреседе окутуу аркылуу маселени чечүү мүмкүн экенине ишенген. Бирок анын натыйжасы Кандехлевини канааттандырбагандыктан жана жараян аябай жай жүргөндүктөн, ал сапарга чыгып, узак жолго түшүп, ар бир үйдүн каалгасын кагуу аркылуу исламдын эң жөнөкөй принциптерин таратууну туура көргөн.
(Sukron Ma’mun, “Tablighi Jamat; An İslamic Revivalist Movement and Radiclist İssues”, Journal of Islamic & Social Studies, Vol. 5, No. 2, July-December 2019).

Индуизмди кармангандарга салыштырмалуу Меваттагы мусулмандардын жакыр жашоосу, алардан карыз алып, аны пайызы менен кайра төлөөгө мажбур калуусу, дегеле (Меваттык мусулмандардын) индус маданиятынын таасиринде көп калып бараткандыгы – мусулман коомчулугунун ич ара оңой жамаатташып кетүүсүн шарттаган.

Ошентип, кыска убакыттын ичине үймө-үй кыдырып үгүттөө Меватта чоң ийгиликке жетишкен. Кыскасы, өз учурунда бул жамааттын иш аракеттеринин эң негизги кыймылдаткыч күчү – «мусулман бойдон сакталып калуу» деген аракет болгон.

Ал жердеги башкы максат – ошондой оор социалдык, экономикалык абалда мусулман идентификациясын сактап калуу болгон. Тийиштүү саясий, экономикалык жана социалдык шарттарды эске алганда, таблик жамаатынын пайда болушун жана иш алып баруусун орундуу деп эсептесе болот.


Миң дартка бир даба
Көрүнүп тургандай, бул жамааттын пайда болушун шарттаган пайдубал – толугу менен башкача болчу. Демек, бүгүнкү күндө иш алып барып жаткан таблик жамаатынын иш-аракетин «тийиштүү учурдун шарттарына карата М.И. Кандехлеви тарабынан маанилүү деп эсептелген принциптерди жайылтуу» деп сыпаттоо ката болбойт.

Бүгүн эгемен пост-советтик Кыргызстандагы абал – толугу менен башкача. Бүгүн ошол эле Кандехлеви эңсеп, бирок өз доору үчүн канааттандыраарлык натыйжа ала албаган түзүмдөрдү колдонуп, бирок үймө-үй кыдырбастан эле жеткиликтүү иш алып барууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Тактап айтканда, ошол эле медреселердин окуу программасын жаңыдан карап чыгып, чыныгы ислам баалуулуктарын көпчүлүккө жеткирүү мүмкүн. Мындан сырткары жогорку окуу жайларын, атайын окуу борборлорун өнүктүрүү аркылуу кыргызчалаштырылган ислам маданиятын жаңыдан түптөө мүмкүнчүлүгү да толук бар. Ал эми муну калың катмарга угузууда китеп, макала жазуу, атайын жыйындарды өткөрүү, ЖМКны, интернетти колдонуу сыяктуу жолдор колдонулса, үгүттөп жөн кыдыруудан алда канча алгылыктуу болот.

Демек, башка доордогу жана таптакыр башка аймактын турмуш чындыгына төп болгон маданий, социалдык муктаждыктарды, – дээрлик жүз жыл мурдагы отордук аймактагы муктаждыктарды, – мусулмандар басымдуу болгон бүгүнкү күндөгү эгемен жана секулярдык (айдыңдык) Кыргызстанда таптакыр эски усул аркылуу көөнөрбөс диний дөөлөт катары элге таңуулай берүүгө кантип баа берүү керек? Бул суроонун жообун табууну окурмандын өзүнө калтырдым.


Миң дартка бир дабаа дегендей, «Дүйнөнүн бардык эле жерине барып, ар кыл маданият, шарт, саясий абал деген факторлорду эске такыр албастан, эски усул жана калып аркылуу иш алып барып, ийгиликке жете алабыз» деген ой туура эмес. Айрым коомдор азыркы дааватчылардын ордосу болгон Пакистандан алда канча илгери өнүгүп кеткен.

Бул жерде бир нерсени аныктап алуу аябай маанилүү. Ар бирибиз өзүбүз менен кеңешип: «Мен чындап эле мусулман болууну каалап жатамбы же кандайдыр бир жамааттын мүчөсү болуу – башкы мүдөөбү? Эгерде мен акыйкат катары көргөн нерсенин акыйкат эмес экенин билип калсам, анда андан баш тарта аламбы? Мен акыйкат деп билгендерим – чындыгында акыйкатпы, муну майда электен өткөрдүмбү?..» деген суроолорду өзүбүзгө өзүбүз берип, өз алдыбызча жооп табышыбыз керек.

Бул суроолорго жооп берээрдеги кылдаттык – кишинин диний жашоосу башта болуу менен бирге бир топ жаатта жашоо таризин калыптандырат...


Дааватпы же Таблик жамаатыбы?
Ооба, таблик жамаатынын пайда болуу философиясынын бүгүн, биздин эгемен өлкөбүздө өтүмдүүлүгүнүн калбагандыгын айтып жатам. Анткени эгемендиктин дээрлик отуз жылы – мурдагы атеисттик режимдегидей мусулмандар күнкор болбой калгандыгын, дин ишеним эркиндиги толук канааттандырылып жатканын аңдоо үчүн жетиштүү убакыт. Бул жетишкендик – бир трагедия катары эмес, табигый жүрүм катары кабыл алынышы керек...

Дал ушул өңүттөн таблик жамаатына айтылган сынды «дааватка», т.а. жалпы маанидеги (жакшылыкка) чакырууга каршы айтылды деп кабыл алып, дароо окшосо-окшобосо коргонууга өтүү туура эмес.

Таблик жамаатына карата айтылган жакшы ниеттүү сын-пикирди Курандын кээ бир аяттарына («жакшылыка чакыруу» маанисиндеги), үймө-үй кыдырып, Исламды жайган Пайгамбардын жолуна каршы келүү катары сыпаттаган молдокелерибиз бар чыгаар.


Бул – толугу менен бурмалоо болуп саналат. Анткени Курандын «жакшылыкка чакыруу» деген буйругу бир гана таблик жамааты аркылуу ишке ашпайт. Муну жактаган ажыкеге Курандын «жакшылыкка чакыруу» деген буйругу 1920-жылы таблик жамааты иш баштаганга чейин да жүзөгө ашып келгенин эстетким келет жана мындан кийин деле эч кандай жамаатка карабастан жакшылыкка үндөө жүрүмү улана берет...

Эмне, эгерде таблик жамаатынын иш аракети токтосо, анда кишилер бири-бирин жакшылыкка чакыра албай калабы?

Экинчиден, «Азирети Пайгамбар кудум ушинтип дин жайылткан, демек буга каршы чыгуу – Пайгамбарга каршы чыгуу», –- деген тыянак да туура болбой калат.

Пайгамбардын доорунда илим жана маалымат технологиясы азыркыдай бийиктикке чыга элек болгондуктан, ал өз доорунун усулдарын колдонгон. Демек, ал өз үгүтү маалында өз учурунун болгон мүмкүнчүлүгүн колдонду, төө менен жер кезди. Ал «бастырма астында байырлагандар» («асхаб ас-суффа») деп аталгандарды – үй-жайы жок кишилерди мечит короолорунда байырлатып, аларга дин таалимин берип, алгачкы мектепти курду.

Пайзамбар өзүнүн бай аялы Кадичанын (Хадижа) мүлкүн исламды жайылтууда да пайдаланды...

Көрүнүп тургандай, пайгамбар иш-аракетин болушунча натыйжалуу алып баруу үчүн өз доорунун болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонду.

Биздин милдет – аны механикалык тууроо эмес, андан үлгү алуу. Андыктан бир мусулман катары, бүгүнкү күндүн болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуп, Исламдын нукура баалуулуктарын көчөмө-көчө кыдырбастан жеткирүү (технолгияга таандык даават түрүн кылуу) – пайгамбардын жолунан чыккандык болуп саналбайт, тескерисинче анын жолун накта улантуу болуп саналышы керек, деп айткан диниятчылардын пикирлери омоктуу сезилет.

Андыктан тарыхтын ар бир доорунда болгон сыяктуу, киши өзүн тиешелүү сезген жамаатты, тарикатты, агымды иши кылып VII кылымдагы коомдук тажрыйбага тикелей алып барып такоонун эч кажети жок.


Тарыхта «Мага каршы чыксаң Пайгамбарга каршы чыккан болосуң, Кудайга каршы келген болосуң!» деп элди коркутуп келген жамаат башчылары эч кемиген эмес. Бул, балким, улана бериши ыктымал. Буга дүйнөдөгү ич ара жиктелип кеткен көп диний ишенимдердин тарыхы мисал. Христиандарда, маселен, ортодокс (православ), католик, протестант ж.б. болуп жиктелишти. Ортодокстор ич ара жиктелишти (кийинки жөрөлгөлөрдү жериген «эски диний агымчылар» – «староверлер» да бар эмеспи).

Мусулмандарда да бардык эле жамаат өзүн эң туура, Пайгамбарга эң жакын деп эсептейт жана муну далилдөө максатында бир канча аят жана хадистерди жоромолдоп, далил көрсөтөөрү маалым. Бул – бир гана көрсөткүч эмес. Анткени ашынган, радикалдуу топтор да кез-кези менен кылган кылыктарын Пайгамбардын осуяты менен, Куран аяты менен далилдегенге далаалат кылышат...


Кандайдыр бир аятты же хадисти өзүнө ыңгайлаштырып жоромолдоп, «Мынаке, Алла Куранда биздин жамаатты ышарат кылган, Пайгамбар бул хадисинде бизден кабар берген...» деп өзүнүн тар агымын үгүттөө – ар кыл агым, жамаат, тарикаттардын орток илдети. Куранда же Азирети Мукамбет пайгамбардын (570–632) сүннөтүндө пайгамбар каза болгондон кийин пайда болгон эч бир чакан жамаатка, тарикатка же топко түз ишаара жок.


Жыйынтыктап айтканда, таблик жамаатынын иш-аракети толугу менен бащка өлкөдө жана башка тарыхый шарттарда колдонулган болчу. Аны XXI кылымдын башыдагы эгемен мамлекетибизде диний агартуунун бышып жетилген калыбы, өрнөгү катары көрүү жана коомдук тажрыйбага таңуулоо туура болбой калат.

Анын үстүнө, Ала-Тоодогу кыргыз коомунун бүгүнкү социалдык, экономикалык, маданий жана саясий абалын жана өрүшүн эске алганда, секулярдык, көп этностуу, көп диндүү жарандык коомго ылайык дин ишеними саясатын жүргүзүү – ар бир диний агым үчүн заманбап технологияга жана интеллектуалдык жетишкендиктерге таянган демократиялык усулдарды пайдаланууну талап кылат. Кыргыз мусулмандары бул жогорку талапты пакистандык эскичил таблигчилерсиз эле татыктуу колдонуп келишет.

Элмурат Кочкор уулу,
Түркия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG