Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Тихановская эки журналистке чыккан сот өкүмүн сындады


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская журналисттерге карата чыккан сот өкүмүн сынга алды.

Бул тууралуу Тихановская Минскинин соту "Белсат” телеканалынын эки кабарчысын эки жылга кескен соң “Настоящее время” телеканалына курган маегинде билдирди.

Учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн оппозионердин айтымында, акыркы сот чечими менен Лукашенконун режими маалымат каражаттарына “бийлик менен бирге болбосоңор түрмөгө камаласыңар” деген ишаратты берип жатат.

Беларус соту 18-февралда нааразылык акциясын түз эфирде көрсөткөн “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга кескен.

“Белсаттын” журналисттери былтыр 15-ноябрда оппозициянын нааразылык акциясы учурунда кармалган. Аларга карата “коомдук тартипти бузууга багытталган калайман иш-чараларды уюштуруу” беренеси боюнча айып тагылган. Бул сот чечимин бир катар эл аралык уюмдар айыптады.

XS
SM
MD
LG