Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

«Спортчу кыздар коомдун сынын жеңип чыгышат»


Гүлшанай Сатарова Бишкекте өткөн эл аралык марафондо марага биринчи келгенден кийин журналисттерге интервью берип жаткан учуру. 23-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.
Гүлшанай Сатарова Бишкекте өткөн эл аралык марафондо марага биринчи келгенден кийин журналисттерге интервью берип жаткан учуру. 23-сентябрь, 2018-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Кыргызстандын көп жолку чемпиону Гүлшанай Сатарова - үй-бүлө менен спорт тизгинин тең кармап бараткан спортчу айымдардын бири. Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси, бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Сатарова турмушка чыккандан кийин да спортту таштабаган аз гана кыз-келиндердин катарында турат.

Ал 2019-жылы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан эл аралык Гран-при жарышында 800 метр аралыкка чуркап алтын байге алган. 2017-жылы Иранда өткөн Дүйнөлүк ислам оюндарында 1500 метр аралыкка чуркап алтын медаль тагынса, ушул эле жылы Ашхабадда өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында күмүш байгенин ээси болгон.

Акыркы жылдары спортчу марафондо жана жарым марафондо ийгиликке жетип жүрөт.

Гүлшанай - эмчектеги кызын жарыш талаасына чейин алып жүрүп, машыгуусун улантып келген жөө күлүк. Учурда ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алыш үчүн машыгып жаткан учуру. Биз Гүлшанай менен маектешкен учурда да ал Ысык-Көлдө машыгып жүргөн экен.

- Гүлшанай, сиз көп жылдан бери спортто жүрөсүз. Бир топ ийгиликтериңиз бар. Турмуш куруп, эне болгондон кийинки спорттогу карьераңыз тууралуу бүгүн сүйлөшкүм келип турат. Эсимде, сиз төрөгөндөн көп өтпөй эле спортко кайтып, 2017-жылы Иранда өткөн Дүйнөлүк ислам оюндарында алтын байге, Ашхабадда өткөн Азия оюндарында күмүш байге алгансыз. Төрөттөн кийин спортко кайтуу кандай түйшүктөр менен коштолду?

- 2016-жылдын январь айында төрөгөм. Эки айдан кийин эле, мартта машыгууга кайткам. Төрөт негизи эле өтө оор. Аны бардык аялзаты жакшы билет. Дененин ар бир бөлүгү бошоп, анын кайра калыбына келиши өтө кыйын. Ошого да карабай мен аракет кылып, машыга баштадым. Андан бир жарым жыл өткөндөн кийин Ислам оюндарына катышып алтын байге алдым. Андан кийин эле Ашхабадда өткөн Азия оюндарында күмүш медаль уттум. Мунун баары оңой келген жок.

- Кыргызстанда көпчүлүк спортчу кыздар турмуш кургандан кийин сөзсүз спортту таштап салышат. Буга эмне себеп болушу мүмкүн деп ойлосуз?

- Спортчу кыздардын турмуш кургандан кийин спортту таштап коюшуна биринчи кезекте эле үй-бүлөсү, кайын журту тоскоол болот. Экинчиси - турмуш курган кызга «сен келинсиң, болду эми, турмушка чыктың, келиндик милдетиңди аткарышың керек. Көчөдө самсаалап, машыгып, спортто жүргөнүң туура эмес» деген сын сөздөр себеп болот. Үчүнчүсү - күйөөсү кызганчаак болсо да келиндин спорттон кетпеске айласы жок калат.

- Спортчу аялдар кабылган дагы кандай стереотиптер бар? Себеби биринчи кезекте сиз келинсиз. Анан энесиз. «Келин үйдө отуруш керек», «аял кишинин орду очокто» деген да көз караштар айтылып келген...

- Аябай көп. «Сен келинсиң, үйдө отурушуң керек. Сенин милдетиң - кайын журтка кызмат кылуу. Тамак жасоо - сенин жумушуң. Спортто жүргөнүң уят» деген сөздөр көп. Ушундай эле стереотиптерге кабылган кыз-келиндерди көп көрдүм. Ушундан улам алар спортту таштап кетишет. Бирок менин күйөөм, кайын журтум спортко өтө жакын болгондуктан мен мындай нерсеге туш болгон жокмун.

Жабык имараттагы Азия оюндары. Ашхабад шаары. 2017-жыл.

- Демек жолдошуңуз сиздин тандооңузду колдойт турбайбы?

- Ооба, жолдошум менин тандоомду 100% колдойт. Турмушка чыккандан кийин менин жашоом такыр өзгөрдү десем болот. Бойдок кезимде спорт менен машыгуума бир топ тоскоолдуктар болгон. Менин беш байкем бар. Алар мага кээде «сен чоң эле кызсың, болду эми, спортту токтот» деп айтып калышчу. Турмушка чыккандан кийин деле байкелерим мага «болду, спортту ташта, сен келинсиң, бир кызың бар, уят» деп көп айтышты.

Бирок менин жолдошум байкелериме каршы чыгып, «мен сага уруксат берип жатам, жаш кезиңден берип кыялданып жүрөсүң. Ушунча жылдык мээнетиң бар. Олимпиадага катышып, анан спорттук карьераңды жыйынтыктап, спортту таштай берсең болот» деп өзү колдоо көрсөткөн. Күйөөм мага колдоо көрсөтүп, машыгууга кетсем же мелдештерге катышсам кызымды карап турат. Мелдештерде кызым экөө менин күйөрманым болушат.

- Төрөттөн кийин аял кишинин дене түзүлүшү бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот. Физикалык жактан спортко кайтуу жеңил болбосо керек?

- Өтө кыйын. Төрөттөн кийин бат эле мурунку формама келип калдым деп айта албайм. Төрөттөн кийин машыгууга кайтканда баарын кайра башынан баштадым. Албетте, төрөгөнгө чейин эле машыгып жүрдүм. Бирок баары бир төрөт деген оор нерсе. Мындайча айтканда спортко жаңы келген спортчулардай эле баарын нөлдөн баштадым. Жаш балдар, кыздар менен машыктым. Көп эле кыйынчылыктар болду.

- Спортчу ийгиликке жеткенден кийин гана аны менен эсептешип, ага сый-урмат көрсөтө башташабы? Ийгиликке жеткенге чейин спортчу кандай кыйынчылыктарды басып өтөт?

- Ооба, чынында эле спортто ошондой. Ийгиликке жетсең гана баары сени сыйлап калышат. Бирок ага чейинки басып өткөн жолду, сен тарткан азапты эч ким сурабайт. Сиз менден бул жөнүндө сураган биринчи журналистсиз (күлүп). Чынын айтсам спортчу чоң даражага жетиши үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрөт. Көп тоскоолдуктарды жеңип өтүшү керек болот.

Спортто айрыкча кыз балдарга өтө оор. Спортчу кыздарга спорттогу гана кыйынчылыктарды жеңбестен, коомдогу стереотиптик көз караштарды, сынды да жеңип чыгууга туура келет.

- Мен сиз катышкан бир мелдешке барган учурда сиз жарышка чыгып, чуркап келип, анан дароо эле кызыңызды колго алып эмизип жатканыңызды көргөм. Андан кийин дагы бир нече жолу машыгуулардан кийин кызыңызды эмизип жатканыңызга күбө болгом. Сүрөткө да тартып алган элем. Негизи эле баланы көтөрүп жүрүп кантип баарына жетишсе болот?

- Баланы көтөрүп жүрүп негизи эле бир нерсеге жетиш өтө кыйын. Баланы өстүрүп чоңойткон бир азап болсо, аны бооруңа кысып алып спорт менен алектенген андан эки эсе көп түйшүк. Балким мен эле кыйналгандырмын, билбейм.

Эсимде, кызым бир жашта болчу. Мени көлгө окуу-машыгууга чакырып калышты. Кызым эмчекте болгондуктан айла жок таштай албай, жаныма алып алдым. Кыш мезгили болчу. Мейманканага жайгашкан элек. Эшикте кар калың жааган. Эртең менен саат беште же алтыда туруп, кызым ойгонгончо чуркап келчүмүн. Кызым ойгонгондон кийин мен аны жалгыз таштап эч жака бара албайт элем.

Кээде ар кимден «кызымды карап тургулачы» деп суранган күндөр болду. Көбү макул болчу эмес. Бир жолу кызымды көтөрүп алып машыгууга жөнөп, жолго чыксам маршрутка токтобой койду. Ошол күн азыркыга чейин көз алдымда. Лапылдап кар жаап жаткан. Кызымды көтөрүп үч чакырым жөө басып машыгууга баргам. Кызымды кээде залга отургузуп коюп машыкчумун. Негизи эле кыргыз коому балалуу энелерге таш боор келет, аябайт. Айтаарым, балалуу энелерге колдоо көрсөтүп турушса жакшы болмок.

Виктория Палюдина (солдон оңго), Дарья Маслова жана Гүлшанай Сатарова сыйлоо аземинде. Бишкек шаары. 16-июль, 2019-жыл.
Виктория Палюдина (солдон оңго), Дарья Маслова жана Гүлшанай Сатарова сыйлоо аземинде. Бишкек шаары. 16-июль, 2019-жыл.

- Балалуу спортчу айымды кабыл алууга кыргыз спорт чөйрөсү даярбы? Мисалы ошол эле машыгуу жыйындарына кызыңызды алып аласыз. «Балаңды үйүңө калтыр, мелдешке жолтоо болот» деген талаптар болбойбу?

- Ооба, «окуу-машыгууга балаң менен келбешиң керек» деп эле айтышат. «Мелдештерде балаңды үйүңө таштап кел. Сага жолтоо болот» дешет. Бирок андай эмес. Балам үйдө калса мен андан өтүп сарсанаа болом да. «Бала тоскоол болот» дешет, бирок андай эмес. Кызым мага бир гана дем-күч берет. Ал жанымда жүрсө күн сайын жакшы машыгып, жакшы ийгиликтерге жеткиң келет экен. Анын үстүнө эмизип жаткан балаңды кантип таштап кетесиң?

Мени сүйүнткөнү - машыктыруучум абдан түшүнүктүү. Кызым эки айлык кезинде спортко кайткан болсом, ошондон баштап машыгуу учурунда кызымды карап турат. Көп жардам берди. Эгер машыктыруучум болбосо балким спортту таштап коёт белем, билбейм… Азыр эми кызым чоңоюп өз алдынча болуп, спорт менен машыга баштагандан кийин гана мага «балаңды үйүңө калтыр» деген талаптарды койбой калышты. Андан сырткары Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов да «кызыңды Кыргызстандын ичиндеги бардык мелдештерге, окуу-машыгууларга алып барсаң болот» деп колдоо көрсөтүп турду. Ушундай адамдардын колдоосу менен мен машыгып эле тим болбостон, спортто да ийгиликке жетип келе жатам.

- Аял канчалык ийгиликке жетпесин, аялдык, келиндик милдетти аткарууга милдеттүү. Үй жумуштарына кантип жетишесиз? Кайын журтуңуз спортчу болушуңузга кандай карайт?

- Турмушка чыккандан бери кайын журттан бөлүнүп өзүнчө жашап калдык. Кайненем абдан жакшы адам. Ага абдан ыраазымын. Дайыма мени колдоп турат. Мен айылга барганда кадимки эле келинмин. Үй жумушун жасап, тамак бышырып, келиндик милдетимди кадимкидей эле аткарам.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG