Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Парламент Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуу уюштурду


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

17-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча суроолоруна жооп алуу максатында Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн чакырышты.

Жолугушууда алгач Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат берди.

Ал жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы маанилүү делген бир нече багыттарды санап берди. Алардын арасында - "эл бийлигин бекемдөө", "шайлоолорду өткөрүүнүн жаңы тартиби", элдик курултай, социалдык маселелер, бийликтин жоопкерчилиги бар.

"Адам укугун биз эки багыт боюнча өткөрдүк. Биринчи багыты - адам укугуна кепилдик болгон бир мамлекеттик орган болушу керек. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда ошол адам укугуна кепилдик болгон мамлекеттик орган жок. Ошондуктан адам укугун бузууга шарт түзүлүп калды. Биз эми кепилдик бердик. Мындан ары адам укугун жана эркиндигин коргоонун кепилдигин президент алып жатат", - деди Бөрүбашев.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ 2 айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG