Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

БШК Искандер Гайпкуловдун мандатын алууну кийинки аптага калтырды


Искандер Гайпкулов.
Искандер Гайпкулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 18-февралдагы отурумунда беш маселени карады. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев күн тартибине Искандер Гайпкуловдун мандатын алып, тизмедеги кийинки талапкерге өткөрүп берүү маселесин киргизүүнү сунуштады.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова активист Темирлан Ормуковдун депутат Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу жазган арызы боюнча соттук иш келерки аптада Жогорку сотто карала турганын белгилеп, Гайпкуловдун мандатын ошонун жыйынтыгы менен кароону өтүндү. Талаш-тартыштардан кийин Боршайкомдун мүчөлөрү мандат маселесин кийинки аптага калтырышты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган. 2017-жылы ал «Мегаком иши» боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искандер Гайпкулов депутат болуп келген.

2020-жылы Жогорку сот «Мегаком ишин» жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. БШК арызды былтыр 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

Мындан кийин активист Темирлан Ормуков Текебаевге Шер-Нияздын мандаты берилгенин мыйзамсыз деп атап, ага Гайпкуловдун мандаты берилиши керектигин талап кылып сотко кайрылган.

2020-жылдын 23-ноябрында Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Бишкек шаардык соту да 25-декабрда Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. БШК Жогорку сотко даттанган.

Искандер Гайпкулов 9-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Гайпкуловдун ордуна «Ата Мекен» партиясынын 2015-жылкы тизмесинин негизинде Шайлообек Атазов келери айтылып жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG