Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасы аяктаганын жарыялады


Каныбек Жолчубековдун 2019-жылдагы сүрөтү.
Каныбек Жолчубековдун 2019-жылдагы сүрөтү.

Балбан спорттук карьерасын жыйынтыктаганын 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Ал машыктыруучу курамга, дарыгерлерге, күйөрмандарга, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Балбан спорттук кийимин символикалык түрдө грек-рим күрөшү боюнча спортчу Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды.

Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку Дүйнө чемпиону, жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын вице-чемпиону. (GT)

XS
SM
MD
LG