Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

АКШ элчилиги Матраимовдун кармалышын кубаттады


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени адалдоо жана коррупция боюнча тергөө башталып, кармалышын кубаттайт.

Мындай билдирүү элчиликтин “Твиттердеги” баракчасына жарыяланды.

“Биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен уурдалган активдерди аныктоо, эгер аныкталса кыргыз элине кайтаруу боюнча кызматташууга даярбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКдан сурак маалында кайрадан кармалган. Бул жолу ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу айып тагылды.

19-февралда анын бөгөт чарасы аныкталат. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айып пулга жыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жараткан.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган болчу.

Аталган мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

XS
SM
MD
LG