Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Президент аппаратынын өкүлү жарандар менен чек ара маселесин талкуулады


Бийлик өкүлдөрү менен чек ара маселесин көтөргөн жарандардын жолугушуусу. 17-февраль, 2021-жыл.
Бийлик өкүлдөрү менен чек ара маселесин көтөргөн жарандардын жолугушуусу. 17-февраль, 2021-жыл.

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатиев баштаган бийлик өкүлдөрү жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облусунун тургандары менен чек арага байланыштуу жолугушуу өткөрүштү. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, өкмөт аппаратынын, атайын кызматтын жана башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

17-февралдагы бийлик өкүлдөрү менен жарандардын жолугушуусунда кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аралары делимитация, демаркациялоо иштери, аткезчилик жана аймактагы калктын турмушун оңдоо үчүн шарт түзүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Соңку күндөрү Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан, Өзбекстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн. Анда чогулгандар өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты.

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Казактан, Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды. Бул тууралуу 15-февралда өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG