Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

АКШнын «Персеверанс» жабдыгы Марска конду


Марстан жөнөтүлгөн сүрөт
Марстан жөнөтүлгөн сүрөт

АКШнын «Персеверанс» жабдыгы 18-февралда Марска конду. Жабдыктын планетага конгону түз эфирде америкалык аэрокосмостук агенттиктин (НАСА) сайтында көрсөтүлдү.

Космостук аппарат Марска атайын парашюттун жардамы менен конуп, алгачкы сүрөттөрдү жөнөттү.

Марсоход планетадагы тирүү организмдердин белгилерин жана кыртыштын үлгүлөрүн чогултуп, жерге алып келет.

«Персеверанс» биринчи жолу Марска былтыр июль айында конгон. “Марс-2020” миссиясынын алкагында жабдык планетада 700 суткадай жүрүп, бир катар иш бүтүрөт.

Быйыл февраль айында Кытай Марска космостук зондду жөнөткөн. Ага чейин Сауд Арабия “Аль-Амаль” деп аталган биринчи спутникти кондурган.

XS
SM
MD
LG