Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

80 жыл мурда СССР эгемен фин өлкөсүнө кол салган


Фин жоокерлери "Кышкы согуш" маалында коргонууда. 1939-40-жж.
Фин жоокерлери "Кышкы согуш" маалында коргонууда. 1939-40-жж.

Советтик тарых китептеринде 1939-жылы 30-ноябрда Кызыл армиянын жоокерлери Финляндияга басып киргени бурмаланып жазылып келген. Бул согуш –– Экинчи дүйнөлүк согуштун орчун барактарынан болуп калган. Тарыхчынын блогу.

Финляндиянын тарыхында “Кышкы согуш” аталган 1939-40-жылдын кыш айларындагы согушту биз, совет доорунда таалим алган тарыхчылар, Экинчи дүйнөлүк согушка эч кандай тиешеси болбогон согуш аракети катары үйрөнчүбүз.

Буржуазиялык баскынчы өкмөт бийлеген ак финдер СССРге түсүн үйүрүп, чек арадан аткылоого алып, анан аргасыздан Кызыл армия алардан эгемендикти сүйгөн кеңирсиген СССРдин мейкиндигин коргоп калуу үчүн согуш жүргүзгөн деп билчүбүз.

Советтик гезиттердин бири. 1939-ж.
Советтик гезиттердин бири. 1939-ж.

“Ай ушу, ак финдер, Скандинавиядагы кышкы чээнинде жөн эле жата беришпейби!” деп аларга аң таң калып да, кыжырданып да окучубуз. “Мына-мына, коммунисттик жаркын келечекти курсак, анан дүйнө жүзү, арасында ошол эле финдер дагы бизге суктанышат да!” деп жаштык баёолук менен аларды жекирчүбүз.

Азыр да "эски ырды" кайталагандар жок эмес.

Эми 80 жыл мурдагы азыркы Орусиянын түндүк-батышындагы алааматтуу согушту постсоветтик орусиялык жана башка өлкөлөрдөгү басылмалар калыс чагылдыра баштады.

Сергей Абашин, Олег Панфилов сыяктуу белдүү тарыхчы жана этнографтар совет-фин согушун тоталитардык сталиндик режимдин кылмыштуу окуясы катары баалап жатканы канааттандырат.

Бул тасмада Кызыл армиянын баскынчы аракеттерин жымсалдаган “Кабыл ал, бизди, сулуу Суоми!” деген үгүт ыры чагылдырылган.

(Шилтеме: https://www.facebook.com/100009492464413/videos/2266876943638699/ )

Кызыл армиянын эгемен Фин өлкөсүнө аттанган жоокерлери ушул ыр саптарды шашылыш жатташкан:

Мы приходим помочь вам расправиться,

Расплатиться с лихвой за позор.

Принимай нас, Суоми — красавица,

В ожерелье прозрачных озёр!

Шерменделиктен шарт куткарууга

Биз көмөккө келебиз Сизге,

Тунук көлдөрдөн мончок тагынган,

Суоми сулуу, кабыл ал, бизди!

(Мында “Суоми” –– Suomi (Suomen Tasavalta) –– финдердин эне тилиндеги Фин өлкөсүнүн аталышы).

Эс алуудагы колбашчы, айтылуу фин саясатчысы жана саякатчысы Карл Густав Эмил Маннергейм (Carl Gustaf Emil Mannerheim; 16.6.1867, Вилняс кыштагы, Финляндия – 28.1.1951, Лозанна, Швейцария; сөөгү Хельсинкидеги Хиэтаниеми көрүстөнүнө коюлган) бул согуш капысынан башталганда кайрадан Финляндиянын куралдуу күчтөрүн жетектеп калды. Орусия менен СССРдин куралдуу күчтөрү тууралуу андан мыкты билген колбашчы адис жок болчу.

Фин фелдмаршалы, барон Карл Густав Маннергейм. 1940.
Фин фелдмаршалы, барон Карл Густав Маннергейм. 1940.

Айтмакчы, Маннергейм өз өлкөсүнүн коммунисттик Советтер Биримдигинен коргонуусу үчүн 1920-30-жылдары Карел мойногунун фин тарабында бир нече жыл бою курдурган бекем жайлардын тилкеси тарыхта “Маннергейм тилкеси” деген ат менен калды.

Финляндиянын ичкерки эле аймагында жайгашкан бул тилке тууралуу СССРде бир беткей баа берилип, аны ал түгүл баскынчылыктын тирөөчү катары санашкан. Иш жүзүндө ал чакан мамлекеттин коргонуу стратегиясына баш ийдирилген ири аскердик курулуш системасы болчу (кенедей Финляндия кантип эле Советтер Биримдигин басып алуу планын иштеп чыкмак эле?)

“Кышкы согуш” аталган согуштун алгачкы баскычында Маннергейм аз сандагы колу менен саны көп советтик баскынчыларды кайра сыртка сүрүүгө жетишкен. Мына ушул баскыч, адатта, советтик тарых китептеринде эч чагылдырылбай келчү. Кантип эле чакан Финляндиянын Кызыл армияга каршы ийгиликтүү согуш аракеттерин советтик китептерде жазууга мүмкүн болсун!

Финдер колго түшкөн советтик үгүт материалдарын иликтөөдө. 1939-40-жж.
Финдер колго түшкөн советтик үгүт материалдарын иликтөөдө. 1939-40-жж.

Колбашчы Маннергейм “Кышкы согуш” маалындагы советтик жоокерлердин каармандыгына тан берген. Карды ач, кийими начар, ок-дарысы жетишсиз болсо да, советтик жоокерлер өздөрү билбеген климаттык жана географиялык шарттагы уруштарда өзгөчө каармандык көрсөтүшкөн.

Албетте, Маннергейм ошол кездеги Кызыл армиянын талантсыз, мажүрөө, жер шартын да биле албаган, жоокерлерди да ырастап багыттай албаган советтик аскер жетекчилигин ачык сынга алган.

(Кийинчерээк, Сталин өлгөн соң гана ачыкталган жагдайды айтсак: СССРде өтө таланттуу далай аскер башчылар 1930-жылдары сталиндик репрессияга учурап, атууга кетип же ГУЛАГда сүргүндө жүргөн кези болчу).

Эң башкысы - бар болгону 5 миллион калкы бар чакан өлкөнүн аскерлери өз Атажуртун коргоп, ыйык казатка чыгышты, ал эми Кызыл армия айдан-ачык баскынчылык согуш аракеттерин жүргүздү. Мында да моралдык утуш - эгеменчил финдер тарабында эле.

Ошол кезде Улуттар Лигасы эл аралык уюму эгемен Финляндияга каршы ушул алааматтуу согушту ачканы үчүн СССРдин бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотуп салганын айта кетели.

Эми СССРдин тарых китептерине кирбей келген жагдайды айта кетели: эгемен Финляндияга каршы 1939-жылы 30-ноябрда согуш ачууга ССРдин лидери Иосиф Сталинге мүмкүнчүлүк берген документ- бул 1938-жылы 23-августта СССРдин борбору Москва шаарында Сталин менен Гитлердин бийликтери түзгөн келишимдин жашыруун протоколу болгон.

Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 1939.
Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 1939.

Бул “Молотов–Риббентроп пакты” аталган келишимдин жашыруун протоколдоруна ылайык, Балтика боюндагы айрым өлкөлөр, Финляндия жана башка айрым аймактар СССРдин таасири астында калмак.

Бирок жөн жерден согуш ачуудан чочулап, СССРдин коопсуздук кызматтарынын (чекисттеринин) Финляндиядагы тыңчылары фин жергесинен туруп, советтик чек арачыларды аткылашкан.

Бул видео тасмада да ошол аткылоо жана андан кийинки 29-ноябрдагы СССРдин нааразылык нотасы тууралуу айтылат. Фин тарыхчысы Арто Лууканен 1939-жылы согушту СССР өзү баштагандыгы эми Орусияда да тастыкталгандыгын белгилейт.

Кеңирсиген СССРден, анын ичинде Борбордук Азиядан да улам жаңы аскер күчтөрү күргүштөп совет-фин согуш тилкесине жөнөтүлүп жатты. Кыргыздардан да “фин согушуна катышкам” деп эскерип калган согуш ардагерлери арбын.

Набыт болгон советтик жоокерлердин сөөктөрү. 1939-40-жж.
Набыт болгон советтик жоокерлердин сөөктөрү. 1939-40-жж.

Киши саны менен артыкчылык кылган Кызыл армия акыры улам жаңы фин аймагын басып ала баштады. “Кышкы согушта” утулган менен, Финляндия моралдык жактан жеңген. Урушта набыт болгон 1 фин жоокерине набыт болгон беш советтик жоокер туура келген. Ушул сандын өзү эле жоокерлердин башынын амандыгын эптеп жеңип алуу мүдөөсүнөн төмөн койгон советтик аскер башчылардын жана алардын Кремлдеги кожоюнунун ырайымсыздыгын ашкерелейт.

1940-жылы мартта СССР менен Финляндиянын ортосунда Маскөө тынчтык келишимине кол коюлуп, анын негизинде Финляндиянын аймагынын 11 пайыздайы баскынчы СССРге өткөн.

1939-жылы 17-сентябрда нацисттик Германиянын үзөңгүлөшү катары эгемен Польшага чыгыштан басып кирген Кызыл армия үчүн фин согушу деле баскынчыл болгондугун, СССР Экинчи дүйнөлүк согушка ошол 1939-жылы эле баскынчы катары толук кандуу киргендигин эми дүйнө тарыхында, анын ичинде Кыргызстандагы тарых китептеринде, ачык жазып келишет.

Албетте, Молотов-Риббентроп пактынын кол коюучусу болгон гитлердик Германия Финляндияны өзүнүн болочок СССРге каршы согушундагы болжолдуу үзөңгүлөшү катары караган. Бул согуштан улам, чынында да, Финляндия фашисттик Германиянын 1941-жылы июндагы СССРге каршы согуш ачуусун колдоого алууга аргасыз болгон. Гитлер капысынан СССРге кол салгандан көп узабай, кыйла жеринен айрылган Финляндия да 1941-жылы 25-июнда СССРге каршы согуш ачкан.

1940-жылы февралда фин аскерине колго түшкөн советтик жоокерлер.
1940-жылы февралда фин аскерине колго түшкөн советтик жоокерлер.

Бул согушту финдер өз тарыхнаамасында мурдагы “Кышкы согуштун” улантылышы катары карашат. Демек, алардын эгемен жергеси үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 30-ноябрында эле башталган.

Финдер үчүн сталиндик тоталитардык система жапайы түрмө болуп саналган. (Алардын тарыхый тектештери –– карелдер баштан кечирген оор тагдыр тууралуу бул макалада токтолуп отурбайбыз).

Бул "Финляндия" тасмасында расмий Кремлдин ("Молотовдун") жалган сөздөрү ашкереленген.

Жалпылап айтканда, мындан 80 жыл илгери, 1939-жылдын соңунда СССР таңуулаган согушта финдер өз Ата-Журтунун мамлекет катары көз каранды эместигин гана эмес, өлкөдөгү көп партиялуулукка, менчиктин ар түрдүүлүгүнө, либералдык экономикага негизделген демократиялык түзүлүштү да айыгыша коргошкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG