Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Мушкер Өмүрбек Малабеков Орусиядагы мелдеште жеңишке жетти


Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн бокс боюнча профессионалдар арасында "Кайра жаралуу" (Возрождение-9) аталышындагы эл аралык мелдеште жеңүүчү болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 10-февралда өткөн таймашта Малабеков 57.2 кг. салмакта орусиялык мушкер Александр Салтыковду техникалык нокаут менен жеңген.

"Машыктыруучум менен биргеликте буга чейин атаандашымдын кемчиликтерин байкап, таймашка мыкты даярданганбыз. Ошол эмгектин үзүрүн көрдүк десем болот. Бул жеңиштен кийин эми бир аз эс алып, кайра машыгууларды улантам. Алдыда 8 раунддук беттешке дагы даярданам. Атаандашым жана беттеш өтө турган күн азырынча белгисиз", - деп баалады мелдеш жүрүшүн Малабеков.

Өмүрбек Малабеков Кыргызстандын жети жолку чемпиону. 2013-жылы өткөн Азия чемпионатында коло медал тагынган. Былтыркы жылдан бери профессионалдар арасында күч сынашып жүргөн Малабеков төртүнчү жолу жеңишке жетти. (ECh).

XS
SM
MD
LG