Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:07

«Стимул» спортчулардын көйгөйүн чагылдырат


«Стимул» сериалынан үзүндү.
«Стимул» сериалынан үзүндү.

Кыргызстанда «Стимул» деген спорттук сериал тартылды. Ага Кыргызстандагы алдыңкы спортчулар катышып, башкы ролдорду аткарышты.

Тасмада спортко жаңы кадам таштаган жеткинчектер менен спорттон четтеп, көңүл сыртында калган чемпиондордун тагдыры баяндалат.

Сериалга бокс боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери, Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси мушкер Өмүрбек Малабеков катышкан.

Тасмада ал спорттон четтеп, жумушсуз калган чемпиондун ролун жаратат. Малабеков бул сериал азыркы кыргыз спортчуларынын тагдырын чагылдырарын айтып, буларга токтолду:

Өмүрбек Малабеков.
Өмүрбек Малабеков.

«Мен сериалда өзүмдүн образымды жараттым. Каарманым - спорттон четтегенден кийинки көчө шыпырып жүргөн мушкер. Чындыгында эле спортчулар спорттон четтегенден кийин эле каралбай калып жатат. Убагында чемпион болуп жүргөн балдар азыр ар кайсы жерде кароолчу болуп же «Тазалыкта» көчө шыпырып иштеп жатышат. Ошол маселени сериал аркылуу чагылдырганга аракет кылдык. Каарманым жүдөп жүргөн адам болгондуктан сакал-мурутумду өстүргөнгө туура келди. Актёр болуп киного тартылыш өтө оор экен. Тарбиялык мааниси өтө чоң. Коомчулукка пайдасы тийген сериал болот деп ойлойм».

Тасмадагы дагы бир каарман - томолой жетим, көчө баласы Мирлан. Ал уурулук кылып жүрүп чемпион Өмүрбек Малабековдун үйүнөн кубок, медалдарын уурдап чыгып кеткени менен тасма башталат. Бул окуя анын жашоосун өзгөртөт. Ал эми айылдык тестиер Жаңызаттын жашоосун болсо түрмөдөн кайтып келген кошунасы өзгөртөт.

«Стимул» спорттук сериалынын трейлери.

Сериалда спортчу кыздардын да образы чагылдырылган. Мында дзюдочу Аяна Рыскулова коомдогу стереотип көз караштар менен күрөшкөн балбан кыздын образын жараткан. Спортчу өзүнүн кейипкери тууралуу мындай деди:

«Мен сериалда Аяна деген дзюдочу кыздын образын жараттым. Ал өтө эмгекчил, тырышчаак кыз. Бирок ал спортто эле эмес, өз жашоосунда да кыйынчылыктарга дуушар болот. Беттеш учурунда боюнан түшүп, өзү кан жоготуп араң аман калат. Жашоодон сынган балбан кыз кайра чыйралып, кыйынчылыктын баарын жеңүүгө белсенет».

Телесериал КТРК спорт каналынын «Стимул» теледолбоорунун алкагында тартылган. Тасмада өлкөдөгү спорт түрлөрү дзюдонун, күрөштүн жана бокстун азыркы абалы каармандар аркылуу берилген.

«Стимул» сериалынан.
«Стимул» сериалынан.

Тасманын режиссёру, сценарийдин автору Темирлан Жумабеков спорт чөйрөсүндөгү кыйынчылыктарды сериал аркылуу чагылдырып берүүнү максат кылганын «Азаттыкка» айтып берди:

Темирлан Жумабеков.
Темирлан Жумабеков.

«Бизде дзюдо жакшы өнүгүп жатат. Ошол себептен улам дзюдону тандадык. Ал эми бокс болсо өтө төмөн түшүп кетти. Бокс боюнча каарманыбыз көчө шыпырып жүрөт. Демек Кыргызстанда бокс ошондой, көчө шыпырып жүргөндөй эле абалга түшүп калды дегенди түшүндүрөт. Ал эми күрөш болсо кыргыздын канына бүтүп калган нерсе. Андан сырткары күрөш жакшы өнүгүп, фаворит спортчуларыбыз көбөйдү. Дүйнөнүн чемпиондору чыгып жатат. Айылдарда күрөштүн спорт залдары көп. Алдыда эми көкбөрү спорту да кошулат. Ал эми спортчуларды тандаганыбыз болсо, актёрлор спортчулардай спорттун сырын ачып бере албайт болчу. Ошондуктан да спортчуларды актёрдук чеберчиликке үйрөтүү жеңилирээк болду. Сериалдын максаты - жаштарды мекенчилдикке үйрөтүп, спортту даңазалоо».

«Стимул» сериалы 2019-жылдын аягында тартыла баштаган. Сериалдын жарымы Миң-Кушта, жарымы Бишкекте тартылган. 13 сериядан турган тасма март айларында «КТРК спорт» каналынан көрүүчүлөрдүн назарына сунушталмакчы.

Кыргызстанда акыркы учурда сериалдар «YouTube» каналында популярдуу болуп, чыккан күнү эле 100 миңден ашык көрүүчү топтоп жатат. 2020-жылы эле «Ютубда» «Кошунаны тандабайт», «Мигранттар», «Эфир», «Байкуш», «Таң алдында», «Мектеп шайлоо» аттуу кыргызча сериалдар жарык көргөн. Тасмалардын дээрлик баарын жеке менчик компаниялар тарткан.

XS
SM
MD
LG