Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Бишкекте теракт уюштурууну көздөгөн согушкер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын мурда издөөдө жүргөн жараны (С.А.С.) Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөө учурунда такталгандай, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп кеткен. Ал ошол жылы жашыруун террордук уюмдардын курамында жүрүп, борбор калаада теракт уюштурууну көздөгөн. Ал өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө эле.

Кармалган киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чаралары башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG