Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Беш күндө мектептерге 7 миңдей бала электрондук каттоого турду


1-класстын окуучулары. (Архивдик сүрөт)

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 2021-2022-окуу жылы үчүн 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 19-февралга карата келип түшкөн арыздардын жалпы саны – 7157 болду. Мунун 6350сү Бишкек шаарында, 150сү Ош шаарында, 122си Кара-Балта шаарында, 96сы Токмок шаарында, 272си Кызыл-Кыя шаарында, 167си Жалал-Абад шаарында.

Мекемеден билдиришкендей түшүнбөгөн же техникалык маселелер чыкса, ата-энелер 0312 88 71 99, 0500 88 71 99, 0222 88 71 99 номерлерине чалып, жардам алса болот. Номерлер иш күндөрү: дүйшөмбү-жумада саат 9:00-18:00дө иштейт. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00.

Мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Натыйжада бул ыкма аркылуу борбор калаадагы мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынган. 2020-2021-окуу жылы да уланган.

Быйылкы кабыл алуу 2021-жылдын 15-февралында башталган. Каттоо mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG