Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

IIДС: Ташкендик боксчу Борзенко Бухенвалдда нацист атаандашын жеңген


Бухенвалд концлагериндеги боштондукка чыккан туткундар. 16.4.1945.

Ар бир согуш ардагеринин баштан кечирген окуясы тарыхта калыс иликтениши абзел. Айтылуу Бухенвалд абагында жаткан кезинде бокс боюнча мелдештерде нацисттердин боксчуларын жеңген ташкендик спортчу Андрей Борзенко тууралуу тарыхчынын блогу.

Кечигип келген даңаза

Эрдиги толук бааланбай жүрүп, “Кайра куруулар” доорунун акыркы учурунда гана, 1991-жылы 5-майда, Советтер Биримдигинин Баатыры наамына ээ болгон каарман кыргыз учкучу Исмайилбек Таранчиевдин (1923-1944) өмүр таржымакалы тууралуу жамы журт билет.

“Кайра куруулар” доорунда Өзбекстандын борбору Ташкенде да көпчүлүк таназарга албаган олуттуу окуя болду. 1989-жылы бул шаардын тургуну, хирург кесибин аркалаган Андрей Михайлович Борзенкого (1920––1992) “Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу” деген күбөлүктөн тышкары, башка сыйлыктар да тапшырылды. Ага чейин узак жылдар бою А.Борзенконун Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы айырмалуу каармандыгын өтө жакын чөйрөсү гана билип, ал эми советтик бийликтер көз жумду мамиле кылып келишкен болчу...

Андрей Борзенконун тагдырын эскерүү аркылуу башка да акыйкатсыздык менен каармандыгы сөзгө алынбай келе жаткан бир нече миңдеген бабалар бар экендигин эскерте кетмекчибиз.

А.Борзенко, нацисттик концлагерден боштондукка чыккан көптөгөн мекендештериндей эле, өзүнүн туткунда болгону тууралуу сүйлөй берчү эмес дешет. Кантсе да, туткунга түшүп, бошотулгандарды сталинчил режим “эл душманына” тете жериген заман эмес беле...

Анын бактысына, советтик жана орусиялык жазуучу, боксчу, Борбордук Азиянын бокс боюнча чемпиону, СССР Бокс федерациясынын алгачкы президенти, Орусиянын Бокс федерациясынын ардактуу президенти Георгий Иванович Свиридов (27.3.1927 — 3.8.2014) бул боксчу менен 1940-жылдардын соңунда таанышып калып, кийинчерээк “Тикенек сымдуу тордогу бокс аянтчасы” («Ринг за колючей проволокой») аттуу даректүү биографиялык китеп жазып, А.Борзенконун эрдиги тууралуу алгач карапайым окурмандар жана спорт күйөрмандары кабардар болушкан.

Андрей Борзенко (1920––1992) тууралуу Геннадий Свиридовдун романынын мукабасы. Москва, 2005.
Андрей Борзенко (1920––1992) тууралуу Геннадий Свиридовдун романынын мукабасы. Москва, 2005.

(Ал эми Борзенконун улам суракка, “маектешүүгө” чакырып турган чекисттер, албетте, аны “Кайра куруулар” дооруна чейин “кара тизмеде” калтыра беришкен).

Бухенвалддагы унутулгус таймаштар

Андрей Борзенко 1938- жана 1939-жылдары Борбордук Азиянын жумурияттарынын боксчулары катышкан мелдештерде чемпион болгон.

Улуу Атамекендик согушка аттанып, алгач эки ирет жеңил жаракат алганына карабастан, улам кайра урушка кирип турган. Анан үчүнчү жарааты оор болуп, ал аргасыздан нацисттерге туткунга түшкөн.

Оболу ал Чыгыш Пруссиядагы Шталаг (Stalag) деп аталган кыйла жеңил тартиптеги концлагерге жөнөтүлгөн. Мындан ал эки жолу качып чыгууга далаалат кылат, бирок алар майнапсыз аяктайт.

Андан соң А.Борзенкону Бухенвальд (Buchenwald) концлагерине жөнөтүшөт. Нацисттердин “өлүм лагерлеринин” бири болгон бул жай Германиянын Түрингия жергесиндеги Веймар шаарына жакын жайгашкан.

Бул “өлүм чордонунда” 1937-жылдын июлунан 1945-жылдын 13-апрелине чейин 250 миңдей туткун жана башка кесилгендер кармалып турган. Мында болжол менен 56 миңдей киши набыт кеткен.

Түрмө кайтаруучуларга кылмыштары үчүн соттолгондор көмөкчү болуп турушкан. Дал ошондой кылмышкерлердин бир көзөмөлчүсү Андрей Борзенкого таягын көтөрүп тийишип алып, бирок анын муштумунун катуу соккусунан улам эсин жоготот.

Дал ошондо концлагерди кайтаруучулар мында кармалып тургандардын ичинен бокс боюнча мелдешти оюн-зоок иретинде андан ары да улантууну чечишкен.

Илгерки римдиктердин “гладиаторлорунун” ролу жүктөлгөн камактагы спортчулар да ич ара топко бөлүнгөн. Сталиндик ГУЛагдагыдай эле, мында да кылмышкерлер саясий камактагылардан, социалист, коммунисттерден жана жөөттөрдөн жогоркураак тепкичте болушкан.

Мурда Гамбург шаарында бокс боюнча чемпион болгон жана талап-тоноо, киши өлтүрүү менен байланыштуу кылмыштары үчүн абакка кесилген бир немис боксчу ортого чыгарылат. Бир эле учурда анын жеңишин “арийлердин жеңиши” катары даңазалап, нацист түрмө кайтаруучулар аны сүрөөнгө алышкан. Аны жеңе турган кишиге бөлкө нан менен каңылтырда консерваланган эт сунуш кылынган.

Албетте, гамбургдук боксчуну жеңүү –– ансыз да арып-ачып кыйналып турган советтик жана башка туткундарга моралдык колдоо көрсөтүү дегенди туюнтмак.

Андрей Борзенко (1920––1992). Рифкат Ахихановдун “Өзбекстан боксчулары” триптих сүрөтүнөн. Ташкент. 1977.
Андрей Борзенко (1920––1992). Рифкат Ахихановдун “Өзбекстан боксчулары” триптих сүрөтүнөн. Ташкент. 1977.

Ошондо Андрей Борзенко өзүнөн 20 кило чоңураак салмактагы гамбургдукка каршы чыгууга бел байлайт. Ташкендик боксчу өз атаандашын экинчи айлампада нокаутка кетирет.

Бул мелдешти уюштурган жана ага катышкан негизги кишилердин ысымдары тууралуу Г.Свиридовдун чыгармасынан толук таанышууга мүмкүн.

Мелдеш андан ары кызый берет. А.Борзенко жалпы-жонунан 80дей мелдеште жеңүүчү болгон экен.

Алардын көрүнүктүүсү –– Андрей Борзенконун коңшу концлагерден атайын чакырылып келген “Вилли” деген каймана аттуу нацист боксчу менен таймашуусу болду.

Бухенвалд абагынын жетекчилиги бир кезде Германиянын аскерлеринин оор салмактагы чемпиону болгон Виллини Андрей Борзенкону жеңип, абактагылардын шагын сындырууну көздөп, атайын алып келишкен.

Ошондуктан бул спорттук мелдештин абактагылар үчүн да, нацист түрмөчүлөр үчүн да саясий, моралдык да мааниси зор болгон.

Мелдеште Бухенвалд концлагеринин коменданты өзү башкы калыс катары оюнду багыттайт.

Төртүнчү айлампага келгенде, Вилли мыйзамсыз ыкмаларга өтүп, уруксат кылынбаган усулду колдонуп, атаандашынын денесинин талуу жерлерине сокку урат. Оюндун калысы ага эскертүү кылганда, кыжырданган Вилли калыстын өзүн да баштан ары бир коёт. Бирок дал ошол секундда Андрей Борзенко саал чөгөлөй калып, Виллинин жаагына төмөнтөдөн жогору карай катуу сокку урат.

Вилли талп этип кулап түшөт. Андрей Борзенко бул чечүүчү мелдеште да жеңүүчү деп табылат.

Спорт мелдеши –– түрмөчүлөрдү алагды кылуу амалы

Кийинчерээк маалым болгондой, концлагерди кайтаруучулар абактагыларды мушташтырып коюп, ыракаттанып жатышканда, Бухенвалддагы тымызын иш-аракет кылган антифашисттик каршылык кыймылынын өкүлдөрү болочокку көтөрүлүш үчүн камылга көрүп жаткан.

Алардын бир тобу жашыруун түрдө радио сигналын жиберчү аспапты курап чыккан. Башка бир тобу курал-жарак топтоо аракетин көргөн.

Радиобайланыш аспабын теги поляк радиотехник Гвидон Дамазин (Gwidon Damazyn; 21.10.1908––16.10.1972) кураштырган. Ага чех туткуну (ысымы белгисиз), эки орус туткуну –– Константин Леонов менен Алексей Кравченко (өз ысымы –– Лев Драпкин) да көмөк көрсөтүшкөн. Атайын аккумулятор да камсыз кылынган.

Аспапты кураштыруу иши түрмөчүлөрдүн чочкоканасынын бурчунда жүзөгө ашырылган. Тетиктерди таштанды салчу чакаларга жашырып алып келишкен.

1945-жылы 8-апрелде Г.Дамазин колго жасалган аспап аркылуу жардам сурап, бул аймакка кыйла жакындап келген АКШ аскерлерине англис, немис, орус тилдеринде бир нече ирет кабар (радиограмма) жиберген:

“To the Allies. To the army of General Patton. This is the Buchenwald concentration camp. SOS. We request help. They want to evacuate us. The SS wants to destroy us”.

[Котормо: “Шериктештерге. Генерал Платон жетектеген армияга. Бул – Бухенвалд концлагери. SOS. Жардам сурайбыз. Алар бизди көчүрүүнү каалашат. Эс-эсчилер бизди кырууну көздөп жатышат”].

Чыгышта, алысыраакта болгон Кызыл армиядагылар бул сигналды кармай алышкан эмес. Америкалыктар көмөк көрсөтүүгө чакырган радиограмманы окуй алышкан.

1945-жылы 11-апрелде саат 15:15те Бухенвалд концлагериндегилер шашылыш куралдуу көтөрүлүш чыгарышкан (түрмөчүлөр ошол күнү саат 17:00де аларды кырууга беленденип жатышкан эле). Көтөрүлүш ийгиликтүү аяктап, камактагылар концлагерди толук ээлеп алышкан.

АКШ аскерлери болсо Бухенвалдга саал кечигип, 13-апрелде гана кирип келишкен.

Бухенвалд концлагериндеги имараттардын бири.
Бухенвалд концлагериндеги имараттардын бири.

Пост-советтик доордогу маалымдуулук

Азыркы тапта Андрей Борзенко жана Бухенвалд концлагериндеги башка туткундар жасаган каармандык өрнөктөрү тууралуу коомчулук ар тараптуу маалымат алып жатышат.

Эрки күчтүүлөр. Андрей Борзенко тууралуу даректүү тасма. 12.5.2015.

Ал эми Бухенвалддагы көтөрүлүш чыккан күн –– 11-апрел –– ар жылы дүйнөлүк коомчулук тарабынан “Фашисттик концлагерлердин туткундарын боштондукка чыгаруунун эл аралык күнү” катары белгиленип келет.

Бухенвалд концлагеринде камалгандардын арасында кыргыздар да болгон.
Бухенвалд концлагеринде камалгандардын арасында кыргыздар да болгон.

Бухенвалдда, катаал нацисттик абакта, оор кырдаалда да антифашисттик ишмердигин жигердүү уланта алган, ар кыл этностордон, ар кыл диндерден, ар башка саясий партиялардан жана партиясы жоктордон куралган каармандардын өрнөгү жалпы эле нацисттик абактарда кармалган, ошондой эле, нацисттик Германияга таандык ишканаларда, дыйкан чарбаларында кул-күң сыяктуу көз каранды болуп иштеген согуш туткундарынын каршылык көрсөтүү кыймылдарына кошкон салымдарын калыс, бейтарап иликтөө зарылчылыгын эске салат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG