Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Орусияда активист Шевченко төрт жылга шарттуу кесилди


Анастасия Шевченко ортодо
Анастасия Шевченко ортодо

Орусиянын Ростов-на-Дону шаардык соту “Ачык Орусия” долбоорунун мурдагы координатору Анастасия Шевченкону төрт жылга шарттуу түрдө кести. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Бадамшин кабарлады. Шевченко бийликтин “кара тизмеге” киргизген уюм менен кызматташканы үчүн жоопко тартылган алгачкы адам болуп калды. Мамлекеттик айыптоо аны беш жылга кесүүнү суранган.

40 жаштагы активист Анастасия Шевченкого 2019-жылы иш козголуп, үй камагына алынган. Бул убакыт аралыгында учурда активисттин 17 жаштагы кызы оор илдет менен жабыркап, каза болуп калды.

Шевченко жана адвокаттары «Ачык Орусия» кыймылы менен гана кызматташканын айтып келишет. Бул уюм укуктук жактан абактан чыккан соң четке чыгып кеткен ишкер Михаил Ходорковскийдин Open Russia Civic Movement жана OR (Otkrytaya Rossia) уюмдары менен байланышы жок. Бул уюмдарды орус бийлиги “кара тизмеге” киргизген болчу.

Орусияда 2015-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бир нече уюмдун ишмердиги "дурус эмес" деп табылган, алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Андай уюмдардын катарында “Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд”, “Экономикалык жана укуктук өнүгүү боюнча америкалык-орусиялык фонд”, “Ачык коом институту”, ошондой эле Улуу Британияда катталган Михаил Ходорковский менен байланыштагы “Ачык Орусия” фонду бар.

“Мемориал” укук коргоо борбору “Ачык Орусиянын” активисти Анастасия Шевченкону "саясий туткун" деп тааныган. Укук коргоочулардын оюнча, Шевченко саясий көз карашы үчүн гана үй камагына алынган жана ага карата иштер жок жерден токулган.

XS
SM
MD
LG