Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Москвада полиция Немцовдун эстелигине барчу жолду тороду


Москвадагы "Немцов-көпүрө" эстелиги.
Москвадагы "Немцов-көпүрө" эстелиги.

Москвада полиция саясатчы Борис Немцов киши колдуу болгон жерге тургузулган эстеликтин айланасын курчады. Анын алдына чогулган ыктыярчыларды кармап кетти.

Znak.com. сайты кабарлагандай, ыктыярчылар "Китай-город" райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалган активисттердин бири полиция аларды "ары-бери өткөндөргө тоскоолдук жараткан" деп айыптап жатканын маалымдады.

Ыктыярчы Григорий Симаков тартип коргоо органдары Немцовго тургузулган инсталляцияны сүрдүрүүнү көздөп жатканын билдирди.

Анын айтуусунда мурда бийлик көпүрөнү курчаганы менен эстеликтин өзүнө барчу жолду торогон эмес, бул жолу эстелик да тосмолонду.

Борис Ельциндин тушунда вице-премьерлик кызматты аркалаган Немцов Орусиянын азыркы лидери Владимир Путиндин саясатын ачык сындап келген.

Ал 2015-жылдын 27-февралында Кремлдин жанында атылган. Кылмыш боюнча беш адам соттолгон. Ошол эле маалда тергөө буйрук бергендерди таба алган эмес.

Немцов өлтүрүлгөн күндөн тарта анын тарапкерлери саясатчы атылган жерди "Немцов-көпүрө" деп атап, эстелик тургузушкан. 2017-жылы августта мемориалды кайтарып турган ыктыярчылардын бири белгисиз адамдын колунан каза болгон.

XS
SM
MD
LG