Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Тажикстанда салык кызматы блогерлерди каттоого алат


Тажикстанда блогерлер 1-апрелге чейин салык бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына өлкөнүн Салык кызматынан кабарлашкан.

Аталган кызмат өлкөдө 3 миллиондон 19 миллионго чейин катталуучусу бар 29 баракча жана канал боюнча маалымат бар экени, бул жаатта иш алып барган блогерлер соцтармактардан тапкан пайдасынан салык төлөшү керектигин билдирген. Бул талапка баш ийбегендерге мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Салыкчылар түзгөн тизмеге Бехруз Зеваров, Рафаел Гулов, Орзу Исоев, Диловар Сафаров, Шабнами Сурайё, Фарзонаи Хуршед, Нигина Амонкулова жана Зулайхо Махмадшоева сыяктуу интернетте таанымал ырчы, блогерлер кирген. Анын ичинен төртөө Салык кызматынан расмий каттоодон өткөнүн жарыялаган.

Тажикстандагы блогерлер интернеттен тапкан пайдасы аз эле экенин жана социалдык тармактагы баракчаларын жабууга аргасыз болуп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG