Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Кайтпай калган каркыралардын сапары


Бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленүүдө.

Турналар

Кээде мага, кайран аскер жигиттер
Кала берген, кан майдандан кайтпастан
Турна болуп кетишкендей туюлат,
Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө
Учат алар, бизди көрсө үн салып.
А болбосо, арман толгон көз менен
Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө
Каркыралар, туман жарып, асмандай,
Тизген сабын бузбай кетип баратат
Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,
Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.
Ал, ошондон каркыранын тилине
Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар
Чабытташат, күүгүм туман сапарда.
Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,
Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп
Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,
Желе тарткан куш тилинде көктөгү
Жерде калган атыңардан чакырып.

(Расул Гамзатов, "Журавли". Которгон Жыргалбек Касаболотов)

1941–45-жылы совет эли фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшкө чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 365 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.

Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы өтүүдө. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, былтыр бул жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышкан.

Саат 10до башталган “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң ата, чоң апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Байтик Баатыр/Абрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды.

"Азаттык" үналгысынын жамааты кыргызстандыктарды бүгүнкү Жеңиш күнү менен куттуктайт. Асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG