Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

43 беларус чиновнигине визалык санкция салынды


Беларус паспорту
Беларус паспорту

Кошмо Штаттар Беларустагы «демократияга бүлүк салууга жоопкер» деген жүйө менен 43 адамга, анын ичинде жогорку даражалуу аткаминерлерге виза санкцияларын салды.

Билдирүүдө маалымдалгандай санкцияга туш болгондордун арасында «тартип коргоо органдарынын жетекчилери жана тынч демонстранттарды кармаган катардагы кызматкерлер, тынч демонстранттарды жана журналисттерди эркинен ажыраткан соттор жана прокурорлор, толкундоолорго катышкан студенттерди коркутуп-үркүткөн академиялык жетекчилер» да бар.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 18-февралда тараткан өз билдирүүсүндө Вашингтон авторитардык лидер Александр Лукашенко жана анын өкмөтү тынч демонстранттарды, активисттерди жана журналисттерди басмырлоону улантып жатканына тынчсызданып жатканы белгиленген.

Билдирүүдө «Весна» укук коргоо борборундагы, Беларус журналисттеринин жана көз карандысыз профсоюздардын ассоциациясындагы тинтүүлөр, ошондой эле 18-февралда журналисттер Екатерина Андреева менен Дарья Чульцовага чыгарылган сот өкүмү өзгөчө тынчсыздандырып жатканы» жазылган.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодо Лукашенконун жеңгени жарыяланганы менен оппозиция добуш берүү бурмаланганын айтып, аны тааныган эмес. Ошондон бери нааразылык акциялары уланууда.

Анын катышуучуларына бийлик күч колдонуп, аёосуз таркатып, куугунтуктап келет. Оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү камалса, башкалары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG