Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:44

Швецияда күрөшкөн кыргыз балбан кыздары


Кайрат Шарипов кыздары Нур-Жамиля жана Нур-Алия менен. Русвик, Швеция. 11-май, 2019-жыл.

Кыргызстандык эже-сиңдилер Нур-Жамиля жана Нур-Алия Шариповалар учурда кыздардын эркин күрөшү боюнча Швецияда өткөн бир катар мелдештерде байге ала башташты.

Алардын ата-энеси Кайрат Шарипов менен Гүлмира Жаныбекова Швециянын Лулео шаарына үч жыл мурда иштегени барган. Кайрат курьер тармагында, Гүлмира медицина тармагында эмгектенет. Алардын эки кызынан сырткары Амирхан аттуу эки жашар уулу да бар.

Сегиз жаштагы Нур-Алия онго жакын мелдеште кубок, медалдарды тагынса, 13 жаштагы Нур-Жамиля Норрботтен ленинде (14 коммун караштуу аймак) өткөн алгачкы мелдешинде 2-орунду алып, чоң спортко ишенимдүү кадам таштай баштады. Кыздардын атасы Кайрат Шарипов кабарчыбызга балбан кыздарынын ийгилиги, Швециядагы жашоосу тууралуу айтып берди.

«Азаттык»: - Нур-Алиянын жана Нур-Жамилянын күрөшкөн видеолорун жакында эле «Инстаграмдагы» баракчаңыздан көрүп калдык. Ал видеолор учурда социалдык тармактарда тарап, балбан кыздарыңыздын күйөрмандары да арбый баштады. Кыздарыңыз күрөштү кандайча тандап калышты?

Кайрат Шарипов: - Улуу кызым Нур-Жамиля 13 жашта. Кичүү кызым Алия сегизде. Уулум Амирхан экиде. Кудай буюрса уул-кыздарым келечекте чоң спортто ийгиликке жетет деп үмүт кылып, ишенип, апасы экөөбүз аракет кылып жатабыз. Биз кыргыздын даңазалуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына барып күрөшкөндө үй-бүлөбүз менен көрүп отурдук. Ошондон тартып кичине кызыга баштадык. Мен өзүм эркин күрөшкө деле кызыкпайм. Бирок кыздарымды кызыктырыш үчүн күрөшкө бара баштагам. Учурда грек-рим күрөшү менен машыгам. Күрөшкө бара баштагандан тартып эле кыздарымды өзүм менен машыгуу залына алып кирген жокмун. Мен машыгууга барганда алар көрүүчү катары залда отуруп жүрүштү. Мени көрүп кичүү кызым кызыгып, 2019-жылдын февраль айынан баштап эркин күрөш менен машыкты. Көп өтпөй эле Швецияда өткөн мелдештерге катышып, байге алып келе баштады. Жетишкендиктерин угуп менин туугандарым чалып, аны куттуктап, көп көңүл бурула баштагандан кийин аны көргөн улуу кызым Нур-Жамиля «мен да күрөшкө барам» деп калды.

Нур-Жамиля Шарипова байге тапшыруу аземинде. Русвик, Швеция. 11-май, 2019-жыл.
Нур-Жамиля Шарипова байге тапшыруу аземинде. Русвик, Швеция. 11-май, 2019-жыл.

Ал алгач футбол менен машыгып, күрөшкө маани деле берген эмес. Биз жашаган аймакта кыздардын футбол командасында ойноп, бир-эки жолу байге алган. Ага күрөштү кошуп, экөөнү бир алып кетүүгө аракет кылды. Бирок кыйналып кеткендиктен күрөштү тандап калды. Кыргыздын канында бар окшойт. Азыр 45 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жүрөт. Нур-Жамиля жакында эле биз жашаган Лулео шаары караган Швециянын Норрботтен аймагында (лен) 14 коммундун өспүрүмдөрү катышкан мелдешке катышып, 2-орунду алды. Азыр шведдер кыздарыма кызыгып, окуу-машыгууларга алып бара башташты.

«Азаттык»: - Кыздарыңыздын ийгиликке жете баштаганын жергиликтүү курбулары, машыктыруучулары кандай кабыл алышты?

Кайрат Шарипов: - Азыр жайкы эс алуу учуру. Нур-Алия февраль айынан июнь айына чейин он чакты мелдешке катышып, кубок, медалдарга ээ болду. Бул мелдештердин арасынан эң негизгиси - түндүк Европанын өлкөлөрү: Финляндия, Норвегия, Швеция жана Эстония мамлекетинин жеткинчек, өспүрүмдөрү катышкан мелдеште 3-орунду алды. Атаандаштары финляндиялык кичинекей кыздар экен. Аларды көрүп алдын-ала эле «жеңем» деп ишенимдүү болсо керек.

Нур-Алия Шарипова. Лулео, Швеция. Август, 2019-жыл.
Нур-Алия Шарипова. Лулео, Швеция. Август, 2019-жыл.

Кызымдын өзүнүн салмагы 24 кг. Таймаштарда ал салмакта байге ойнотулбагандыктан эң кичинекей салмак деп саналган 26 кг. салмак категориясында күч сынашат.

Европалыктар спортту балдары үчүн кыймылдуу оюн катары кабыл алат. «Эмнеге күрөштүн ыкмаларын толук үйрөтүшпөйт?» деп апасы экөөбүз үйгө күрөш килемин төшөп койдук эле. Спорт залда машыгуудан сырткары үйдөн да бир аз машыгып, күрөш ыкмаларын кайталайбыз. Кыздарым мелдештерде ал ыкмаларды кайталаганын агайлары көрүп: «Силер башка жактан да машыгып жатасыңарбы?» деп таң калып сурашат. Аябай жакшы кабыл алышты. Буюрса келечекте ийгиликке жетишерине көздөрү жетип жатышат. Кыргыздардын арасында негатив көп болуп кетти. «Кыз бала өзүнүн орду менен жүрүш керек, күрөшпөш керек» деген өңдүү стереотип сөздөргө деле маани бербейбиз. «Биздин кызыбызга көңүл бурбай өзүңөрдүн кызыңарды тарбиялап алгыла» деп коёбуз.

Негизи кыздарды эркин тарбиялайбыз. Кыздардын өзүнүн сөзү, ою болушу керек. Ошол себептен улам күрөш менен машыгууга түз эле алып барбай, бир жылга жакын сырттан байкоо салдырып жүрдүм. Алардын оюн сурабай туруп, ыктыяры жок спорт залына киргизген жокмун. Алгач кызыгуусу ойгонгондон кийин гана машыктыра баштадык. Алгач албетте, апасы бир аз каршы болгонсуду. Бирок кийин көнүп кетти.

«Азаттык»: - «Грек-рим күрөшү менен машыгып жатам» деп жогоруда айттыңыз. Ага чейин спорт менен алектенчү белеңиз?

Кайрат Шарипов: - Мен өзүм дзюдо, самбо, кулатуу менен машыккам. Дене тарбия институтунда кулатуу адистигинде билим алгам. Агайым Канат Арпачиев кыргыз спортунда ысымы белгилүү. Учурда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде директордун орун басары болуп эмгектенет. Бир кезде «балам болсо күрөштүрсөм» деп ойлочу элем. Анан алгач эки кыздуу болдум, кийин уулдуу болдум. «Уулум чоңойгончо кыздарымды күрөштүрө берейин» деп спортко берип калганым да ошол себептен. Кичүү уулум Амирхан да биз менен кошо килемге чыгып, бизди туурап калат. Буюрса балдарымдын бардыгынын келечегин чоң спорттон көрөм.

Биздин максатыбыз - Олимп оюндарына катышып байге алуу. Буюрса келечекте ага жетебиз. Буюрса эркин күрөш менен дүйнөнү багындырууга аракет кылабыз.

«Азаттык»: - Эркин күрөштү кыздарыңыз өздөрү тандадыбы?

Кайрат Шарипов: - Жакында улуу кызым Нур-Жамиля менен сүйлөштүк. Бул кызымды машыгуудан байкасам аябай чарчап жатты. Анткени күрөш бүтөрү менен эле футболго кетет. Ал жактан бир-эки саат чуркап ойноп келгенден кийин эртеси кайра күрөшкө келсе алсырап, шайы кетип калат. Аны көрүп, «эки спортту бир алып кете албайсың, ден соолугуңа зыян. Эгер сен футболду тандасаң да кызым катары сага ар дайым колдоо көрсөтөм. Нур-Алия «күрөштү тандайм» дейт. Алия экөөбүздүн келечекке койгон максаттарыбыз бар. Сенин да келечекке койгон максаттарыңды жазалы дагы, чогуу аракет кылалы» десем бир жумадай ойлонуп жүрүп, анан күрөштү тандаганын айтты. Андан соң «футбол боюнча машыктыруучуңа чечимиң тууралуу өзүң айтып, түшүндүр» дедим. Машыктыруучулары Нур-Жамилянын айтканына ынанбай, апасы барып сүйлөшсө ага капа болушту. «Азыр деле футболго кайра келсеңер кабыл алабыз» деп турушат. Күрөш өзүнүн тандоосу болду. Кыргыздын даңазалуу кыздары Айсулуу, Мээрим, Айперилерди көрүп таасирленди окшойт.

«Азаттык»: - Сиз жашаган аймакта спортко мамиле кандай? Жеткинчектерди спортко тартуу багытында Кыргызстан кандай үлгү алса болот?

Кайрат Шарипов: - Кыргызстан менен бул жакты албетте, салыштырганга болбойт. Кыргызстандын спортко кылган мамилеси бизди капа кылып жиберет. Бул жакта элементардуу эле кичинекей балдардын машыгуу залына кирсең жер-жемиштерди коюп коюшат. Тамак-аш, спорттук кийим менен камсыз кылып турушат. Бүт нерсенин өзүнүн убакыты бар. Мисалы, мектептен кийин эс алууга көңүл бөлүшөт.

Кайрат Шарипов үй-бүлөсү жана кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдубаит уулу менен. Швеция. Декабрь, 2017-ж.
Кайрат Шарипов үй-бүлөсү жана кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдубаит уулу менен. Швеция. Декабрь, 2017-ж.

Негизи кыргыздардын канында бар го. Балбандар, баатырлар көп чыккандыктан азыр кыргыз балбандары эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат. Балким спортко көңүл буруу жакшы деңгээлге чыкса Кыргызстандан да чемпиондор чыкмак беле дейм да. Мисалы, тамак-ашын, машыгуусун, эс алуусун, иши кылып бардык шартын жакшыртып берсе жакшы деңгээлге жетет белек деп ойлойм.

Швециядан мелдештерге барып калсак кызымдын Шарипова деген фамилиясын угуп бизди орустар деп ойлошот экен. «Жок, биз кыргызбыз»,- десек: «Кыргызстанды билебиз, кыргыздар аябай жакшы күрөшөт», - деп айтышат.

Кыздарым алгач машыгууга барганда бизди эл тааныганча кыйынчылыктар болду. Форма алып бериш керек, залда машыкканы үчүн төлөш керек дегендей. Бул жакта айына эмес, жарым жылга бир төлөйсүң. Кийин байге ала баштаганда бардык чыгымдарды спорт залдын жетекчилиги моюнуна алып, жеңилдиктер бериле баштады. Мисалы, күрөш үчүн керектүү болгон бардык кийимдерди (футболка, трико, борцовка) берет. Турнирлерге алып барат. Мелдеште байге алган сайын белек бар. Сууга түшүү үчүн бассейндерге, аттракциондорго билет берип турушат. Машыгууга баргандарды жумасына бир жолу музейге, гамбургерге же пиццерияга алып барышат.

«Азаттык»: - Кыздарыңызга Швециянын атынан мелдешке чыгуу жөнүндө сунуш түшсө кандай карайсыз?

Кайрат Шарипов: - Бул жакта кош жарандык алса болот. Бардыгыбыз тең азыр Кыргызстандын жараныбыз. Уулум бул жакта төрөлдү. Ал да Кыргызстандын жараны. Буюрса кыргыздын атынан эле мелдештерге катышабыз. Кыргыз желегин бийик желбиретебиз деген тилегибиз бар.

«Азаттык»: - Канча жылдан бери мекенден алыста жүрөсүз? Чет жактагы жашоо сизге кандай таасир калтырды?

Кайрат Шарипов: - Мен 2012-жылдан бери Кыргызстандан алыс жүрөм. Төрт жылдай Орусияда иштедим. Швецияга барганыма үч жыл болду. Орусияны мен азыр жаман түш көргөн сыяктуу сезем. Кыргыздардын көбү Орусиядан тажрыйба алат. Ичимдик ичкенди, сөгүнгөндү, бири-бири менен ажылдашып, бир нерсени талашып, ар бир инсан өзүн акылдуу көрсөткүсү келе бергендин баары ошол жактан алган тажрыйба да. Швецияда болсо адамдарга көп жардам берүүгө ашыгышат. Булар көп кайрымдуулук кылып, Африка өлкөлөрүнүн элдерине жардам көрсөткөнү менен мактанышат. Бири-бирине болгон мамиле, сый-урмат жакшы. Бирок булардын да жаман нерселери бар. Албетте, алардын жаман адаттары бар. Алардын айрым жоруктарын көрүп айланып өтөбүз. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп калабыз. «Бул нерселер болбойт, кыздарга түшүндүрүп кой» десем ал түшүндүрүп коёт. Ата катары айткан башка, эне катары айткан башка таасир этет эмеспи. Кээ бир нерселерди мектептен окутуп, «сенин тандоого укугуң бар» деп айтышат. Башында айрымдарын угуп алып төбө чачым тик турган. Ошонун баарын биз кыздарга менталитетибиз кандай экенин айтып түшүндүрөбүз. Чет жерде жүрсөң эне тилди унутуп калуу бат эле экен. Балдарым да эне тилин унутпаш үчүн өзүнчө эреже киргизип, үйдө кыргыз тилинде гана сүйлөөнү талап кылабыз. Мисалы, жума сайын ар бир кызыма эки евродон момпосуй жегенге деп акча беребиз. Эгер үйдөн кыргызча эмес шведче, орусча же англисче сөз сүйлөшсө бир центтен кемите беребиз. Ошентип жуманын аягында ким башка тилде көп сүйлөсө таттуу үчүн акчасы кемийт. Бир жумада момпосуй үчүн арналган акчасы кемип калгандан кийин өздөрү эле эне тилинде так сүйлөй башташат. Ошол эреже киргенден бери көп кыргызча сөздөрдү үйрөнүп, кыргызча жакшы сүйлөп калышты.

«Азаттык»: - Баласы спорт менен алектенишин каалаган ата-энелерге кеңешиңиз?..

Кайрат Шарипов: - Баланы тарбиялагандан мурда өзүңдү тарбиялашың керек. Балаңдан бир нерсени талап кылардан мурда өзүң үлгү болушуң керек. Мисалы, колуңа стакан кармап арак-шарап ичсең балага ал нерсе туура көрүнөт. «Атам кылып жатса мен деле кылсам болот» деп ойлойт. Грек-рим күрөшүнө катышканымдын себеби да ошол. Уул-кыздарымды күрөшкө кызыктырыш үчүн мен да спорт менен алек болдум. Келинчегине, балдарына көп убакыт бөлүшсүн. Үй-бүлө менен көп убакыт өткөрүш керек. Чогуу киного барып, көбүрөөк сүйлөшсүн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG