Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Кыргыз боксун кыйырга тааныткан устат кетти


Адылкан Бекболотов. 2014-жыл.
Адылкан Бекболотов. 2014-жыл.

Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 58 жашта болчу. 

Адылкан Бекболотов cпорттук карьерасында рингде дүйнөгө белгилүү мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Рингде 350 таймаш өткөрүп, 320 жолу жеңишке жеткен.

Бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров Адылкан Бекболотов мыкты машыктыруучу гана эмес, мыкты мушкер да болгонун айтып өттү:

Орзубек Назаров.
Орзубек Назаров.

«Адылкан мен сыяктуу эле 60 килограммга чейинки салмактагы мушкер болчу. Биз экөөбүз 1989-жылы Фрунзеде өткөн СССРдин бокс боюнча чемпионатында беттешкенбиз. Абдан чыдамкай мушкер эле. Ошондо мен аны утуп алган болчумун. Ал бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү эле. 2007-жылы биз андан улуттук курама команданы жетектөөсүн сурандык. 10 жыл башкы машыктыруучу болуп иштеди. Адылхан мыкты машыктыруучу, ошол эле учурда мыкты менежер болчу. 2000-жылдан кийин бокс кыйын абалда калды. Финансылык кыйынчылыктар болду. Ошондо бокско акча салыш керек эле. Адылкан демөөрчүлөрдөн акча таап, бокско көп салым кошту. Ал колунан келгенин кылып, жакшы балдарды тарбиялай алды».

Адылкан Бекболотов спорт залында.
Адылкан Бекболотов спорт залында.

Адылкан Бекболотов 1962-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясы менен спортуна эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу» ардактуу наамдарына татыган. СССРдин спорт чебери болуп, Бүткүл союздук жаштар оюндарынын күмүш (1982-ж.), СССР кубогунда эки жолу коло байге алган. Бир нече эл аралык мелдештердин байгелеринин ээси болгон.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев Бекболотов Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө жана калыптанышына эбегейсиз салым кошконун белгиледи:

«Адылкан Бекболотовдун бокско кошкон салымы чоң. Ал эки олимпиадалык айлампада башкы машыктыруучу болуп, курама команданы абдан чоң жетишкендиктерге алып барды. Ал жетектеген командадагы мушкер Азат Усеналиев 2013-жылы Азия чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Азия чемпиону болду. Ошол эле жылы Азиянын коло байгесин үч кыргызстандык мушкер утуп алды. 2010-2014-жылдардагы Азия оюндарында да биздин мушкерлер абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, кийин Олимпиадага чейин жолдомо алышты. Ушунун баары - Адылкан агайдын, Бокс федерациясынын эмгеги. Адылкан агай бокс жаатында эң көрүнүктүү машыктыруучу болуп келген. Кыргыз спорту үчүн орду толгус жоготуу болду».

Адылкан Бекболотов. 2013-жыл. Алматы шаары.
Адылкан Бекболотов. 2013-жыл. Алматы шаары.

Адылкан Бекболотов 2007-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген. Анын тарбиялануучулары эки Азия оюндарына, бир Олимпиада оюндарына катышты. Анын тарбиялануучуларынын бири, Азия чемпиону, Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Азат Усеналиев машыктыруучусун мындайча эскерди:

«Адылкан агай бизге машыктыруучу гана эмес, андан да жакын адам болчу. Бизге өзүнүн балдарындай күйүп мамиле кылчу. Агайдын учурунда Кыргызстандагы бокс жакшы бир деңгээлге чыкты десем адашпайм».

Адылкан Бекболотов 2017-жылы улуттук курама командадан кеткенден кийин Бишкек шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Өткөн жуманын аягында Бекболотовго кан керек болуп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эки жолу операция болуп, реанимацияда жатканы айтылган. 6-декабрда 58 жашында каза тапты.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Түп районунун Күрмөнтү айылында өтөт.

XS
SM
MD
LG