Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Момбеков: Конституциянын жаңы долбоорун бекитүү боюнча "жол картасы" бар (фото)


Депутат Рыскелди Момбеков. 2019-жылдын 13-августу
Депутат Рыскелди Момбеков. 2019-жылдын 13-августу

Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана Жогорку Кеңеште добушка салуу боюнча депутаттарга алдын ала "жол картасы" таркатылган. Бул тууралуу "Азаттыктын" 18-февралдагы "Эксперттер талдайт" талкуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кабарлады.

"Конституциянын жаңы долбоорунун автору ким экени талашка түшкөн. Ага демилгечи болгон 80 депутатпы же Конституциялык кеңешмеби - билбей жатканбыз. Долбоор менин колума мына кечээ эле тийди. Анын аягында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин колу турат. Демек долбоордун автор - Бөрүбашев. Дагы бир кызык жагдай - бардык депутаттарга жаңы долбоор качан талкууланат, добушка качан коюлат жана бекий турган датасы көрсөтүлгөн "жол картасын" таркатышты. Бул кандайдыр бир мамлекеттик иш-чаранын программасындай болуп калыптыр. Ушундай жол менен да Баш мыйзамды кабыл алабы? Ошондуктан мен кечээки жыйынга жана андан мурункуларына да катышкан жокмун".

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча жол картасы
Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча жол картасы


17-февралда Жогорку Кеңеште депутат Нурбек Алимбеков модератор болуп, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөн. Анда депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун бекитүүгө ашыкпоо зарылдыгын белгилешкен.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ 2 айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, долбоорду парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG