Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы келечеги НАТО жыйынында каралууда


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин шаршембиде башталган жыйыны бүгүн дагы уланууда. Пандемиядан улам онлайн форматында өтүп жаткан жыйындын биринчи күнүндө Түндүк Атлантикалык альянсты модернизациялоо боюнча реформалардын планы талкууланды.

18-февралда уюмга мүчө өлкөлөр Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн келечегин талкуулап, чечим кабыл алышат.

Былтыр февралда АКШ менен Талибан кыймылы кол койгон келишимге ылайык Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскерлерин апрелдин аягына чейин чыгарып кетиши керек болчу. Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Аль-Каида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү керек болчу. Бирок соңку мезгилде Ооганстанда жайкын тургундарга каршы зомбулук, кол салуу, ар кыл жардыруулар көбөйүүдө.

АКШнын быйыл кызматка киришкен президенти Жо Байден талиптер тарабынан тынчтык келишимдин шарттарын аткаруу маселесин кайра чыгарын билдирген болчу. Буга байланыштуу Ооганстанда жоочулар кайрадан активдешип жаткан чакта эл аралык күчтөрдү чыгарып кетүү канчалык туура болот, деген талкуу жаралган. Бүгүнкү жыйында НАТОнун Ирактагы миссиясынын келечеги да талкууланат.

Түндүк Атлантикалык келишим уюму (НАТО)- Европанын бир катар мамлекеттеринин, АКШ жана Канаданын башын кошкон аскердик-саясий блок. 1949-жылы АКШ, Канада жана Европадагы 10 өлкө Советтер Союзунун экспансиясына каршы туруу максатында негиздешкен. Азыркы учурда ага 30 мамлекет мүчө.

XS
SM
MD
LG