Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:57

Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору ишке киришти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү.

Бул боюча Ысык-Көл облустук адиминистрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан ары шаардын аймагындагы коопсуздукту милициянын беш көчмө тобу көзөмөлдөмөкчү. Мындан тышкары 32 милиция кызматкери шаарды жөө кыдырып, тартипти жөнгө салып турат.

2020-жылы Каракол шаарында коомдук жайларда 154 учур кылмыш жана жоруктар катары каттоого алынган.

Буга чейин коомдук тартипти көзөмөлдөгөн мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында ишке киришкен эле. (BCh)

​
XS
SM
MD
LG