Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат


Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты. "Азаттыктын" архиви. 15-февраль, 2015-ж. Бишкек.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты. "Азаттыктын" архиви. 15-февраль, 2015-ж. Бишкек.

Бүгүн, 17-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Мелдешти Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын Күрөш федерациясы уюштурууда.

Эки күнгө созулган чемпионатка өлкө аймактарынан 200дөн ашуун балбан катышат. Алгачкы мелдеш күнү беш салмактык категорияда (55 кг, 63 кг, 72 кг, 82 кг, 97 кг) байгелер ойнотулат.

Чемпионат улуттук курама команданын мүчөлөрүн аныктоо, спортчулардын чеберчилигин арттыруу, спорттун бул түрүн жаштар арасында жайылтуу жана балбандарды эл аралык мелдештерге даярдоо максатында өтүп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу таймаштар көрүүчүсүз өтүп жатат.

Чемпионатты КТРК Спорт, KyrgyzsportTV, BigserSport каналдары түз эфирде көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG