Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Аба ырайы: кар жаайт


«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскертти.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.

21-22-февралда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

20-февралда күндүз жана түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 2…7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус болот.

20-февралда Бишкекте жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG