Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды


Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 70 килограмм салмакка чейинки байге ээлери. 30-январь, 2021-ж. Бишкек.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 70 килограмм салмакка чейинки байге ээлери. 30-январь, 2021-ж. Бишкек.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 29-30-январь күндөрү өтүп, ага жалпысынан 300дөн ашуун балбан катышып, 10 салмак категориясында таймашышты.

Таймаштардын жыйынтыгында өз салмактарында Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Улукбек Жолдошбеков (61 кг.), Алибек Осмонов (65 кг.), Исламбек Орозбеков (70 кг.), Эламан Догдурбек уулу (74 кг.), Саяк Усупов (79 кг.), Нуртилек Карыпбаев (86 кг.), Дөөлөтбек Жамгырбек уулу (92 кг.), Сымбат Сулайманов (97 кг.) жана Музафар Жаппуев (125 кг.) өлкө чемпиону аталышты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, чемпионат улуттук курама команданын мүчөлөрүн аныктоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында эркин күрөштү жайылтуу максатын көздөдү. Мелдешти Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Эркин күрөш федерациясы уюштурду. Таймаштар санитардык эрежелер сакталып, онлайн өттү жана "Кыргыз спорт ТВ" каналы түз ободо көрсөттү. (GT/ECh.)

Байге ээлеринин толук тизмеси төмөндөгүдөй:

57 кг.

1)Бекболот Мырзаназар уулу

2) Алмаз Сманбеков

3) Тунгуч Арстанбек уулу

3)Анарбек Сыдыкбеков

61 кг.

1) Улукбек Жолдошбеков

2) Икромжон Хаджимуродов

3) Тынчтык Абасбеков

3)Тайырбек Жумашбек уулу

65 кг.

1) Алибек Осмонов

2) Эрназар Акматалиев

3) Орозбек Токтомамбетов

3) Айбек Токтогул уулу

70 кг.

1) Исламбек Орозбеков

2) Мансур Сыргак уулу

3) Куштарбек Абдыманап уулу

3) Атай Мамалиев

74 кг.

1) Эламан Догдурбек уулу

2) Стамбул Жаныбек уулу

3) Джовидон Хамудов

3) Арсалан Будажапов

79 кг.

1) Саяк Усупов

2) Нарбек Изабеков

3) Бекжан Камчыбеков

3) Атай Изабеков

86 кг.

1) Нуртилек Карыпбаев

2) Мирлан Чыныбеков

3) Бакыт Жаркынбаев

3) Эрбол Ажыбеков

92 кг.

1) Дөөлөтбек Жамгырбек уулу

2) Чыңгыз Керимкулов

3) Мухаммед Умурзаков

3) Магомед Будунов

97 кг.

1) Сымбат Сулайманов

2) Арсланбек Турдубеков

3) Руслан Ахметов

3) Үсөн Адылбек уулу

125 кг.

1) Музафар Жаппуев

2) Бахтияр Мирлан уулу

3) Айбек Касманбетов

3) Арзуубек Карыбеков

XS
SM
MD
LG