Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

«Таза шайлоо» ассоциациясы жергиликтүү кеңештердин шайлооcуна байкоо жүргүзөт


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. (Иллюстрациялык сүрөт)
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. (Иллюстрациялык сүрөт)

Кыргызстандагы «Таза шайлоо» ассоциациясы 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун даярдыгына жана анын өткөнүнө байкоо жүргүзөт.

Бирикмеден түшкөн арызды Борбордук шайлоо комиссиясы 19-февралдагы отурумунда канааттандырып, тиешелүү күбөлүк тапшырды.

«Таза шайлоо» ассоциациясы бир нече өкмөттүк эмес уюмдардан куралган. Уюм шайлоо өткөн сайын ага байкоо жүргүзүп, шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча билдирүүлөрдү жасап турат. Уюм 10-январда өткөн президенттик шайлоого жана референдумга да байкоо жүргүзгөн.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн 5 шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Алар да соңку өнөктүккө кошулуп өткөрүлгөнү жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG