Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Орусиядагы “Ачууланган энелердин маршында” ондой киши кармалды


Москвадагы акциянын катышуучуларын кармоо. 10-февраль, 2019-жыл.
Москвадагы акциянын катышуучуларын кармоо. 10-февраль, 2019-жыл.

10-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ярославль, Орел, Казан, Махачкала, Киров, Ростов-на-Дону шаарларында "Ачык Орусия" уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген жүрүштөр өттү. Москва менен Санкт-Петербургда бийлик акция өткөрүүгө уруксат берген эмес, ага карабай жүздөгөн киши чогулду.

Орусиянын борборундагы жүрүшкө кремлчил SERB уюмунун мүчөлөрү да келип, акциянын катышуучулары менен жакалаша кетишти. Жыйынтыгында “Тилектештик” уюмунун мүчөсү Михаил Кригер, акциянын катышуучусу Максим Пряхин жана SERB кыймылынын лидери Гоша Тарасевич кармалды.

​Санкт-Петербургда 150дөй адам чогулду. Алар полициянын тарап кетүү тууралуу талабына баш ийбегенден кийин кеминде жети киши кармалган.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы активист Анастасия Шевченко 23-январда камалып, бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган. Анын 17 жаштагы улуу кызы оор илдет менен жабыркап, балдар интернатында тарбияланып келе жаткан. 30-январда ал катуу ооруп, шашылыш оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Анастасия Шевченкого үй камагында болгондуктан ооруканага барып, кызынын жанында болууга дароо уруксат беришкен эмес. Активисттин кызы ага акыры уруксат берилгенден кийин бир канча сааттан соң каза болуп калган. Шевченконун дагы эки баласы бар.

Укук коргоочулар жана активисттер "бийликэне менен кыздын укугун бузду" деп айыптап жатышат.

Анастасия Шевченкого "дурус эмес уюм" менен кызматташкан деген айып тагылууда. Бул - 2015-жылы киргизилген "Орусиянын аймагында дурус эмес деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүү" беренеси менен козголгон биринчи иш.

Орусияда 15тей уюмдун имшердиги "дурус эмес" деп табылган, алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Андай уюмдардын катарында “Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд”, “Экономикалык жана укуктук өнүгүү боюнча америкалык-орусиялык фонд”, “Ачык коом институту”, ошондой эле Улуу Британияда катталган, Михаил Ходорковский менен байланыштагы “Ачык Орусия” фонду бар.

“Мемориал” укук коргоо борбору “Ачык Орусиянын” активисти Анастасия Шевченкону "саясий туткун" деп тааныды.

XS
SM
MD
LG