Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

COVID-19: 70 адамга жугуп, бир бейтап каза болду


Коронавирус менен күрөшкөн медайым
Коронавирус менен күрөшкөн медайым

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Бишкекте бир адам каза тапты​. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1447 кишиге жетти.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 689 адамды түздү. 82 525 адам айыгып чыкты.

Ооруканада 418 бейтап дарыланууда, алардын 125инин абалы оор, 21и өтө оор абалда. 360 киши үйүнөн дарыланып жатат.

18-февралда төрт медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4201, алардын ичинен 4132си айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG