Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:51

COVID-19: 20-февралда 107 адам сакайды

COVID-19 вирусун аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.
COVID-19 вирусун аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 20-февралга карата берген маалыматы боюнча акыркы суткада оорудан 107 адам айыкты.

Анын ичинен жетөө медицина кызматкери.

20-февралда эки адам коронавирустан каза тапты. Алардын бири Бишкекте, экинчиси Ысык-Көл облусунда катталды.

Акыркы суткада вирус 59 адамдан табылды.

Оору жуктургандардын басымдуусу Бишкекте – 22 адам. Чүйдө -18, Ысык-Көлдө – 9, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда жана Ош шаарында бирден адамга коронавирус инфекциясы жуккан.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 831 адам чалдыгып, 82 690 адам сакайды. 1452 адам каза болду.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG