Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Бишкекте өткөн эл аралык марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды


Гүлшанай Саттарова. 23-сентябрь, 2018-ж. Бишкек.
Гүлшанай Саттарова. 23-сентябрь, 2018-ж. Бишкек.

Жеңил атлетчилер Ринас Ахмадеев менен Гүлшанай Саттарова Бишкекте өткөн экинчи эл аралык жарым марафондун жеңүүчүлөрү болушту.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экинчи эл аралык жарым марафонго жалпысынан үч миңдей жөө күлүк катышты. Алар 3, 10 жана 21 чакырым аралыктарга чуркашты. Жыйынтыгында эркектер арасында орусиялык жеңил атлет Ринас Ахмедеев белгиленген аралыкты 1 саат, 6 мүнөт, 25 секундада чуркап өтүп, жеңүүчү болду.

Аялдар арасында жеңүүчү аталган Гүлшанай Саттарованын көрсөткүчү 1 саат, 16 мүнөт, 6 секунда болду. Экинчи орунду өзбекстандык жеңил атлетчи Ситора Хамидова ээледи. Ал 21 чакырым аралыкты 1 саат, 16 мүнөт, 49 секундада чуркап өтүп күмүш медал алды.

Ал эми калган дистанцияларга ышкыбоздор катышты. Арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, бир катар ишмерлер жана майыптар да бар.

- Марафондо 50 кесипкөй жеңил атлетчи мелдешти. Бишкек шаарынын тургундары, коноктору да катышты. Биздин максат - шаардык тургундарды спортко чакырып, сергек жашоого үндөө. Ошону менен катар чебер атлеттерге да тажрыйба топтоого шарт түзүү, – деди марафондун уюштуруучусу Мелис Надыров.

Жарым марафондун байге фонду 504 миң сомду түздү. 21 чакырымда жеңүүчү аталган спортчуларга 100 миң сом ыйгарылды. Иш-чара Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулган.

XS
SM
MD
LG