Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Орусия: "Ачуусу келген энелердин жүрүшү"


10-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ярославль, Орел, Казан, Махачкала, Киров, Ростов-на-Дону шаарларында "Ачык Орусия" уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген акциялар өттү жана ал “Ачуусу келген энелердин жүрүшү” деп аталды.

Москва менен Санкт-Петербургда бийлик акция өткөрүүгө уруксат берген эмес, ага карбай жүздөгөн киши чогулду.

Орусиянын борборундагы жүрүшкө укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча 400дөй адам чогулду. Ал жерге кремлчил SERB уюмунун мүчөлөрү да келип, акциянын катышуучулары менен жакалаша кетишти.

Жыйынтыгында “Тилектештик” уюмунун мүчөсү Михаил Кригер, акциянын катышуучусу Максим Пряхин жана SERB кыймылынын лидери Гоша Тарасевич кармалды. Санкт-Петербургда 150дөй адам чогулду. Алар полициянын тарап кетүү талабына баш ийбегенден кийин кеминде жети киши кармалган.

Бул күнкү акцияда саясий туткундарды бошотуу талаптары да айтылды.

- Кызы реанимацияда өлгөнү жатса, адамды анын көз карашы үчүн кармап, үй камагына отургузууну жырткычтык деп да айта албайсың, анткени мындайды айбанат да кылбайт. Ошондуктан бул нерсеге оюмду билдирүүнү милдетим деп эсептейм, - деди акцияга катышкан аялдардын бири.

Орусиянын Ростова-на-Дону шаарындагы 38 жаштагы активист Анастасия Шевченко 23-январда камалып, камак чарасы катары үй камагы тандалган. Анын 17 жаштагы улуу кызы оор илдет менен жабыркап, балдар интернатында тарбияланып келе жаткан. 30-январда ал катуу ооруп, шашылыш оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Анастасия Шевченкого үй камагында болгондуктан ооруканага барып, кызынын жанында болууга дароо уруксат беришкен эмес. Активисттин кызы ага акыры уруксат берилгенден кийин бир канча сааттан соң каза болуп калган. Шевченконун дагы эки баласы бар.

Укук коргоочулар жана активисттер бийликти эне менен кыздын укугун бузду деп күнөөлөп жатышат.

- Кыз энеси керектүү дарыны жана азыкты алып келгенге жетишпей калганы үчүн бул дүйнө менен кош айтышты. Мына, биздин система көп балалуу жалгыз бой энелер жана балдар менен күрөшкөн заманга жетип калды. Саясий көз карашын айтып коюу ушунчалык кылмышка айланып, ал үчүн балдары да курмандыкка чалынып жатат. Бул чыдоого мүмкүн болбогон акмакчылык. Ошон үчүн эл "жетишет, токтот" деп айталы деп жатат, - деди “Ачуусу келген энелердин жүрүшү” акциясынын уюштуруучусу, Москванын Тимирязев райондук кеңешинин депутаты Юлия Галямина.

Юлия Галямина Москвадагы акциялардын биринде.
Юлия Галямина Москвадагы акциялардын биринде.

Анастасия Шевченкого "дурус эмес уюм" менен кызматташкан деген айып тагылууда. Бул - 2015-жылы киргизилген "Орусиянын аймагында дурус эмес деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүү" беренеси менен козголгон биринчи иш.

Орусияда 15тей уюмдун имшердиги "дурус эмес" деп табылган, алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Андай уюмдардын катарында “Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд”, “Экономикалык жана укуктук өнүгүү боюнча америкалык-орусиялык фонд”, “Ачык коом институту”, ошондой эле Улуу Британияда катталган, Михаил Ходорковский менен байланыштагы “Ачык Орусия” фонду бар.

“Мемориал” укук коргоо борбору “Ачык Орусиянын” активисти Анастасия Шевченкону "саясий туткун" деп тааныды. Укук коргоочулардын оюнча, Шевченко саясий көз карашы үчүн гана үй камагына алынган жана ага карата иштер жок жерден токулган. "Amnesty International" уюму да Шевченкону “абийир туткуну” деп тапты жана орус бийлигин аны тезинен бошотууга чакырууда. Ушундай эле билдирүүнү "Human Rights Watch" укук коргоо уюму да жасады. Алар активисттин үй камакка алынып, тергөө башталышын жарандардын уюм жана биримдик түзүү эркиндигин “одоно бузуу” деп белгилеген.

Анастасия Шевченко.
Анастасия Шевченко.

Тартип коргоо органдары активист өз аракети менен “конституциялык түзүлүшкө” жана “мамлекеттин коопсуздугуна” коркунуч келтирген деп санашууда.

Тергөөөнүн маалыматында эки жолку административдик иштен кийин да “дурус эмес” уюм менен кызматташуудагы жарандык активдүүлүгүн токтотпой, “Ачык Орусия” уюмунун сентябрдагы жыйынында нааразылыкка чыккан топторго юридикалык жардам берүүгө чакырып, сөз сүйлөгөн. Ал эми эки айдан кийинки митингде ал "Надоел" деген ат менен белгилүү антипутиндик топтун символикасын көтөрүп жүргөн.

Шевченкодон тышкары, дагы бир эне жана саясий активист Лия Милушкина үй камагына алынган. 21-январда “Ачык Орусия” уюмунун Казандагы активисти Эльза Нисанбекованын үйүндө укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG