Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпиондору аныкталды


Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты. 18-февраль, 2021-ж. 60 килограммга чейинки салмакта финалда Жоламан Шаршенбеков менен Калы Сулайманов беттешти.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты. 18-февраль, 2021-ж. 60 килограммга чейинки салмакта финалда Жоламан Шаршенбеков менен Калы Сулайманов беттешти.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматына караганда, таймаштар 17-18-февраль күндөрү Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ага 10 салмак категориясында 229 балбан катышып, күч сынашты. Чемпионаттын жыйынтыгында Нурмухаммед Абдуллаев (55 кг.), Жоламан Шаршенбеков (60 кг.), Урматбек Аматов (63 кг.), Марлен Асикеев (67 кг.), Шухрат Сайтазимов (72 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.), Калидин Асыкеев (82 кг.), Атабек Азизбеков (87 кг.), Үзүр Жусупбеков (97 кг.) жана Эрлан Манатбеков (130 кг.) өз салмактарында жеңүүчү аталышты.

Чемпионат улуттук курама команданын мүчөлөрүн аныктоо, спортчулардын чеберчилигин арттыруу, спорттун бул түрүн жаштар арасында жайылтуу жана балбандарды эл аралык мелдештерге даярдоо максатында өттү.

Балбандар үчүн Олимп оюндарына жолдомо бере турган Азия жана дүйнөлүк мелдештерге катышуу быйылкы жылдын башкы максаттарынын бири болуп саналат. Азырынча күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын эсебинде быйыл жайында Токиодо өтө турган Олимп оюндарына бир жолдомо бар. Аталган лицензияны 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатында 87 килограмм салмакта күрөшкөн Атабек Азизбеков алган.

Быйылкы чемпионат башталар алдында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу таймаштар көрүүчүсүз өтүп, КТРК Спорт, KyrgyzsportTV, BigserSport каналдары түз эфирде көрсөтөрүн уюштуруучулар жарыялаган. Бирок, финалдык таймаштарда залга көрүүчүлөр көп келгенин көрүүгө болот.

Билеги күчтүү балбандар кармашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Байге ээлеринин толук тизмеси төмөндөгүдөй:

55 кг.

1) Нурмухаммед Абдуллаев

2) Акыйкат Кулжигит уулу

3) Сардар Конушбаев

3) Балбай Дордоков

60 кг.

1) Жоламан Шаршенбеков

2) Калы Сулайманов

3) Бактияр Акбердиев

3) Куттубек уулу Абдыкерим

63 кг.

1) Урматбек Аматов

2) Эрмек Каныбек уулу

3) Бекназар Бакытбек уулу

3) Азиз Замиров

67 кг.

1) Марлен Асикеев

2) Амантур Исмаилов

3) Нурсултан Махмудов

3) Халмурат Ибрагимов

72 кг.

1) Шухрат Сайтазимов

2) Бек Коңурбаев

3) Аслан Тойчуев

3) Ийгилик Сатымкул уулу

77 кг.

1) Акжол Махмудов

2) Кайрат Түгөлбаев

3) Ренат Ильяз уулу

3) Акылбек Талантбеков

82 кг.

1) Калидин Асыкеев

2) Бексултан Назарбаев

3) Эрлан Чопбай уулу

3) Жеңиш Жумабеков

87 кг.

1) Атабек Азизбеков

2) Азат Салидинов

3) Мелис Айтбеков

3) Медер Абыкеев

97 кг.

1) Үзүр Жусупбеков

2) Бексултан Махмудов

3) Данияр Шеримбеков

3) Аркыт Оробеков

130 кг.

1) Эрлан Манатбеков

2) Музафар Жаппуев

3) Давран Садыков

3) Роман Ким

XS
SM
MD
LG