Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Жеңил атлет Гүлшанай Саттарова Малайзияда алтын алды


Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова (ортодо).
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова (ортодо).

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Саттарова ушул күндөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан эл аралык Гран-при жарышында алтын байге алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысына Саттарова билдирди.

Гүлшанай Саттарова 30-мартта 800 метрге жарышка чыгып, 1-орунду ээлеген. Бул күнү эркектер арасында 800 метрге жарышка чыккан дагы бир кыргызстандык Мусулман Жоламанов күмүш байге алды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, бул мелдешке башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилигинде төрт жеңил атлетчи Кыргызстандын атынан катышууда.

Анна Буланова 100 метрге чуркап, жарыштын финалдык бөлүгүнө чыкты. Бүгүн, 31-мартта Алигаджи Мугаммедгаджиев 200 метрге чуркайт. Спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынан 538 миң сом бөлүнгөн. 30-мартта башталган мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG