Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

УКМКнын башчысы Ташиев Германиядан учуп келип, Баткенге барат


Камчыбек Ташиев ооруканада (Сүрөт президент Садыр Жапаровдун "Телеграм" каналынан алынды).
Камчыбек Ташиев ооруканада (Сүрөт президент Садыр Жапаровдун "Телеграм" каналынан алынды).

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 18-февралда саат 10:00дө Германиядан Бишкекке учуп келип, Баткенге жөнөйт. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровдун “Телеграм” каналына таянып жазды.

Андагы маалыматта “тийиштүү маселелер жеринде каралат", - деп айтылган. Соңку күндөрү Баткен районунда, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Тажикстан, Өзбекстанга чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн. Анда чогулгандар өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ташиев чет жакка доктурдун сунушу боюнча барууга мажбур болуп жатканын билдирип, 6-февралда жөнөп кеткен.

52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG