Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Муфтияттагы жагдай кантип жөнгө салынат?


”Биз жана дин" түрмөгүндө муфтияттын, анын жетекчилигинин ишмердигин жана келечегин талдоого алабыз.

Муфтияттын айланасындагы чуулгандуу окуя өлкөдөгү эң талкууланган темалардын бири болду.

Эксперт Канатбек Мурзахалилов бул жагдайды талдоо үчүн саясий илимдердин кандидаты Тимур Козукулов менен “Саресеп” аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракуновду кепке тарткан.

Мурзахалилов: - Президент Садыр Жапаров да муфтияттагы абалга кеңири токтолуп, 155 миллион сомго жакын акча былтыркы парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын кызыкчылыгына иштетилип кеткендигин айтты. Муфтияттын бул кадамын сиз кандай баалайт элеңиз?

Муфтияттагы жагдай кантип жөнгө салынат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:21 0:00
Түз линк

Өмүракунов: - Дин кызматкерлеринин, кээ бир жамааттардын башында турган адамдардын бийлик же ага жакын топ менен алакага кирип кетүүсү ушундай оор кесепеттерге алып келди. Буга чейинки бийликке келем деген партиялардын бирине муфтий акча берген деп айтылып жатат.

Анын артынан ызы-чуу чыгып, Аалымдар кеңешинин төрагасы “2020-жылы пандемия убагында токтотулган ажыга бара турган кишилерден топтолгон акча каякта? Анын эсебин бергиле” дегенден ызы-чуу чыгып, ырбап ушундай жаман жагдайга жеткирди. Эми “Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын бул боюнча далилдери коомчулукка чыккан жок” деп айтылган пикирлер да туура. "Бул окуяны сыртка чыгарбай эле жең ичинен бүтүрүп койсо болмок" деген түрдүү пикирлер бар.

Эң негизгиси “кылмыш жасалган болсо, ага жооп берүү керек” деп айтылат. Бирок, чынын айтканда бардык тарапта күнөө бар. Эми бул окуяны башка жолдор менен чечсе жакшы болмок.

Мурзахалилов: - 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынында муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, канааттандырды. Жаңы муфтийди шайлоо боюнча курултай 5-апрелге белгиленди. Эми курултайдан кийин жалпы эле муфтият түзүмү кандай реформаларга муктаж?

Тимур Козукулов
Тимур Козукулов

Козукулов: - Муфтияттын айланасындагы акыркы окуя менен чектелип, ой жүгүртүү такыр туура эмес. Бул системалуу жагымсыз жагдай кайра эле кайталанып келгендей болуп жатат. Буга чейин эле кайсы гана күчтөр болбосун булардын башына деле ушундай иштер түшкөн.

Негизги өзөк “муфтиятты реформа кылып, тигил же бул аалымды Дин башкармалыгынын башына алып келүү менен муфтият оңдолот” деген пикир бир аз ишеним жаратпайт. Жаңы муфтийдин шайланышы, мусулмандар курултайынын өткөрүү 1943-жылдын ноябрь айында Ташкент шаарында Сталиндин убагында өткөн курултайга окшош. Ал Советтер Союзунан калган бир система.

Кыргызстан эгемендүүлүк алып, өз алдынча муфтият түздү. Бирок, ошол эле союздан калган система кайталанып келе жатат. Ошондуктан, азыркы учурга карата конфликтологиянын, политологиянын теориялары менен жаңыча, башкача нуктагы система түзбөсө болбойт. Эскиси ишеним жаратпайт.

“Мамлекеттин дин багытында саясаты бар. Ошол саясат менен кошо алып кете турган түзүм бар” дешет. Бирок, ал жерде кеп муфтийлик персонада эмес, сөз системада. Ал талданып, системалуу өзгөрүүлөр болуусу керек.

Мурзахалилов: - Ушул сиз айткан системалуу өзгөрүүлөр менен талдоолор кайсы багытта жүргүзүлүүсү зарыл?

Козукулов: - Кыргызстан калкынын 85% түзгөн мусулмандардын муфтийи – алардын башчысы, чоңу деген философиялык түшүнүк бар. Муфтият элге, коомго кызмат көрсөткөн бир орган катары кабыл алынышы керек. Адегенде ушул философияны өзгөртүү шарт. Муфтий элге, коомго диний кызмат кылган органдын башында турган жетекчи катары гана кабыл алынышы керек.

Экинчиден, конфликтологияда “патронаж” деген түшүнүк бар. Ушул учурга чейин муфтий же муфтиликке бара турган адам бирөөнүн патронаты менен иш жүргүзгөндөй. Бул “анын адамы, жетекчилик, бийлик менен ушул адам ортомчу болот. Ушул адам аркылуу муфтий болот” деген сөздөр айтылып келген. Кимдер, кандай болгону далилденген нерселер. Эми “патронаждык” теориядагы түшүнүктү алып салуу зарыл. Мындайча айтканда, биз дүйнөбий мамлекетпиз. Мамлекет динге кийлигишпеш керек деген эмес. Бул жерде мамлекет “Муфтий кандай кызмат аткарат, кандай ыйгарым укуктары бар? дегенди мыйзам менен чектеп коюш керек.

Муфтият айланткан миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00

Мурзахалилов: - Учурда муфтияттын айланасында болуп жаткан окуялар кыргыз ислам дүйнөсүнө кандай таасирин берет?

Өмүракунов: - “Муфтий камалды” деген сөз тарайт. Дүйнө коомчулугуна Кыргызстанда мусулманчылыкта ушундай иштер болуп жатыптыр деп кесепетин тийгизет. Кандайдыр бир ишенбестиктер пайда болот. Эми абалды жөнгө салууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тиешелүү органдар менен абалды ачыкка чыгарыш керек.

Мурзахалилов: - Бардык эле постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинен Кыргызстанда Советтер Союзунан бери калыптанып калган мусулмандардын дин башкармалыгынын системасы иштеп жатат. Эми жаңыча критерийлердин негизинде муфтийди, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн кандайча тандап алса болот?

Козукулов: - Муфтийди шайлоо Кыргызстан мусулмандарынын курултайында болот деп айтылып жатпайбы. Өзүңүз деле Дин комиссиясында иштегенсиз. Курултай кантип өткөрүлөт? Ага делегаттар кантип, ким тараптан шайланып келет? Ага мамлекеттик органдар аралашып келе жаткан да, туурабы? Бул жашыруун эмес. Болуп келген нерсе. Эми мындай нерселерди токтотуш керек.

Мамлекеттин бийлик органдарына бара турган мамлекеттик кызматкерлерге койгон талаптары бар. Ал эмне? Билими. Биз муфтийликке талапкердин билимине, аң-сезимине басым жасашыбыз керек. Муфтийлик орунга “бул тигинин, мунун адамы экен” дегенге эмес, билимине, иш тажрыйбасына кароо зарыл. Билими ушундай бийик планкага туура келеби? Ушундай талапты коюш керек.

Мурзахалилов: - Учурда Кыргызстандагы ислам чөйрөсүндө иш жүргүзүп жаткан бардык жамааттарды бириктире алган, лидерлик сапатка ээ фигура барбы?

Эсен Өмүрканов
Эсен Өмүрканов

Өмүракунов: - Негизинен структура катары муфтият өзү бардык ислам жамааттарын бириктирип турат. Юридикалык жагынан караганда муфтият бардык жеке фонддор менен бирдей статуста. Бирок, мамлекет менен өзгөчө мамилеси болгондуктан, өлкө мусулмандарын багыттап, бириктирип турган жер. Анан сиз айткандай фигура табуу оор деле эмес деген ойдомун. Болгону бардык жамааттардан белгилүү деңгээлде узагырак адам болушу керек. Мамлекет ага жардам бериши керек. Муфтийликке келген адам бардык жамааттарга калыс мамиле кылганга аракеттенүүсү шарт.

Мурзахалилов: - Деги эле муфтийлик кызматка, Аалымдар кеңешинин төрагалыгына, анын мүчөлүгүнө кандай сапатка ээ болгон кишилер келсе жакшы болот эле?

Козукулов: - Маселе ушунда. Мына биздин коомдо атайын “бир, эки, үч, төрт” деп колуң менен санап бере турган кишилерди аалым катары жаратып алабыз. Анан “ушулар гана болот. Башкалары такыр жарабайт. Абалды ушулар гана оңдойт” деген аң-сезимди элге сиңирип алып, ушундай жагдайларга туш болуп жатабыз.

Кыргызстанда диний багытта иш алып бара турган адамдар толтура. Аны танып, кишилер жок деп айта албайбыз. Теологиялык факультетти аяктаган адис катары “бизде 500дөй бүтүрүүчү бар” десем, башкалар мына “теологдор өздөрүнөн башташты” деген сөздөрдү дароо эле айтышат. Аны да билем. Бирок, дипломдуу, коюлган талаптарга жооп берген Аалымдар кеңешине же муфтийликке жарамдуу кишилер чыкпай калышы мүмкүн. Ошол эле Кыргызстан ислам университетин бүтүргөндөрдүн арасынан да бар, туурабы? Биздин учурдагы коомдогу көйгөйүбүз белгилүү гана адамдарды “ушулар гана кыйын, алар абалды оңдойт” дегенибиз. Мен аларды жаман деп айткым келбейт. Бул коомдогу, аң-сезимдеги көйгөй.

Мурзахалилов: - Келечекте шайланып келген муфтий өз жумушун эмнеден башташы керек?

Өмүракунов: - Келечектеги муфтий жамааттарды бириктирүүгө аракет кылышы керек. Мамлекет менен таза, ачык-айкын иштегенге умтулуусу зарыл. Эми бул жакта бир жактуу оңолуп кетүү мүмкүн эмес. Муфтияттагы окуялар, көйгөйлөр мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөрдүн бири. Андагы жараяндардын чагылдыруусу деп айтсак болот.

Козукулов: - Шайланып келе турган муфтий белгилүү бир кызыкчылыкты көздөгөн топтун же бир жамааттын кызыкчылыгы үчүн иштебейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Муфтий мамлекеттүүлүктөгү талап кылынган иштерди жасаш керек. “Мамлекетте дин, коопсуздук маселери кандай орунда болуусу керек?" деген суроого жооп берип, аны аткара турган адам болуусу шарт. Ушундай ой жүгүрткөн адам муфтий болуусу керек. Азыр ар кандай сөздөр жүрүп жатат, жазылып да жатат. Ушак-айың, бирөөнү каралоо, пиар, кара пиар жүргүзүлүүдө. “Бул кишинин адамы, ал аны муфтийликке койгусу келип жатат” дегендей. Маселе анда эмес. Маселе көйгөйдү чечүү жолунда.

Мурзахалилов: - Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараптан жүргүзүлгөн ислам диний чөйрөсүн реформалоого багытталган алгылыктуу иштерден кабардарбыз. Бирок, кечээги окуялар муфтияттын аброюна көлөкө тушүргөнүн да тана албайбыз. Мындан ары муфтият өз системасын жөнгө салууда кандай приоритеттүү багыттарды колдонсо болот деп эсептейсиз?

Өмүракунов: - Муфтияттын ичиндеги кадрдык маселелерди жакшылап караш керек. Бейтарап фигураны муфтийликке шайлап, облустардагы казылардын компетенттүүлүгүн да карап чыгуу зарыл. Канчалык деңгээлде алар ээлеген ордуна татыктуу? Райондук масштабдагы имам-хатибдер үчүн бул талап кыйын го. Азыркы кезде облустук казыяттарга күчтүү, билимдүү, мамлекеттик мыйзамдарды, шариятты эсепке алган фигураларды койгонго мүмкүнчүлүк бар. Илимдүү, билимдүү балдар да чет өлкөлөрдөн окуусун бүтүрүп келип, Кыргызстанда иштеп жатышат. Ушундай балдарды тандап, структуралык өзгөрүүлөргө барыш керек. Башка укуктук маселелерди юристтердин жардамы менен чечүү зарыл. Муфтияттын ишинин ачык-айкындык жагын камсыздап, акчаны колдон келишинче бир жерге топтобой, бир максатка сарптабай турган кадамдарга баруусу керек деп ойлоймун. Ажылыкты болсо коммерциялык жеке жактарга бериши керек.

Мурзахалилов: - Муфтияттын эффективдүү иштөөсү үчүн кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизге ылайыктуу деп эсептейсиз?

Козукулов: - Бир же бир нече өлкөнүн тажрыйбасын алуу менен болбойт. Бардык эле өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап, өзүбүздөгү конфликтолог, политолог, түрдүү мамлекеттик органдын кызматкерлери биригип, талдап, система түзүп, анын негизинде программа иштеп чыгуу керек.​

XS
SM
MD
LG